Мы в Telegram
Добавить новость

В России машино-места за год подорожали до миллиона рублей

Стоматолог Владимир Лосев, главный врач клиники «Мегастом»: как избежать появления оскомины на зубах

Для младшеклассников гимназии им Подольских курсантов прошла тренировка по самбо

«Иногда замена пациенту не подходит». Из аптек начали пропадать уникальные препараты от онкологии, у которых нет аналогов

World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Пермь: университеттеги куралдуу кол салуу

Пермь: университеттеги куралдуу кол салуу

Орусиядагы Пермь мамлектетик университетинде белгисиз адам ок чыгарып, бир нече адам каза болгону кабарланды. Жараат алгандар дагы бар. 

Пермь мамлекеттик университетине белгисиз адам 20-сентябрда эртең менен кирип, туш келди ок аткан. Орусиянын Тергөө комитети окуу жайдагы окуядан сегиз адамдын мерт болуп, бир нече адам жараат алганын кабарлады. Бирок кийинчерээк алты адамдын ажал тапканы белгилүү болду.

Ал эми Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк кылмышка шектүү кармалганын жарыялаган.

“Бүгүн эртең менен полициянын нөөмөт бөлүмүнө Пермь улуттук изилдөө институтунун аймагында ок атуунун үнү угулуп жатканы боюнча маалымат келип түшкөн. Алдын-ала маалымат боюнча, каза болгондор жана жараат алгандар бар. Окуя болгон жерге дароо полиция жана башка күч органдарынын кызматкерлери барды. Жүргүзүлгөн операциянын жыйынтыгында кол салган адам кармалды”.

Бирок Орусиядагы айрым маалымат каражаттары кылмышка шектүү кармоо учурунда өлтүрүлгөнүн жазышкан. Кийинчерээк Пермь крайынын губернатору Дмитрий Махонин “шектүүлөрдүн бири жок кылынганын” ырастап, анын өнөктөштөрү делгендер боюнча маалыматтар такталып жатканын билдирген.

Аскер кийимчен автомат көтөргөн белгисиз адам жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00дөрдө окуу жайдын кампусуна кирип, ок чыгарган. Андан соң университеттин окуу корпустарынын бирине кирип барып аткылаган. Телеграмм-каналдарда университеттин терезесинен жандалбастап секирип жаткан адамдардын видеолору таратылып жатат.

59.ru басылмасы “ВКонтакте” социалдык тармагында шектүү делген адамдын кайрылуусун жарыялады. Ал Тимур Бекмансуров аттуу адам экени, кол салууга көп убакыт даярданганын көрүүгө болот. Шектүү окуу жайдын студенти болушу мүмкүн. Анын эмне себептен мындай кадамга барганы расмий айтыла элек.

Москвадан 1400 чакырым алыстыктагы Пермь университетинин жетекчилиги окуу убактылуу токтотулганын кабарлады. Бул кол салуу Орусияда акыркы төрт айдагы экинчи кандуу кылмыш болуп калды.

2004-жылы Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы 330дан ашык адамдын өмүрүн алган мектептеги терактыдан соң билим берүү мекемелериндеги коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулганы айтылып келген.

Буга карабай май айында Татарстандагы мектептердин бирине кирип барган Ильназ Галявиев аттуу жаран туш келди ок чыгарып, тогуз адамды өлтүргөн. Алардын жетөө окуучу, экөө мугалим болчу. Психиатриялык экспертизадан кийин Галявиев психикалык ооруулу экени аныкталган.

Мындан соң Орусияда курал сатууга көзөмөлдү күчөтүү боюнча демилгелер көтөрүлгөн эле.

"Атаандашсыз шайлоодо" алдыга чыккан "Бирдиктүү Орусия"

Пермдеги университеттеги окуя Орусияда Мамлекеттик Думага жана аймактык шайлоолордун жыйынтыгы чыгарылып жаткан учурга туш келди. 17-сентябрдан тарта үч күнгө созулган шайлоонун жыйынтыгында президент Владимир Путин колдогон “Бирдиктүү Орусия” партиясы добуштардын дээрлик 49 пайызын алып, алдыга чыкканы белгилүү болду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Коммунисттик партия 20,25%, Либерал-демократиялык партия 7,7% ашык, “Адилеттүү Орусия” 7,4 жана “Жаңы адамдар” партиясы 5,5% добуш алды. Булардын алдыңкы төртөө мурдагы чакырылышта дагы болгон, ал эми “Жаңы адамдар” алгач ирет Мамдумага келип отурат.

Оппозиция жана көз карандысыз маалымат каражаттары добуш берүүнүн жүрүшүндө абдан көп мыйзам бузуулар, бурмалоолор болгонун айтып чыгышты.

Абактагы саясатчы Алексей Навальныйдын командасы иштеп чыккан “Акылдуу добуш берүү” тиркемеси жана ал туташтырылган 50гө жакын сайт жабылып калды. Көз карандысыз байкоочуларга, журналисттерге басым болду.

Оппозициячыл саясатчы Илья Яшин шайлоого чыныгы атаандаш болгон күчтөр катыштырылбаган шартта да бийлик административдик ресурстарды колдонуп, араңдан-зорго өз партияларын өткөргөнүн билдирди:

“Бийликтин партиясынын тарыхта болуп көрбөгөндөй рейтинги төмөн болуп жаткан шартта каалаган жыйынтыкка жетиш үчүн административдик ресурсту колдонууга туура келет. Оппозицияга абдан катуу басым болгонуна карабай бийликтин планы ишке ашпашы үчүн аракет кылдык. Бул шайлоодон кандайдыр бир үмүт деле жок. Анткени, бюллетендерге жарандардын чыныгы каалоосун чагылдырган саясий күч киргизилген жок”.

Орусиядагы оппозициянын лидери саналган Алексей Навальныйга байланышкан бардык күчтөрдү бийлик экстремисттик деп атап, шайлоого катышууга уруксат берген эмес.

Анткен менен Орусиянын бийлиги бул шайлоону таза өттү деп жарыялоодо. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова оппозиция менен жарандык коомдун өкүлдөрүн маалыматтык чабуул жасап жатат деп сындады:

“Урнага топ-тобу менен бюллетен салышты деп жарандардын элементарлуу добуш бергенин атап жатышат. Алар мыйзамга ылайык тогузга чейин бюллетен алып, добуш беришти”, - деди ал.

Бул күндөрү Мамлекеттик дума менен катар жергиликтүү парламент жана аймактардын губернаторлоруна да шайлоо өттү. Анын жүрүшүндө да абдан көп мыйзам бузуулар жөнүндө маалыматтар келип түшүп жатат.

Коммунисттик партиянын лидери Геннадий Зюганов да шайлоо ыплас өткөнүн айтып, сындап чыкты.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Футболисты «Академии спорта» Лобни стали призерами Первой лиги

В Котельниках планируют исследовать Казанскую церковь

Путин: Запад пытается сдержать развитие РФ и Белоруссии

Что важно знать о покупке недвижимости с использованием маткапитала и как ее продать

Музыкальные новости

Кадыров пригласил Путина посетить Чечню

АО "Желдорреммаш" проводит перезагрузку корпоративного проекта поддержки новаторских инициатив работников компании

Сеть клиник «Будь Здоров» подвела итоги первого квартала 2024 г.

Посольство Бахрейна: король Аль Халифа считает Путина другом

Новости России

В Котельниках планируют исследовать Казанскую церковь

Рынок жилья: Квадратные миллиметры объявлены вне закона

Раменский театральный фестиваль вошел в число финалистов «Russian Event Awards»

Футболисты «Академии спорта» Лобни стали призерами Первой лиги

Экология в России и мире

Бизнес-эксперт Екатерина Паршина дала 3 совета, как не стать самодуром в компании

Афиша театра кукол Бурятии "Ульгэр": Россия, Культура, Театр, Дети - Спектакль "Курочка ряба"

Волшебное путешествие в мир музыки и кино

Выпускникам детсада в Реутове раздали мороженое

Спорт в России и мире

Новаку Джоковичу исполнилось 37 лет в Швейцарии | Виды спорта

В пригороде Парижа открыли корты имени Даниила Медведева

Стали известны соперницы россиянок в первом круге Открытого чемпионата Франции

Екатерина Александрова уступила Линетт во втором круге турнира в Страсбурге

Moscow.media

СТАВОК БОЛЬШЕ НЕТ

Цифра дня: сколько диагнозов поставил ИИ-помощник для врачей от Сбера

Майский вечер в Тверской губернии

Количество пользователей-инвесторов на платформе «Атомайз» превысило 72000











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Футболисты «Академии спорта» Лобни стали призерами Первой лиги

Новый цех в Подмосковье будет производить более 20 тыс. тонн средств для защиты растений

Для младшеклассников гимназии им Подольских курсантов прошла тренировка по самбо

Королевская больница приглашает на работу выпускников и ординаторов из Рязани