АКШ Борбор Азиянын Ооганстан менен чектешкен өлкөлөрүнүн чек ара коопсуздугун чыңдоого көмөктөшүүгө киришти.
2-сентябрь күнү кечинде Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго эл жык толуп, бүйүр кызыткан футбол мелдеши болду. Анда Кыргызстан менен Палестинанын футбол боюнча курама командалары кызыктуу оюн көрсөтүштү.
Бүгүн, 2-сентябрда Бишкекте башталган "Үч улуттун кубогу" мелдешинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина курамасын 1:0 эсебинде жеңип алды. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болгон оюндагы жалгыз голду 25-мүнөттө Азим Азаров киргизди. Эл аралык футбол мелдеши 7-сентябрда аяктайт. Турнирге Бангладештин, Кыргызстандын жана Палестинанын футбол боюнча улуттук командалары катышууда. 5-сентябрда Палестина менен Бангладеш, 7-сентябрда Кыргызстан менен Бангладеш командалары ойнойт. Читать дальше...
Эми Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 7-сентябрда Бангладештин футболчулары менен беттешет. Ал эми 5-сентябрда Палестина менен Бангладеш командалары ойномокчу.
20 жылдык согуштан кийин АКШнын акыркы аскери Ооганстандан чыгып кетти. Талиб жетекчилеринин убадасына карабастан жоочулардын зомбулугу тууралуу кабарлар тарап жатат. Ооган элин кандай тагдыр күтүп турат? Жаңы ооган өкмөтү боюнча Кыргызстандын позициясы кандай болушу керек?
Кыргызстанда сегиз айда катталган жол кырсыктарынан 500дөй адам өлдү. Курмандыктар да, кырсыктардын өзү да арбыды. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан армиясын чыңдап жатканын кабарлады. Куралдуу күчтөрдүн жагдайы чек арадагы чатактардан кийин актуалдашкан. Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын лидери Жо Байден менен Вашингтондо жолугушту. Байден Америка Киевге «орусиялык агрессияга» каршы турууга колдоо көрсөтөрүн билдирди.
2-сентябрда Баткен шаарында "Түштүк-2021" деген аталышта биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу ишин баштады. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, ачылыш салтанатка министр Таалайбек Өмүралиев, президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жана башка мамлекеттик мекемелердин, күч кызматтарынын жетекчилери катышты. Аскердик машыгуу 2-4-сентябрь күндөрү Баткен жана Ош облустарында өтөт. Иш-чарага Коргоо министрлигинин... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаровдун 2-сентябрда кол койгон жарлыгы боюнча, 1-октябрдан тарта 4785,4 сомго чейинки пенсияга 200 сом, ал эми 4785,4 сомдон жогорку пенсияга 500 сомдон кошулат. Көбөйтүлгөндөн кийин өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 6248 сом болот. 715,5 миң пенсионердин акчасын көбөйтүүгө республикалык бюджеттен 154,3 млн. сом, ал эми пенсиялык фонддон 830,6 млн. сом талап кылынат. Ошентип, орточо эсеп менен пенсия 455 сомго көбөйтүлөт. Буга чейин пенсия 2020-жылы орточо 397 сомго, 2019-жылы орточо 328 сомго... Читать дальше...
Бул жолдоштук турнир улуттук курама команданын Азия кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына карата даярдыгынын алкагында өтүүдө.
Президент Садыр Жапаровдун 2-сентябрда кол койгон жарлыгына ылайык, ай сайын социалдык жөлөкпул алган балдарга жана бала кезинен майыптыгы бар адамдарга төлөнүүчү акчанын өлчөмү көбөйтүлдү. Жарлыкка ылайык 1-октябрдан тартып социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү 50 пайызга көбөйтүлдү. Натыйжада: –ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдардын ар айлык жөлөкпулу 6 миң сомго, - майыптыгы бар балдардын жөлөк пулу 6 миң сомго көтөрүлдү. – атасынан же энесинен айрылган балдардын жөлөк пулу 1500 сомго... Читать дальше...
Катардын тышкы иштер министри Мухаммад бин Абдулрахман аль-Тани билдергендей, учурда расмий Доха Кабул аэропортун тезирээк ачуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Мындай билдирүү ал жактан чет өлкөлүк жарандарды жана айрым оогандыктарды чыгарып кетүү жана гуманитардык жардам жеткирүү боюнча эл аралык аракеттер көрүлүп жаткан маалда жасалды. Министр бул тууралуу Катардын баш калаасында Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб менен биргеликте өткөрүлгөн маалымат жыйында сөз козгоду. ... Читать дальше...
АКШ Орусиянын “агрессиясына” туш болгон Киевди колдойт. Бул тууралуу президент Жо Байден Вашингтондо Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский менен жолугушууда билдирди. Ошол эле маалда АКШ лидери Украина НАТОго кошулууга даяр эместигин, реформаларга муктаж экенин ишарат кылды.
Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода билдиргендей, Дүйшөмбү мындан ары ооганстандык качкындарды кабыл ала албайт. Ушул тапта талибдерден корккон миңдеген оогандыктар кошуна мамлекеттерге чыгып кетүү аракетин көрүп жатышат. Рахимзода мунун себеби катары ооган качкындарын кабыл алууга өкмөттүн мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирип, эл аралык уюмдарды, анын ичинде Улуттар Уюмун Тажикстанга жардам берүүгө чакырды. Бул тууралуу министр 1-сентябрда уюмдун өкүлү Мулугет Зевди менен жолугушууда айтты. Читать дальше...
Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Кумтөр маселесин иликтеген мамлекеттик комиссиянын ишин уюштуруу жагына гана жооптуу болгон, анын чечимдерине кийлигишкен эмес. Бул тууралуу инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Шыкмаматовдун маеги 1-сентябрда “Ютубдагы” KG VIDEO каналына жарыяланды. Өз сөзүндө ал комиссия укук, экология жана социалдык-экономикалык маселелер деген үч багытта иштегенин, үч топтун өзүнүн жетекчилери болгонун, корутундулары мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынганын белгиледи... Читать дальше...
Чек арадагы жаңжалда уурдалган ондогон автоунаа менен жүздөгөн мал-жандыктарды Тажикстан тарап Кыргызстанга кайтара элек. Жергиликтүү бийлик кыргызстандыктардын жоголгон мүлкү жана малдары кошуна өлкөдө экенин ишенимдүү айтып жатат. Тажикстан тарап аны четке кагууда. Сүйлөшүү аракетинен азырынча майнап чыккан жок. Карапайым калк өкмөткө үмүт артып турган чагы. Тажикстанга чектеш Максат айылынын тургуну Алмаз Эшимбетов жазында трактор сатып алганда бүтүндөй кыштак сүйүнгөн. Себеби, айылда трактор жок болгондуктан... Читать дальше...
Кыргызстанда парламенттик шайлоого катышуу үчүн кеминде 27 партия арыз берди. Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алуу 3-сентябрда аяктарын билдирген. Ал арада партиялардын биригүүсү, ирилешүү башталды. Алгачкы болуп "Ата Мекен" менен "Реформа" кызматташуу, биригүү тууралуу сүйлөшкөнүн жарыялашты. БШКга 2-сентбярга карата “Социал-демократтар”, “Улуттар Биримдиги”, “Ишеним”, “Альянс”, "Жашылдар партиясы", “Жаратман Эл”, "Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия", “Ата Мекен”, “Актив”... Читать дальше...
Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны 27ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2-сентябрда "Бирге - Вместе", "Ата-Журт Кыргызстан", "Мекенчил Эл", "Адилет", "Ак Бата", "Социалист", "Тилектештик", "Аалам", "Ынтымак", "Күч биримдикте" жана "Азаттык" демократиялык партиясы жазуу түрүндө кайрылган. Буга чейин БШКга "Социал-демократтар", “Улуттар биримдиги”, “Ишеним”, "Альянс", “Кыргызстандын жашылдар партиясы”... Читать дальше...
Баткен районундагы Боз-Адыр айылынын жаштарынын басымдүү бөлүгү Орусияга эмгек миграциясына кеткен. Үй-бүлөлүүлөр балдарын чоң энесине, туугандарына таштаган. Айылда калган балдардын сагынычын, Москвада жүргөн мигранттардын мекенге, балдарына болгон кусалыгын биздин кабарчылар билип келди.
"Ата Мекен" жана "Реформа" саясий партиясынын мүчөлөрү 2-сентябрда жолугушуп, кызматташуу боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу маалымат партиялардын Facebook баракчасына жарыяланды. Жолугушууга эки партиянын лидерлери Өмүрбек Текебаев, Клара Сооронкулова баштаган айрым мүчөлөр катышкан. Саясатчылар өлкөдөгү бүгүнкү кырдаал жана биргелешип иш алып баруу жөнүндө сүйлөшкөн. "Реформа" биригүү тууралуу маселе дагы күн тартибинде болгонун жазды. Партия мүчөлөрү азырынча толук чечим кабыл алына электигин "Азаттыкка" билдиришти. Читать дальше...
Францияда 1-сентябрдан баштап 65 жаштан жогоруларга жана өнөкөт илдеттери барларга коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасы сайыла баштады. Франция мындай кадамга барган Евробиримдиктеги алгачкы мамлекет. Буга чейин Израил, Кошмо Штаттары вакцинанын үчүнчү дозасы менен аярлуу катмардагыларды эмдеп баштаган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бай мамлекеттерди үчүнчү дозаны токтото туруп, жакыр мамлекеттерге вакцинадан каралашууга чакырган. Европанын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча борбору 1-сентябрда билдиргендей... Читать дальше...
Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын лидери Жо Байден менен 1-сентябрда Вашингтондо жолугушту. Бул Зеленскийдин мамлекет башчы катары Америкага биринчи жолу барышы. Зеленский АКШга Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, коопсуздук жаатында алаканы бекемдөөгө ниеттенерин айтты. Ал ошондой эле Орусияда жана аннексияланган Крым аралында кармалган, соттолгон адамдарды бошотууга жардам берүүнү өтүндү. Маалымат каражаттары жазгандай, Киев Вашингтонго берген тизмеде 450 адамдын ысымы бар. Читать дальше...
Кыргыз эл артисти, актриса Айтурган Темирова Франциянын “Искусство жана адабият ордени” менен сыйланды. Бул тууралуу Франциянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди. Элчиликтин маалыматы боюнча, сыйлык кыргыз актрисасынын кинодогу 50 жылдык карьерасынын урматына ыйгарылды. “Искусство жана адабият ордени” – Франциянын Маданият министрлигинин 1957-жылы негизделген сыйлыгы. Ал Францияда жана дүйнө жүзүндө көркөм өнөрдө, адабиятта жана искусстводо мыкты жетишкендиктерге ээ боло алган ишмерлерге ыйгарылат. Читать дальше...
Бишкекте троллейбустун ичинен чыккан түтүндөн эч ким жабыркаган жок. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя бүгүн 2-сентябрда Иса Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде эртең менен болгон. Троллейбус башкармалыгы машинанын айрым тетиктеринин эскилиги жеткендиктен тормоз жагындагы туташтыргыч түтөгөнүн, айдоочу кабинасынан тез арада чыгууга үлгүрө калганын жана өрт чыгуусуна жол бербегенин билдирди. Терезелеринен кара түтүн... Читать дальше...