Сугат суунун тартыштыгы жана аптаптуу ысыктан быйыл буудайдын дүң жыйымы 41,4%, арпанын түшүмү 58% кыскарды. Буга байланыштуу буудайдын баасы бир жылдын ичинде дээрлик 40% кымбаттады. Министрлер кабинети азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу үчүн буудайды сыртка экспорттоого тыюу салып, өлкөгө буудай жана ун ташып кирүүгө кошумча нарк салыгын убактылуу алды. Адистер мындай абал жылдан-жылга курчуй берерин эскертип, дан эгиндеринин аянтын көбөйтүүнү сунуштап жатат. Кыйнаган кургакчылык, кыскарган түшүм Улуттук статистика комитеттин эсебинде... Читать дальше...
2-4-сентябрь күндөрү Баткен жана Ош облустарында өтө турган машыгууга Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын 200дөн ашуун аскерлери, 1,5 миңдей киши катышат. Биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу 2-сентябрда Баткенде башталат. Коргоо министрлигинин маалымдашынча, машыгуунун максаты - аскердик, мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин, элдин чукул кырдаалдарга даярдыгын текшерүү. Читать дальше...
Мектептерде жана окуу жайларда салттуу окутууну улантуу максатында мугалимдердин жана тармактагы башка техникалык кызматкерлердин 62,97% эмдөөдөн өттү. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, бала бакчалардан тартып, орто мектептердин, кесиптик-техникалык жана жогорку окуу жайлардын кызматкерлерине чейин вакцина алды. Мунун ичинде бала бакчалардын тарбиячылары 82,7%, орто мектептердин мугалимдери жана жумушчулары 69,25% түзөт. Билим берүү жана илим министрлиги мурдараак... Читать дальше...
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 1-сентябрдагы маалыматы боюнча, Бишкек шаарында 16 кесилишке Ош шаарында 11, Токмок шаарында 6, ал эми Кант шаарында бир кесилишке камера түркүктөрү орнотулду. Маалыматка ылайык, "Г" формасындагы ар бир түркүккө үчтөн камера бекитилген. Алардын бири жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөйт. Жол сызыктарынын, жөө адамдар өтүүчү жана веложолдорду тебелеген, каршы тилкеге чыгып туура эмес жерден кайрылган, ылдамдыкты көбөйтүп, жол чырактын талабына көңүл бурбагандарды каттайт. Читать дальше...
Португалиялык футболчу Англияга алгачкы жолу 2003-жылы келген. Кийин "Реал Мадрид", "Ювентус" клубдарында ойноп, жакында кайрадан "Манчестер Юнайтеддин" катарына кошулган.