Мы в Telegram
Добавить новость

День экологического образования пройдет на ВДНХ

«Спартак» не проигрывает на протяжении семи матчей

Развожаев раскритиковал шоу на «Пятнице», где Севастополь называли «дырой»

В московском монастыре пропало 26 млн рублей: в краже подозревается главбух

World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Сентябрь
2021

Новости за 20.09.2021

Azattyk.org 

АКШ эмделген чет өлкөлүктөргө чектөөлөрдү жеңилдетет

АКШ президенти Жо Байден чет өлкөлүктөрдүн өлкөгө киришин чектеген эрежелерди ноябрь айында жеңилдетет. Коронавируска каршы толук эмделген чет өлкөлүктөргө Кошмо Штаттардын аймагына кирүүгө уруксат берилет. Ак үйдүн коронавирус боюнча координатору Жефф Зиентс 20-сентябрда билдиргендей, АКШга бара турган чет элдиктер учакка отурар алдында эмделгени тууралуу документти жана вирустун жок экени тууралуу тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү зарыл. Зиентс толук эмделген жүргүнчүлөр обочолонбой турганын кошумчалады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Садыр Жапаров Орусияга Пермдеги окуяга байланыштуу боюнча көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров 20-сентябрда Пермь мамлекеттик университетинде адам өлүмүнө алып келген куралдуу кол салууга байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге жана орус элине көңүл айтты. 20-сентябрда күндүзгү саат 11:00 чамаларында белгисиз адам университетке кирип барып, туш келди ок чыгарган. Тергөө комитети бул окуядан алты киши каза болгонун билдирди. 12 миңдей студент билим алган жогорку окуу жайда сабактар бул күнү токтотулду. Бул соңку төрт айдан бери Орусиянын билим берүүчү жайларында катталган экинчи ушундай окуя. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кой-Таш окуясы: Атамбаевдин соту создугууда

Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесс 27-сентябрга жылды. Апрель айынан бери токтоп турган сот иши ар кандай себептер менен улам артка жылдырылып келет. Ал аралыкта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дагы эки кылмыш иши козголду. Бул иш боюнча айыпталган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов жана саясатчы Равшан Жээнбеков камакта жатат. Сот отуруму 20-сентябрда уланмак. Бирок айыпталуучулар, жабырлануучулар жана адвокаттар толук келбегендиктен иш 27-сентябрга жылдырылды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Чек аранын жабыктыгы студенттерди арабөк абалда калтырды

"Азаттыктын" тажик кызматы Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алган 100дөн ашуун тажикстандык студенттерге Бишкекке келүүгө уруксат берилбей жатканын жазып чыкты. Расмий Бишкек бул маселеге байланыштуу атайын долбоор иштелип жатканын айтууда. Быйыл апрелдин аягы, майдын башында Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу толук жапкан болчу. Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлигиндеги булак "Азаттыктын" тажик кызматына... Читать дальше...

Azattyk.org 

Экс-депутат "500 миң долларлык иш" боюнча кармалды

Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы "Кыргызалтын" ишканасынын аккредитациясын токтотту. Экс-депутат Кубанычбек Нурматов алдамчылыкка шектелип кармалды. Орусиянын Пермь мамлекеттик университетиндеги атышууда алты киши каза болду.

Azattyk.org 

Пермь: университеттеги куралдуу кол салуу

Орусиядагы Пермь мамлектетик университетинде белгисиз адам ок чыгарып, бир нече адам каза болгону кабарланды. Жараат алгандар дагы бар.  Пермь мамлекеттик университетине белгисиз адам 20-сентябрда эртең менен кирип, туш келди ок аткан. Орусиянын Тергөө комитети окуу жайдагы окуядан сегиз адамдын мерт болуп, бир нече адам жараат алганын кабарлады. Бирок кийинчерээк алты адамдын ажал тапканы белгилүү болду. Ал эми Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк кылмышка шектүү кармалганын жарыялаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Билим берүү министрлиги тажик студенттери тууралуу маалымат берди

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда окуп жаткан, окууга тапшырган жана мугалим болуп иштеген Тажикстандын жарандарына байланыштуу Министрлер кабинетинин буйругунун долбоору иштелип чыкканын кабарлады. Ал тажик жарандарына Кыргызстандын аймагынан чыгууга жана өлкө ичинде жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тартип этникалык кыргыздарга да тиешелүү. Ушул тапта буйруктун долбоору тийиштүү мамлекеттик органдардан макулдашуудан өтүп жатканы белгилүү болду. Министрлик Тажикстанга бул тууралуу маалымат берилгенин кошумчалады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Алматыдагы атышууда беш киши каза болду

Казакстандын Алматы шаарында болгон атышууда беш киши  каза болгонун полиция департаменти билдирди. Окуя эки полиция кызматкери, сот аткаруучу жана эки жаран соттун чечими менен үйүн  алдырып жиберген адамдын үйүнө келгенде болгон. 54 жаштагы жаран аны үй-бүлөсү менен жашаган жеринен мажбурлап чыгарууга келгендерге ок аткан. «Кылмышка шектүү кармалып, кырдаал көзөмөлдө»,-деп билдирди полиция. Башка жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Казакстанда насыясын төлөй албай калып, сотто утулуп калгандарды... Читать дальше...

Azattyk.org 

Украинада коронавирустан улам өзгөчө абал режими узартылды

Украина өкмөтү коронавирус менен күрөш уланып жатканына байланыштуу өзгөчө абал режимин жыл соңуна чейин узартты. 20-сентябрда өкмөт билдиргендей, ушул аптада эпидемиянын «сары» деңгээли жарыяланат. Ага ылайык, коомдук жайларда топтологон адамдардын санына чектөө киргизилет, жарандар беткап кийип жүрүүгө жана бардык санитардык чараларды сактоого милдеттендирилет. Соңку жумада Украинада коронавируска чалдыккандардын саны 68%, ал эми ооруканага түшкөндөрдүн саны 51% көбөйгөн. Пандемия башталгандан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Басызбек Баратов АКШ мушкери Жозеп Ридди жеңди

Кыргызстандык мушкер Басызбек Баратов АКШнын Пенсильвания штатынын Питтсбург шаарында өткөн профессионалдык бокс мелдешинде америкалык Жозеп Ридди жеңип алды. Баратовдун "Азаттыкка" маалымдаганына караганда, беттеш 18-сентябрда өткөн. Төрт раундга созулган таймаштын жыйынтыгында калыстар кыргыз боксчусуна жеңишти ыйгарышкан.    Баратов ушуну менен профессионалдык бокста бешинчи жолу жеңишке жетип жатат. Буга чейин ал жети беттеш өткөрүп, бир жолу утулуп, эки ирет тең чыккан. Басызбек Баратов 29 жашта... Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК Абдраимовдун мыйзамсыз баюу иши боюнча маалымат берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өкмөттүн Чүй облусундагы мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү, саясатчы Туйгунаалы Абдраимов мыйзамсыз байыганы тууралуу фактылар аныкталганын билдирди. Мекеме тараткан маалыматта Абдраимов жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп турганда кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, Бишкек жана Чүй облусунун аймагында өзүнүн расмий кирешесинен бир нече эсе жогору турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алганы айтылат. Бир катар коммерциялык банктарга... Читать дальше...




Azattyk.org 

Pfizer өз вакцинасы балдар үчүн коопсуз экенин билдирди

Pfizer жана BioNTech компаниялары 5-11 жаштагы балдарга коронавируска каршы вакцина саюуга тиешелүү мекемелерден тез арада уруксат алууну көздөп жатканын билдиришти. Алардын маалыматына караганда, клиникалык сыноолор вакцина «коопсуз экенин жана аны  балдар жакшы көтөрөрүн» көрсөткөн. Компаниялар 20-сентябрда тараткан билдирүүдө вакцина чоң адамдарга караганда балдарга азыраак өлчөмдө сайылары жазылган. Октябрда эл аралык COVAX программасынын алкагында Кыргызстанга коронавируска каршы Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасы келери күтүлүүдө. Читать дальше...

Azattyk.org 

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгын Мирбек Расулов жетектейт

Мирбек Расулов Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү чечимге башкы прокурор Курманкул Зулушев кол койгонун мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Быйыл май айында күчүнө кирген Конституцияга ылайык, Башкы прокуратурага кылмыш иштерин тергөө функциясы кайра берилген. Мирбек Расуловдун ысымы алгач Аксы окуясын иликтөө боюнча тергөө тобун жетектегенде чыккан. Кийин президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча ишти тергеген. Андан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аскер кызматкеринин өлүмү шек жаратты

Аскер прокуратурасы өзүн-өзү атып алды деп айтылып, кийин катардагы жоокердин огунан каза болду делген №19 колониянын аскер кызматкери Рустам Иминовдун өлүмүн териштире баштады. Маркумдун жакындары 17-сентябрдагы кайгылуу окуяга байланыштуу улам өзгөрүп жаткан жоромолдорго ишенбей турат. Ал эми кылмышка шектелип жаткан жоокердин туугандары анын кыйноого кабылганын айтууда. 20 жаштагы Рустам үй-бүлөдө сегиз бир туугандын төртүнчүсү эле. Аскерге өз каалоосу менен кетип, 1,5 жылдан бери келишимдик... Читать дальше...

Azattyk.org 

Парламенттик шайлоого байланыштуу республикалык штаб түзүлдү

28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана аны өткөрүүдө шайлоо комиссияларына материалдык-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн республикалык штаб түзүлдү. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Штабдын төрагасы болуп Коопсуздук кеңешинин катчысы бекитилди. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жетекчиси менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министри республикалык штабдын башчысынын орун басары болду. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ооганстан: аялдар өз укуктарын коргоп чыгышты

БУУнун Баш катчысы Антонио Гутерриш “Талибан” кыймылынын бийлик үчүн ички күрөшү Ооганстандагы абалды оорлоштурганын билдирди жана ашынган топту адам укуктарын урматтоого чакырды. Өлкөнүн өзүндө аялдар кайрадан укуктарын коргоп чыгышты. Башкы ассамблеянын жыйынын утурлай "Ассошейтед-пресс" агенттигине берген маегинде Гутерриш Улуттар уюмунун Ооганстанда “дарамети жана таасир этүү механизмдери чектелүү” болгонун, бирок согуштан жапа чеккен өлкөгө гуманитардык жардам берүүдө чечүүчү роль ойногонун белгиледи. Читать дальше...

Azattyk.org 

Туйгунаалы Абдраимов УКМК бөлүмүндө сегиз саат суракта болгонун жакындары билдирди

Чүй облусунун мурдагы башчысы, БШКнын экс-төрагасы Туйгунаалы Абдраимов бүгүн 20-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында сегиз саатка жакын суракта болуп чыкты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна уулу Элмурат Абдраимов билдирди. Анын айтымында, “мыйзамсыз баюу” деген негизде сотко чейинки териштирүү уланып жатканы маалымдалды. Элмурат Абдраимов атасынын үйүндө жана кеңсесинде тинтүү болгонун мурдараак билдирген. УКМКнын басма сөз кызматы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чүйдө адам уурдоого шек саналгандар кармалды

Чүйдө адам уурдоого шек саналган үч киши кармалды. Облустук милициядан кабарлашкандай, 17-сентябрда Чүй районунун Искра айылынын 31 жаштагы тургунун бейтааныш кишилер күч колдонуп уурдашкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 170-беренеси (Киши уурдоо) менен катталды. Райондук ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө жүргүзүп, ошол эле күнү үч киши кармашкан. Баштапкы маалыматтарга ылайык, алар уурдалган кишиден 100 миң сом талап кылышкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Соттор кеңеши: Судьялар боюнча жобобуз мыйзамга да, регламентке да туура келет

Соттор кеңешинин судьялардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу арыз-даттанууларды кароо боюнча жүргүзүп жаткан иши мыйзамдуу жана сот процесстеринин катышуучулары менен башка кызыкдар тараптардын укугун коргоого багытталууда. Бул тууралуу 20-сентябрда “Азаттык” радиосуна Соттор кеңешинин басма сөз катчысы Назира Сагыналиева билдирди. Ал Кыргызстанда быйыл 5-майда жаңы Конституция кабыл алынганын, анда судьяларды тартип жообуна тартуу маселесин кароо Соттор кеңешинин карамагына өткөнүн белгиледи. Сот системасы... Читать дальше...

Azattyk.org 

“Азаттыктын” сынагын жеңгендер сыйланды

"Азаттык" радиосунун Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу онлайн сынагы жыйынтыкталды. Сынакка кыргыз жана орус тилдеринде 50дөй материал келип, жарактуу делген 30дан ашуун макала, баяндар azattyk.org сайтына жарыяланды.

Azattyk.org 

Инженер-программист жумушсуз калбайт

Программист болсом жумушу жок калбаймынбы? Атаандаштык чоң эмеспи? Баары эле программист болуп кетсе эмне болот? IT багыттарынын келечеги кандай? Ушул сыяктуу суроолор көп келгендиктен, атайын изилдөө жасадым. Бул суроолорго статистикаларга таянып жооп берүүнү чечтим. Макаладагы статистикалар Intel компаниясынын акыркы изилдөөсүнөн алынды. IT - маалымат технологиялары деген жалпы түшүнүктү билдирет. Буга маалымат технологияларына байланыштуу көп кесиптер кирет. Макалада ошол IT багыттарынын ичинен... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кой-Таш окуясы боюнча сот 27-сентябрга жылды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 20-сентябрда Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму бир аптага жылдырылды. Буга айыпталуучулар жана адвокаттардын толук келбегени себеп болду. Кийинки отурум 27-сентябрга белгиленди. Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов сотко алынып келинген жок. Адвокаттары мунун себеби белгисиз экенин айтышты. Буга чейин Атамбаев ооруп калганы, бирок медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы аны отурумга катышууга уруксат бергенин адвокат  Сергей Слесаров билдирген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстан октябрда Pfizer вакцинасын алууну пландап жатат

Октябрда эл аралык COVAX программасынын алкагында Кыргызстанга коронавируска каршы Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасы келери күтүлүүдө. 2022-жылдын башында Moderna вакцинасы да алып келинет. Бул тууралуу "Азаттыкка" Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Сентябрдын аягына чейин өкмөт америкалык Pfizer препаратын -70 градуста сактай турган муздаткыч сатып алмакчы.  Учурда калк Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Sputnik-V жана Европа өндүрүшүндөгү AstraZeneca вакциналары менен эмделүүдө. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бийликчил «Бирдиктүү Орусия» партиясы шайлоодо жеңгени жарыяланды

Кремлдин колдоосуна ээ «Бирдиктүү Орусия» партиясы шайлоодо жеңгенин жарыялап, Мамлекеттик думадагы орундардын үчтөн экисин алганын билдирди. Оппозиция үч күнгө созулган шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун белгилеп жатат. Европадагы коопсуздук жана келишим уюмунун байкоочулары орус бийлигинин чектөөлөрүнөн улам 1993-жылдан бери биринчи жолу добуш берүүгө байкоо жүргүзө алышкан жок. Добуштардын 90% саналгандан кийин «Бирдиктүү Орусия» партиясы 49,66% алганын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкектеги Тарых музейи карыздын айынан ачылбай турат

Бишкектеги Улуттук тарых музейи германиялык адистерге 225 миң евро карыздан улам ачылбай турат. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев 20-сентябрда парламенттеги жыйында айтты. "225 миң евро немистерден карызыбыз бар. Алар акча төлөнмөйүнчө биз менен сүйлөшпөй жатышат", - деген Бөрүбаев сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалады. Келишим боюнча акы толук төлөнгөндөн кийин немис адистери келип, музейдеги заманбап программаларды ишке киргизишет. 16-сентябрдагы маалымат жыйында маданият... Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

В московском монастыре пропало 26 млн рублей: в краже подозревается главбух

Свыше 300 человек погибли в результате наводнения в Афганистане

Развожаев раскритиковал шоу на «Пятнице», где Севастополь называли «дырой»

День экологического образования пройдет на ВДНХ

Музыкальные новости

Рады познакомить вас с артистами цирка Бурятии: Саян Дондоков - Театр и дети, Культура и Россия

"Зенит" и ЦСКА назвали составы на матч РПЛ, Акинфеев - в запасе

Театр и дети, Культура и Россия: Об артисте госцирка Бурятии Саяне Дондокове

Состоялся релиз стратегии Warbits+ в App Store и Google Play

Новости России

Тренер ЦСКА Федотов не стал объяснять, почему Акинфеев не сыграет с "Зенитом"

Развеяны слухи об уходе Глеба Никитина с поста нижегородского губернатора

Развожаев раскритиковал шоу на «Пятнице», где Севастополь называли «дырой»

В московском монастыре пропало 26 млн рублей: в краже подозревается главбух

Экология в России и мире

Первый лазертаг на Самуи

Таня Василькова расскажет (и покажет) «Как прожить в браке без брака»

Яркое лето с Angsana Velavaru

В России за год открылось рекордное количество универмагов

Спорт в России и мире

Александрова не смогла обыграть Саснович и покинула турнир WTA-1000 в Риме

Тарпищев: нельзя Медведева назвать главным претендентом на золото Олимпиады

Открытый чемпионат Италии: Новак Джокович получил сильный удар после выхода в третий раунд после Корантена Муте | Теннисные новости

Соболенко испытала проблемы после снятия Рыбакиной с турнира в Риме

Moscow.media

Магазин приложений Xbox появится на iOS и Android

Утро на озере...

Mayman Aerospace представили боевые VTOL-беспилотники с ИИ

Движение автобусов ограничат с вечера 7 мая по участку дороги Южно-Сахалинск – Оха на Сахалине











Топ новостей на этот час

Rss.plus






В московском монастыре пропало 26 млн рублей: в краже подозревается главбух

Тренер ЦСКА Федотов не стал объяснять, почему Акинфеев не сыграет с "Зенитом"

Свыше 300 человек погибли в результате наводнения в Афганистане

Развожаев раскритиковал шоу на «Пятнице», где Севастополь называли «дырой»