Баткенде чек ара жаңжалына байланыштуу кармалган Тажикстандын эки жараны өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилди. Аларга көмөктөшүүгө айыпталган Кыргызстандын үч жаранынын иши боюнча өкүм чыга элек. Быйыл апрелдин аягындагы жана майдын башындагы окуяда эки тараптан тең ондогон жарандар каза болуп, үйлөр жана башка объектилер өрттөлгөн. Соттук иштин деталдары Куралдуу кагылышта кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноого шек саналган беш кишинин иши Баткен облусунун Лейлек райондук сотунда каралууда. Читать дальше...
Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров Тажикстанга болгон эки күндүк иш сапарынан кийин Өзгөнгө барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады. "Өзгөн-Мунара-2021" фестивалына катышкан мамлекет башчысы иш-чаранын уюштуруучуларына элдин руханий, маданий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине "Өзгөн" тарыхый комплексин 2025-жылга чейин киргизүүнү тапшырды. Читать дальше...
Апрелдин соңундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышта күйүп кеткен жана талкаланган Баткен районундагы үйлөрдүн курулушу токтоп турат. Алардын көпчүлүгүнүн 50 пайыз курулушу да бүтө элек. Чек арага жакын айылдардын айрым тургундары жаңы окуу жылы башталып, чатырдагы жашоо балдардын билим алуусуна ыңгайсыздык жаратып жатканына даттанышты. “Чатыр кичинекей. Сабак жазганга шарт жакшы болбой жатат. Стол, отургучтар жок. Кээ бир сабактарыбызды мектепке барганда даярдап жатабыз”... Читать дальше...
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кенже кызы Алия Назарбаева Алматыда коронавируска байланыштуу кирген чектөөлөргө карабай китебинин бет ачарын өткөрдү. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, иш-чарага ондогон адамдар катышкан. Алардын арасында орусиялык теле алып баруучу Максим Галкин да бар. Алматы коронавирус жуктургандар көбөйгөндүктөн Казакстандагы “кызыл зона” катары аныкталып, массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Ушул жуманын... Читать дальше...
Шанхай кызматташтык уюмунун Дүйшөмбү шаарында өткөн саммитинде Ооганстандагы соңку кырдаал, анын аймакка тийгизген таасири негизги темалардын бири болду. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да соңку кырдаалга байланыштуу коопсуздук маселесин көтөрдү. Күн мурун Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйынында дагы Ооганстан темасы козголгон. Башкы маселе – Ооганстандагы кырдаал Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) 16-сентябрдагы саммитин уюштурган президенттер тобуна 17-сентябрда дагы бир нече мамлекет башчылар кошулду. Читать дальше...
Шанхай кызматташтык уюмунун Дүйшөмбү шаарында өткөн саммитинде Ооганстандагы соңку кырдаал, анын аймакка тийгизген таасири негизги темалардын бири болду. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да соңку кырдаалга байланыштуу коопсуздук маселесин көтөрдү.
- Шанхай кызматташтык уюмунун күн тартибинде башкы маселе - Ооганстандагы кырдаал болду. - "Центерра" жана "Кумтөр Голд" ишканасынын жетекчилерине сыртынан кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланды. - Абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары жана жакындары анын Кой-Таш айылындагы үйүнө чогулду.
Сиз дагы "Шаарда эс алуу үчүн жайлар аз, соода борборлору, сейил бактар гана бар" деп ойлогондордун арасында сиз да барсызбы? Бирок "Азаттык+" шаарда туруп эле көңүл ачса болорун иликтеп чыкты. Анда дем алыш күндөрүн пландоодон мурун биздин берүүнү көрүңүз.
Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон эки күндүк иш сапары аяктап, Ошко кайтып келгенин президенттик аппарат маалымдады. Ага ылайык, президент Жапаров Өзгөн шаарында өтүп жаткан "Өзгөн-Мунара-2021" этнофольклордук фестивалына катышат. Фестивал саат 20:35те башталып, мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз ободо берилет. Президент Садыр Жапаров 16-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышты. Читать дальше...
Журналисттердин эл аралык бирикмеси (IFJ) талибдердин сөз эркиндигине басымды күчөткөнүн сынга алды. Уюмдун маалыматында “Талибан” кыймылы бийликке келгенден бери 153 ЖМК ишин токтотууга аргасыз болгон. Баш кеңсеси Брюсселде жайгашкан уюм 17-сентябрда тараткан билдирүүсүндө, соңку учурда аял журналисттердин иштөөсүнө тыюу салынып, эркек журналисттерге коркутуп-үркүтүүлөр көбөйдү. Федерация Ооганстандагы соңку окуяларда 7000ден ашык журналист жабыр тартып, алардын бир бөлүгү өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугунан коркуп... Читать дальше...
"Бийлик сырлары" берүүсүнүн бул жолку мейманы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аймактарды өнүктүрүү саясатынын мурдагы министри Төлөбек Өмүралиев болду.
Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу абакка кесилген "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев менен "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазовду абактан чыгарууну Жогорку Кеңештин депутаттары президент Садыр Жапаровдон өтүнгөн. Бул тууралуу президенттик администрация билдирди. Маалыматка ылайык, ага чейин Айбек Калиев менен Салайдин Авазов өздөрү да президенттен ырайым сурашкан. "Ырайым берилерден мурда президенттик администрация кылмыш ишин терең иликтеп чыкты. Читать дальше...
Мурдагы президент, учурда абакта жаткан Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева атасынын туулган күнүнө карата Бишкектин Ала-Тоо аянтында көркөм нааразылык акциясын өткөрдү. "Эркти тор менен сындыра албайсың" деген жазуусу бар темир капастын инсталляциясы коюлган аянтта Шагиеванын өзүнүн сүрөттөрү коюлду. Андан тышкары каалоочулар үчүн кыл калем өнөрүн сынап көрүү мүмкүнчүлүгү берилди. "Өзгөрүүлөр шамалы" деп аталган иш-чарада Шагиеванын сүрөт көргөзмөсүнөн тышкары жаз концери, балдар үчүн шоу-программа уюштурулган. Читать дальше...
Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити жыйынтыкталып, бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы кабарлады. Отурум жүрүшүндө ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары туруктуу өнүгүү, уюм мейкиндигиндеги жана дүйнөдөгү стабилдүүлүктү колдоо, маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин карашты. Саммиттин жыйынтыгында терроризм, сепаратизм жана экстремизге каршы күрөшүү, маңзат ташууга каршы биргелешип иштөө... Читать дальше...
Бишкекте алгачкы жолу бак-дарактарды электрондук түрдө ирээттөө (инвентаризация) башталды. Анын максаты - жашылдандыруу ишин жакшыртуу, бак-дарактарды калыбына келтирүү, кыйылгандардын ордуна көчөт отургузуу, байкоо салып туруу жана кам көрүү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Ыктыярчылардын жардамы менен Эмен багында 100 эмен ирээттелди. Аларга "Арча демилгеси" коомдук фонду Бишкек жашылдандыруу чарбасынын башкы агроному көмөк көрсөттү. "Эми бак-дарактардын "медициналык картасы" болот. Читать дальше...
Грузиялык шахматчы Нона Гаприндашвили америкалык Netflix компаниясын сотко берди. 80 жаштагы гроссмейстер компания тарткан The Queen’s Gambit (“Ханышанын жүрүшү”) сериалында өзү тууралуу жалган, сексисттик мүнөздөгү маалыматтар бар экенин айтып, 5 миллион доллар өндүрүүнү талап кылды. 2020-жылы көрсөтүлгөн сериалдын акыркы бөлүгүндө шахматтык беттештин жүрүшүн баяндаган диктор Нона Гаприндашвилинин атын атап, “аялдар арасындагы чемпион, эч качан эркектер менен беттешкен эмес” деп айткан эпизод бар. Читать дальше...
Курсан Асановдун жактоочусу анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Анын алдында "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен эки айга камалган ички иштер министринин мурдагы орун басары №50 абакка которулган. Айрым укук коргоочулар бул түрмөдө өтө оор кылмыш кылгандар, өмүр бою эркинен ажыратылгандар отурарын, Асановдун өмүрүнө коркунуч туулуп, кол салуу болушу ыктымалдыгын айтып чыгышты. Жаза аткаруу кызматы бул жай катуу көзөмөлдө экенин билдирди. Читать дальше...
Быйыл 28-ноябрда өтө турчу парламенттик шайлоодо Түркиянын Анталия шаарында дагы шайлоо тилкеси ачылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу маалымдады. Буга чейин Түркиядагы кыргызстандыктар Анкарадагы элчиликтин жана Стамбулдагы Башкы консулдуктун имаратында ачылган участкаларда гана добуш берип келген. Эми Түркиядагы мигранттар үч шайлоо тилкесинде добуш бере алышат. Башкы консулдук кыргызстандыктарга Боршайкомдун тизмесине 12-ноябрга чейин кошулуу керектигин эскертет. Ошондой эле... Читать дальше...
Шанхай кызматташтык уюмунун Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан саммитинде президент Садыр Жапаров Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу тууралуу маселени көтөрдү. Жапаров транспорттук инфраструктураны биргелешип өнүктүрүү - уюмга мүчө өлкөлөрдүн соода мамилеcин күчөтүүгө жана көптөгөн социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берет деп ишенет. "Пандемия шартында жана кабыл алынган карантиндик чаралардын натыйжасында авто жүк ташуулар чектелди, андыктан эң ишенимдүү транспорт -темир жолу. Читать дальше...
Акыркы жылдардагы кымбатчылык жалгыз бой энелердин жашоосуна катуу сокку урду. 40 жаштагы Айнура Дөөткулова ушундай аялдардын бири. Ал төрт баланын энеси. 11 айлык уулунун талмасы бар жана башында шишик менен туулган. Колдон түшпөгөн бала бир нече жолу догдурга жатып чыккан. Жакында эле кайнак сууга көкүрөгүн күйгүзүп алган келин коомчулуктан жардам сурады.
Индия эрте натыйжа бере турган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга 30 млн. доллар грант берүүгө даяр. Бул тууралуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Субраманьям Жайшанкар жолуккан учурда айтылды. Эки министр Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Дүйшөмбү шаарында жолукту. Анда эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтык, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү маселелер талкууланды. Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда... Читать дальше...
Тажикстандын президентинин аткаруу комитети Башкы прокуратурадан бычакталып өлтүрүлгөн 25 жаштагы Манора Абдуфаттохтун өлүмүн териштирүүнү талап кылды. Быйыл июнда райондук прокуратура Файзабад районунун тургуну Манора Абдуфаттох өз жанын кыйган деген корутунду чыгарган. Бирок маркумдун денесине 26 жолу бычак сайылганы аныкталган эле. Бул окуя Манора күйөөсү менен таарынышып, өз алдынча батирге көчкөндөн бир нече күндөн кийин болгон. Прокуратуранын маркум өз жанын кыйган деген корутундусу анын... Читать дальше...
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге 2016-жылы түркиялык 10 атуулга кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берген деп козголгон кылмыш иши боюнча айыптоо корутундусу тапшырылды. Бул тууралуу Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев "Азаттыкка" билдирди: "Орхан Инанды жана башка түркиялык адамдарга Кыргызстандын жарандыгы мыйзамсыз берилгени боюнча айыптоо корутундусу Алмазбек Атамбаевге туулган күнүндө берилди". Жоошевдин маалыматына ылайык, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана анын аппарат башчысы Фарид... Читать дальше...
Үч күнгө созулган добуш берүү өлкөдө оппозициячыл саясатчылар куугунтукталып, президент Владимир Путин колдогон бийликчил «Бирдиктүү Орусия» партиясына ыңгайлуу шарттар түзүлгөн жагдайда өтүүдө. Бул күндөрү орус парламентинин төмөнкү палатасы болгон Мамлекеттик дума жана аймактардагы жергиликтүү депутаттары тандалат. Добуш берүү башталганда оппозициячыл Алексей Навальныйдын командасы иштеп чыккан «Акылдуу добуш берүү» тиркемеси Apple жана Google интернет-дүкөндөрүнөн жок болуп кетти. Муну оппозициячыл... Читать дальше...
Кыргызстандан Тажикстанга көмүрдү мыйзамсыз ташып бараткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Аталган мекемеге караштуу Чек ара кызматынын өкүлдөрү Баткен облусунун Лейлек районундагы Майты айылында "Мерседес" жана MAN үлгүсүндөгү эки жүк ташуучу унааны токтоткон. Айдоочулар качып кетүүгө аракет кылып, чек арачылардын эскертүү ирээтинде аткан огунан кийин токтошкон. Маалыматка ылайык, кармалгандар Кыргызстандан... Читать дальше...