Орусия француз президенти Эммануэл Макрон Кремлдин COVID-19га тест тапшыруу эрежесине баш ийбегендиктен Владимир Путин менен сүйлөшүүдө узун үстөлгө отургузулганын билдирди. Макрон 7-февралда орус-украин чек арасындагы чыңалууну басаңдатуу аракеттеринин алкагында Москвага барган. Лидерлердин бири-биринен алыс отурганы социалдык тармактарда мыскыл, атүгүл шылдыңдаган сүрөттөрдүн пайда болушуна жем таштаган. Көп узабай эле Путиндин казак мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен чакан үстөлдө отурганы бир топ суроолорду жаратты. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров өлкөнүн күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, коопсуздук жана коргонуу, анын ичинде мамлекеттик чек ара коопсуздугун камсыздоо маселелерин талкуулады. Бул тууралуу президеттин басма сөз кызматы билдирди. Жыйын 11-февралда өтүп, күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери баяндама жасады. Президент кызматтык даярдыкты жогорулатуу жана координациялоону чыңдоо боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди деп айтылат расмий маалыматта. Читать дальше...
“Азаттык” радиосу Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата “Эрктүү элдин эгемендиги” аттуу китеп чыгарды. Ага 2002-жылдан бери “Азаттыктын” интернет сайтына жарыяланган маанилүү макала, маектер, талкуулар менен иликтөөлөр жана башка материалдар топтолду. Китепти “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева менен "Азаттык" үналгысынын мурдагы директору, Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис, окумуштуу Тынчтыкбек Чоротегин түзгөн. Читать дальше...
Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу үчүн үч өлкөнүн тиешелүү кызматтары тыгыз байланышта экенин билдирди. Бул тууралуу элчи Ду Дэвэн “Кабар” улуттук маалымат агентигине курган маегинде айтты. Ал Бээжиндеги кыргыз-кытай мамлекет башчыларынын жолугушуусунда темир жол негизги суроолордун бири болгонун белгиледи. “Кыргызстанда бул маселеге көбүрөөк көңүл бурулууда. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча кытай тараптын позициясы... Читать дальше...
"Талибан" Ооганстандын түндүгүндө мечиттин жанында бомба жарылып, бери дегенде бир киши мерт кеткенин, 8 киши жарадар болгонун билдирди. Окуя болгон Бадгис провинциясынын өкүлү Баз Мохаммед бомбаны жан кечти жардырганбы же алыстан башкарылган жабдык жардырылганбы белгисиз деп "Азади" радиосуна айтып берди. Анын айтымында, кол салуу эл жума намазына чогулуп жаткан учурда болгон. Жардыруу үчүн эч ким жоопкерчиликти ала элек. "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун жергиликтүү канаты буга чейин ушул өңдүү кол салууларды ишке ашырып келген. Читать дальше...
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев эл арасында өкмөт алмашары тууралуу кеп-сөздөр жүрүп жатканын айтып, “Акылбек Жапаров жетектеген Министрлер кабинети узак мөөнөткө иштээрин” билдирди. Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев 2 млн. доллар алдамчылыкка шектелип кармалды. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Европа эң кооптуу кырдаалга туш келгенин эскертти. Орусия 100 миңден ашуун жоокерин аскер техникасы менен Украинага жакын жайгаштырып, Беларуста ири машыгуу өткөрдү.
Ички иштер министрлиги абакта жаткан телефон шылуундардын кылтагына жөнөкөй жарандардан тартып, мамлекеттик кызматкерлер дагы илинерин кабарлайт. Милиция камакта отуруп мамлекеттик кызматкерди алдап, 15 миң сом жана курал-жаракты огу менен алдыргандар аныкталганын билдирди. Мамлекеттик кызматкер акча менен куралды такси аркылуу салып жиберген. Шылуундар жогорку мамлекеттик кызматтагы адамдардын өкүлү катары ага кызматын жогорулатууну убада кылган. Ички иштер министрлиги телефон шылуундар негизинен жогорку кызматтагы адамдардын жардамчысы... Читать дальше...
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” тоо окуу борборунда Коргоо министрлигинин кошуундарынын жана аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери тоо даярдыгы боюнча окуу-машыгуу өтүп жатат. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады. Министрлик окуу-машыгуунун максаты аскерлердин дене тарбиялык даярдыгын жана эрктүүлүгүн жогорулатуу, тоо шартында тоскоолдуктарды жеңүүдөгү жөндөмдү бекемдөө экенин билдирди. Учурда жоокерлер тоодогу муз жана карда жүрүүнү, жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү сыяктуу машыгууларды окуп жатышат. Читать дальше...
Январь айында Ош шаарында өз жанын кыйган Кыргызстандын грэпплинг боюнча чемпиону Манас Эркул уулу 2019-жылдан бери киши өлтүрүүгө шектүү катары издөөдө жүргөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, ал 2019-жылдын 23-октябрында “Манас” аэропортунун автоунаа токтотуучу жайында машинесинен сөөгү табылган Хусан Керимовдун өлүмүнө байланыштуу издөөгө алынган. Тергөөдө Хусан Керимов жүргүнчүлөрдү ташуудан сырткары, акча да ташып иштегени белгилүү болгон. Читать дальше...
Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда президенттик аппаратты жетектеген Фарид Ниязовдун абактагы мөөнөтү эки айга узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын Ниязовдун жактоочусу Замир Жоошев “Азаттык” радиосуна кабарлады. “Бүгүн Октябрь окуяларын боюнча соттук отурумду териштирүүнүн мөөнөтү эки айга узартылды. Негизи соттук териштирүү бүгүнкү күнгө чейин баштала элек. Фарид Ниязовду бөгөт чарасы дагы эки айга узартылды. Тактап айтканда, 18-апрелге чейин узартылды”, - деди Жоошев. Читать дальше...
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы 11-февралда кыргыз-тажик чек ара аймагында жүргүзүлүп жаткан жумуштар убактылуу токтотулганын маалымдады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. "Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат жерлигинде кыргыз тарап чарбалык жумуштарын жүргүзүп башташкан. Максат айылынын жанында иш жүрүп жаткан учурда Тажикстандын 15-20 жараны чогулуп, чарбалык иштерди токтотууну талап кылышкан. Мындан тышкары Тажикстандын... Читать дальше...
Акыйкатчы аппараты Бишкектеги №1 тергөө абагында төрт айлык ымыркайы менен жаткан аялдын апелляциялык арызын кароону тездетүүнү Бишкек шаардык сотунан суранды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Омбудсмен институту кабарлагандай, тергөө абагында жаткан аял Орусиянын жараны, ал 11-сентябрда төрөгөн жана башка соттолгон аялдар менен чогуу жатат. Ал аял Жазык кодексинин 267-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) боюнча беш жылга кесилген. Читать дальше...
АКШнын президенти Жо Байден Украинадагы кырдаал тез өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертип, ал жактагы америкалыктарды шашылыш чыгып кетүүгө чакырды. Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Орусия Украинага жакын аймакка аскерлерди тартууну улантып жатканын билдирди. Дүйнө лидерлери кырдаалды дипломатиялык жол менен чечүүнүн аракетин көрүп жатат. Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Украинадагы америкалыктарды тезинен өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды. Ал бул тууралуу 10-февралда NBC News каналына курган маегинде билдирди. Читать дальше...
Анжиян облусунун Шахрихан районундагы ооруканада 11-февралда газ жарылып кеминде бир адам каза тапты. Окуя Каракөрпө айылындагы жеке менчик медициналык пунктта болгон. Күбөлөрдүн “Азаттыктын” өзбек кызматына билдиришинче, үч кабаттуу “Зитерия” деп аталган диагностикалык жана дарылоо бейтапканасынын биринчи кабатында газ жарылып, имараттын дубалдары урап түшкөн. Жарылуунун үнү бир канча чакырым алыска чейин угулган. Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарылуу газдан улам болгонун билдирди. Читать дальше...
Бишкектин Свердлов райондук сотунун 11-февралдагы чечими менен Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбековго козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады. Соттун маалыматы боюнча, депутаттын адвокаты Таштанбековду жазык жоопкерчилигине тартуу ишинин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ишти токтотууну өтүнүп, сот аны канааттандырган. Акбөкөн Таштанбеков Жазык кодексинин “Улут жана аймак аралык кастыкты козутуу” беренеси менен айыпталып, былтыр... Читать дальше...
Саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев Кыргызстандагы демократия жана сөз эркиндигин абалы тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
Лондондогу The Economist Intelligence Unit (EIU) уюмунун демократия тууралуу дүйнөлүк рейтингинде Кыргызстан соңку бир жылда сегиз орунга артка кетти. Ошондой эле “гибрид режим” деген макамдан ажырап, “авторитардык” режими бар өлкөлөрдүн катарына кошулду. Уюм мындай көрсөткүчтөрдү өлкө президенттик башкарууга өткөнү, мамлекет башчынын ыйгарым укуктары жана таасири кеңейгени менен негиздеген. Кыргыз бийлик өкүлдөрү эл аралык уюмдун мындай баасы менен макул эмес жана "өлкө демократиялык өнүгүүдөн чегинди" деген дооматты четке какты. Читать дальше...
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев №6 Бишкек шаардык ооруканасынын экинчи корпусунда жайгашкан Алмаз Исманкуловдун менчик медициналык борбору чыгарылып, коронавирусту дарылоочу аймак болоорун билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Бейшеналиев НТС телеканалына берген маегинде аталган медициналык борборго имаратты бошотууга бир күн убакыт берилерин билдирген. "1998-жылы ижарага алган экен. Исманкулов андан кийин ижараны узартканы боюнча мэрия менен соттошсун. Читать дальше...
АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусия Украина менен чек арасына аскерлерин топтоону улантып жатканын, чабуулду кайсы учурда болбосун, балким Бээжин Олимпиадасы маалында коюшу мүмкүн экенин айтты. Башкы дипломаттын айтымында, Вашингтон Киевдеги элчиликте иштеген кызматкерлерди кыскартууну улантууда. Блинкен 11-февралда Мелбурн шаарында өткөн басма сөз жыйынында Мамлекеттик департаменттин америкалык жарандарды Украинадан чыгып кетүү чакырыгын кайталады. Украина менен чек арага 100 миңден... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров өзү жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүнүн айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу комментарий берди. Саясатчы өзүнө жана партиянын мүчөсү Мирлан Ураимовго тагылып жаткан айыптар негизсиз экенин айтып, аларды жалган жалаа деп баалады. Бийликти жарандарга бирдей мамиле кылууга чакырды. “Эгерде блогерлердин оозун тыябыз десеңер “оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып аткан” азаматтарга эмнеге көңүл бурбайсыңар? “Керек болсо кээ бир инсандардын башын жарып кетиш керек... Читать дальше...
Канада - АКШ чек арасында коронавирус чектөөлөрүнө каршы болгон жүк ташуучу машинелердин айдоочуларынын нааразылык акциясы күчөдү. Бир нече күндөн бери алар чек арадан өтүү үчүн COVID-19 илдетине каршы эмделген деген документтин талап кылынышына, башка бир катар чектөөлөргө каршы чыгышууда. Айдоочулар кан жолдорду тосмолоп жаткандыктан эки өлкөдө тең машине чыгаруучу компаниялар заводдорду жаап же өндүрүштү кыскартууга аргасыз болууда. Канаданын Виндзор шаарын америкалык Детройт менен туташтырган Амбассадор көпүрөсү буулуп турат. Читать дальше...
Жогорку соттун судьялары Нургүл Бакирова, Нурлан Мусаев жана Айбек Давлетов беш жылга Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди. Жапаровдун башка жарлыгы менен Качыке Эсенканов өз каалоосу менен Жогорку соттун төрагасынын орун басары кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Жогорку соттун мурдагы төрайымы Нургүл Бакирова 2-февралда өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Анын ордуна президент... Читать дальше...
“Кумтөр иши” боюнча айыпталып жаткан мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, сот тарабынан 260 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Мындай чечим 4-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кабыл алынганы белгилүү болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 10-январда “Кумтөр иши” боюнча кармалган мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жашаган жеринен кетпөө тил каты менен кое берилген. 2021-жылдын... Читать дальше...
“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 12-13-15-февраль күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. 12-январда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз -1…+4; Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз -2…+3; Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 2…7; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты 2 млн. АКШ доллар өлчөмүндө алдамчылыкка шек саналып кармалганын маалымдады. УКМК шектүүнүн инициалын А.А. деп берген. Бишкектин Биринчи май райондук соту ал Алиярбек Абжалиев экенин тастыктады. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүүгө каршы ишкер арыз жазган. “Текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, алынган материалдар бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин... Читать дальше...