Президент Садыр Жапаров бүгүн 18-февралда Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, парламенттеги жыйындарга “Министрлер кабинетинин төрагасы өзү келсин, министр өзү келсин деген талапты койбосоңуздар” деп суранды. Социалдык түйүндөрдөгү баракчалары аркылуу жарыялаган кайрылуусунда мамлекет башчысы “Министрлерди зарыл иштер менен чакырсам эле “Жогорку Кеңеште жүрөбүз, министр өзү келсин дептир” деген жоопторду угам. Бир күнү кечке жүрүп же жарытылуу маселе чечилбейт” деп айтты. Министрге караганда... Читать дальше...
Орусиядагы эмгек мигранттары соңку жумада полициянын текшерүүлөрү күч алганын айтышууда. Укук коргоочулар мигранттарга кысым күчөгөнүн баса белгилешет. Ал арада Кремл миграциялык мыйзамдарды дагы катаалдаштыруунун жолун издөөдө. Истрадагы окуя 9-февралга караган түнү Тажикстандын төрт жараны Москва облусунун Истра шаарындагы "Пятерочка" дүкөнүнө кол салып, 51 жаштагы сатуучуну өлтүрө сабап, кассадан 95 миң рубль уурдап кетишкени кабарланган. Полиция дароо шектүүлөрдү кармап, шаршембиде облустук... Читать дальше...
Журналист Семетей Талас уулу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды таратуу” деген беренесинин негизинде козгогон кылмыш иши алкагында суракка чакырылганын мекеменин басма сөз кызматы 18-февралда билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, “Учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат”. Семетей Талас уулу бүгүн атайын кызматта эки сааттай суракта болду. Сурактан чыккандан кийин ал “чоң иликтөө жүрүп жаткан иш боюнча күбө катары чакырылганын" айтты. Читать дальше...
Жалал-Абад шаарында 2010-жылдагы Июнь коогалаңынын уюштуруучуларынын бир катары соттолгон Кадыржан Батыровго таандык болгон 37 миллион 480 миң сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды. Башкы прокуратуранын 17-февралдагы маалыматына караганда, 15 сотка аянты бар спорт залын мамлекеттин карамагына өткөрүү тууралуу доо арыз толук канааттандырылды. Мекеме билдиргендей, 2013-жылы Сузак райондук сотунун токтому менен “Эл достугу” университетинин 36 соткалык жери бар окуу корпусу мамлекетке чегерилген, бирок... Читать дальше...
Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Арык айылында бүгүн 18-февралда активист Мирлан Ураимовду колдогон акция өтүп жатат. Акциянын уюштуруучуларынын айтымында, чогулгандардын саны 500дөй адам. Милиция жана расмий бийлик өкүлдөрү акциянын катышуучуларынын санын айта элек. Митингге чыккандар активистти бошотууну талап кылып, ага жана Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго колдоосун билдирип жатышат. Партиянын мүчөсү Мирлан Ураимов “бийликти күч менен... Читать дальше...
Украинанын Коргоо министрлиги 17-февраль түн жарымдан баштап Донбасс аймагында атышуулар күчөгөнүн маалымдады. Мекеменин жетекчиси Алексей Резников муну Минск макулдашууларын аткарууну талкуулаган БУУнун Коопсуздук кеңешинин бейшембидеги отуруму менен байланыштырды. Министр жикчилдер Орусиянын колдоосу менен жанданып башташканын, бул Москванын Украинага басымын улантуу экенин маалымдады. Украинанын бийлиги Луганск жана Донецк облустарынын аймактарында жикчилдер тараптан 70тен ашуун ок атуу учуру катталганын тактады. Читать дальше...
Англиялык Самуэл Жорж кыргыз маданиятына кызыгып, мындан эки жыл мурда Кыргызстанга келген. Ал учурда борбордогу Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинде дастанчылык өнөрү боюнча билим алып жатат. Эки жылда беш улуттук аспапта ойноону үйрөнүп, дастан айткан өнөрпоз келечекте Борбор Азия маданиятын дүйнөгө жайылтууну кыялданат.
19-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Түштүк-чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 3…8; Талас жергесинде түнкүсүн -4...-9, күндүз 3…8; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 1…6; Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -2…+3; Бийик тоолордо түнкүсүн -24…-29... Читать дальше...
Журналист Семетей Талас уулу бүгүн 18-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) эки сааттай сурак берип чыкты. Сурактан чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал кайсы иш боюнча чакырылганын азырынча так айта албай турганын билдирип, “Суракка буга чейин “Фейсбук” аркылуу бийликке болгон пикириңизди түз айтып келгениңиз үчүн чакырылган жоксузбу?” деген суроого: “Башында мен да ошондой деп ойлогом. Бирок андай эмес экен. Эч кандай саясий буюртма жок деп ойлойм. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдында ушу тапта 20 чакты активист, журналист чогулуп турат. Алар журналист Семетей Талас уулу кармалганына байланыштуу атайын кызмат алдында акция өткөрүүнү пландашкан. Семетей Талас уулу УКМКдан алар чогула баштаганда чыгып, “чоң иликтөө жүрүп жаткан иш боюнча күбө катары” чакырылганын, суракта эки сааттай болуп чыкканын айтып берди. Кесиптештеринин сурак анын “Фейсбуктагы” бийликти сындап жазып жүргөндөрүнө байланышы бар же жогу тууралуу... Читать дальше...
Тоолуу Бадахшанда тажик бийлиги жергиликтүү элден “каршылык акцияларына катышпоо тууралуу” тилкат алып жатканы кабарланды. Андай тилкаттын биринин көчүрмөсү интернетке тарады. Бул арада аскердик күчтөр Хорогдо памирликтердин лидерлерин кармоо боюнча атайын операцияга даярданып жатканы айтылууда. Бул жакта көптөн бери тирешкен бийлик кырдаалдын чыңалып жатканы тууралуу кабарды төгүндөгөн да, ошол эле кезде ырастаган да эмес. Ири операцияга даярдык Былтыр күз айында 25-ноябрдагы каршылык акцияларынан бери ажырым күчөп... Читать дальше...
Кыргызстандын негизги мамлекеттик телерадиоканалынын макамын, башкаруусун жана курамын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, парламенттин кароосуна жөнөтүлдү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги иштеп чыккан долбоорду жактыруу тууралуу токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 4-февралда кол койгону белгилүү болду. Мыйзам долбоору "телеканалды башкаруу маселелерин жөнгө салууга жана маалымат мейкиндигин өнүктүрүү үчүн шарт түзүүгө, улуттук телерадиону жакшыртууга багытталганы" белгиленди. Читать дальше...
Бишкек мэриясы №6 көп тармактуу оорукананын экинчи корпусунда жайгашкан “Алмазбек Исманкуловдун Көздүн микрохирургиясы” жеке клиникасы менен түзүлгөн ижара келишимин жокко чыгарды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматты айтылгандай, 17-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев №6 ооруканага барып, даярдык иштери менен таанышты. Анда министр “Көздүн микрохирургиясы” клиникасын ижарага алып келген корпус коронавирус инфекциясы менен ооруган... Читать дальше...
Журналист Семетей Талас уулун күч органдары кармап кеткени кабарланууда. Бул маалыматты журналисттин аялы "Азаттыкка" тастыктады. Ал күйөөсүн кармап кеткен себебин билбей турганын жана үйүн тинтип, айрым буюмдарды, диний китептерди алып кетишкенин кошумчалады. Жубайы журналистти кармап кеткен учурда үйдө өзү жок болгонун, апасы болгонун айтты. Досу Төрөбек Жунус Семетей Талас уулу эч бир шектүү диний уюмга тиешеси болбогонун, аны үйүнө келип алып кеткенин түшүнбөй жатканын билдирди. "Семетей мыйзамды сыйлаган... Читать дальше...
Башкы прокуратура Өзгөн районунда электр тармактары ишканасынын кызматкери пара алууга шек саналып кармалганын билдирди. Аталган мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айылынын Н.С. аттуу тургуну райондун прокуратурасына арыз менен кайрылган. Ал райондук электр тармактары ишканасынын (РЭС) кызматкерлери электр энергиясын пайдалануу эрежесин бузганы үчүн негизсиз акт түзүп, укук бузуу боюнча жазадан бошотуу үчүн пара талап кылып жатканын билдирген. Читать дальше...
"Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашыруу планын жарыялады. Мамлекеттик компанияга чет өлкөлөрдө билим алып, иштеп жүргөн жаш кадрлар, менежерлер тартылганы айтылды, бирок алардын аты-жөнү ачыкка чыга элек. Холдингдин дымактуу демилгелери тууралуу эксперттердин пикири бир кылка эмес. Президент Садыр Жапаров “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине байланыштуу 16-февралда кеңешме өткөргөн. Читать дальше...
2021-жылда чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстанга 2,7 млрд. доллардан ашуун каражат которгон. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 16% көп. Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына караганда, өткөн жылдын октябрь айында чет жакта жүргөн мекендештер которгон каражаттын суммасы 239,3 млн. долларды түздү. Улуттук банктын маалыматына караганда, акча которуулардын 97% Орусияга туура келет. Башка өлкөлөрдөн 12,5 миллион, АКШдан 43,2 миллион доллар которулган. Ошол эле учурда 2021-жылы 562,8 млн. Читать дальше...
Соңку бир суткада (18-февралга карата) Кыргызстанда коронавирус 41 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 20 киши. Чүй облусу – 14 Ысык-Көл облусу – 5 Талас облусу - 1 Жалал-Абад облусу – 1 Калган аймактарда вирусту жуктуруп алгандар катталган жок. Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы эки бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 200 миңден ашты, 2939 адам каза болуп, 193 миңден көп киши сакайып чыкты. 3-февралда... Читать дальше...