Чехияда кыргызстандык жаран киши колдуу болду. Адилет Сейитбековдун сөөгү 20-июнга караган түнү табылган. Азырынча анын өлүмүнө ким күнөөлүү экени белгисиз. Полиция кылмыш ишин ачып, териштирүү жүргүзүүдө. Бир адам шектүү катары кармалганы маалым болду.
Президент Садыр Жапаровдун Тажикстандагы расмий сапары аяктады. Анда эки өлкөнүн президенттери биргелешкен билдирүү кабыл алып, төрт документке кол коюлду. Алардын арасында чек арага тиешелүү келишим бар экени тууралуу маалымат жок.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Дүйшөмбү шаарындагы жолугушууда чек ара маселесин сүйлөштү. Бирок ал боюнча атайын документ кабыл алынган жок. Башка кызматташуу боюнча төрт макулдашууга кол коюлду. Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы ондогон адамдын өмүрүн алган жаңжалдан эки айдан кийин коңшу өлкөгө барды. Жаңжалдан кийинки кездешүү Түркмөнстандагы эки күнгө созулган иш-сапарынан кийин президент Садыр Жапаровдун учагы 28-июнда түштөн кийин Тажикстанга конду. Читать дальше...
Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин эки мамлекеттин башчыларынын биринчи жолугушуусу өттү. Сүйлөшүүлөрдун жыйынтыгында эки мамлекеттин башчылары биргелешкен билдирүү жасашты. Анда тараптар кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдарга мындан ары жол бербөө жана кызматташтыкты жакшыртууну белгилешти.
Ооганстанда өкмөттүк күчтөр кайра чабуулга өтүп, “Талибанга” тарттырып жиберген айрым аймактарга көзөмөл орнотууга жетишти.
Жогорку Кеңештин тармактык комитети 29-июнда “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алды. Бул былтыр коомчулуктун нааразычылыгы, бир катар митингдерден кийин президент артка кайтарган мыйзам долбоорунун аты өзгөртүлгөн варианты. “Медиа полиси” институту сөз болуп жаткан мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты тууралуу кеңири анализин жарыялады. Анда документ Баш мыйзамга, эл аралык келишимдерге каршы келип, адам укугун, сөз эркиндигин чектей турганы жазылган. Читать дальше...
2020-жылга белгиленген футбол боюнча Европа чемпионаты кызып турган чагы. Ири мелдешти суйкайган күйөрман кыздар да өзүнчө көрккө бөлөп жатат.
"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына журналист Дайырбек Меймановдон келген материалды сунуштайбыз. Мындан отуз жыл мурда 31-августта легендарлуу парламент Кыргызстандын “Көз карандысыздыгы жөнүндөгү” декларация кабыл алган. Ошондон тарта Кыргызстан өзүн көз карандысыз, эркин жана эгемен мамлекет деп жарыялаган. Отуз жылдан бери Кыргыз мамлекетинде болуп өткөн тарыхый окуялар, өнүгүү нугу көз карандысыздыкты бекемдей алдыбы? деген суроого тилекке каршы “ооба” деп айтуудан аргасыз карманып турам. Читать дальше...
Афганистан тарап көк бөрү боюнча Кыргызстандан тажрыйба алууга кызыкдар экенин билдирип, машыктыруучуларды жиберүүнү суранган.
Өткөн апта соңунда коңшум менен баарлашып, ишемби күнү орган музыкасына барарымды айттым. Ал "жанагы славяндардын өлгөндө аза күтүү музыкасыбы?" дейт. "Жок органга өзүнчө музыка жазылат. Ал классика, аны баары эле аткара бербейт, атайын билим алган, адис музыканттар гана ойнойт. Анда өлгөндөрдүн аза музыкасы ойнолбойт" дедим. "Бишкекте кайсы жерде орган бар" десем - "Орус драм театрында же чиркөөдө" деп шар жооп берди. “Адамдын органын беш колдой билем. Сиз айтып аткан органга чынында кызыкпаптырмын”, - дейт. Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасындагы айылда эксперименталдык гимназия мектебин түптөп, аны мыкты билимканалардын катарына кошо алган педагог Гапыр Мадаминов базар экономикасы күч алганда кантип акысыз мектеп ачканы, өзү иштеп чыккан окутуунун жаңы ыкмалары жана "Энелер мектеби" туурасында айтып берди.
Коронавирус кантип оркестрге таасирин тийгизди? Жыт сезүү канча убакытта калыбына келет? Кадимки жазуу аркылуу кантип адам өзүн тааныйт? “Азаттыкта” илим дүйнөсүндөгү акыркы жаңылыктар.
Постерде мыкты беттештер, титул үчүн таймаштар болору белгиленген. Eagle FC лигасынын турнири Кыргызстанда алгачкы ирет өтөт.
30-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл облусунун жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын табы... Читать дальше...
Израилдин тышкы иштер министри Яир Лапид тарыхта алгакы жолу Бириккен Араб Эмираттарына сапар менен келди. Бул эки өлкө АКШнын арачылыгы менен өткөн жылы дипломатиялык алака түзүшкөн эле. Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу мамиледен сырткары Ирандын саясатына байланыштуу коркунучтар жөнүндө сөз болот. Эки мамлекет тең расмий Тегерандын саясаты Жакынкы Чыгыштагы коопсуздук үчүн коркунуч жаратат деген пикирде. Израилдин тышкы иштер министри Абу-Дабидеги өз өлкөсүнүн элчилиги жана Дубайдагы консулдуктун ачылышына катышат. Читать дальше...
Австралияда коронавирустун "дельта" түрү жайылып жатканынан улам дагы эки шаарда чектөөлөр киргизилди. Буга чейин өлкөдөгү Сидней жана Дарвин шаарлары карантинге жабылса, бул жолу ага Перт жана Брисбен шаарлары да кошулду. Ал эми Гонконг вирус жугузгандар көбөйгөнү үчүн Британиядан аба каттамдарын токтотту. Британияда коронавирустун дельта вариантын жугузгандар өсүп жатканы менен бул өлкөнүн саламаттык сактоо министри Сажид Жавид бардык чектөөлөр 19-июлдан тарта алынарын билдирди. Ал парламентте сүйлөп жатып... Читать дальше...
Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Таалайбек Усубалиев баштаган кыргызстандык сүрөтчүлөр кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуялардан жапа чеккендер тууралуу эмгектерди жаратышты. Аларда каргашалуу окуядан кийинки көрүнүштөр, элдин турмушу чагылдырылат. - Апрель айында Баткенде болгон кандуу окуяны тартуу идеясы тууралуу айтсаңыз. Чыгармачыл топ кандайча түзүлдү? -"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаевага жолугуп калып Баткенге барып кандуу... Читать дальше...
Тажикстанга эки күндүк расмий визит менен барган Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров 29-июнда Дүйшөмбү шаарында президент Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул эки өлкөнүн 55 жаранынын өмүрүн алган кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан берки алгачкы жогорку саясий жолугушуу. Видео Кыргызстандын президентинин маалымат кызматына таандык.
Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү айыгышкан салгылаштан соң өлкө түндүгүндөгү Фарьяб провинциясындагы эки районду талибдерден кайтарып алды. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлады. Анда өкмөттүк аскерлер учурда Газни жана Парван провинцияларындагы башка райондорду бошотуу боюнча операция жүргүзүп жатканы айтылат. Мындан сырткары Кундуз жана Тахар дубандарында да алдыга жылганы кабарланды. Мындай маалыматтар соңку күндөрү "Талибан" өлкө түндүгүндөгү улам бир районду басып алганы жөнүндө жаңылыктар чыгып жаткан учурга туш келди. Читать дальше...
2021-жылдын алгачкы беш айында Кыргызстанда 2 768 жол кырсыгы катталып, 233 киши каза болду. 4000ден ашык киши жаракат алды. Бул сандар былтыркы жылдын беш айына салыштырмалуу дээрлик 50% көп. Ушул айдын башында президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине (ИИМ) жол кырсыктарын алдын алуу чараларын күчөтүүнү тапшырган. Жол кырсыктарын азайтуу үчүн 2019-жылдан тартып Бишкек шаарында “Коопсуз шаар” долбоору иштей баштаган. “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабын ишке ашырган орусиялык “Вега”... Читать дальше...
Мамлекекеттик салык кызматы 1-июлдан 31-августка чейин Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдөн импорттолгон кумшекерге, ал эми 1-июлдан тартып 31-декабрга чейин жылкыларга, бодо малга, кой-эчкиге, чочкого жана үй канаттууларына кошумча нарк салыгы алынбай турганын билдирди. Мекеме мындай чечим азык-түлүктүн баасын турукташтыруу жана чарбалык субъекттерге колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынганын маалымдады. Өткөн аптада Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстанга шекер... Читать дальше...
Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитети Жазык, Жазык-процессуалдык, Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекстеринин жаңы редакциясын колдоду. Эрежеге ылайык, эми бул кодекстердин жаңыланган редакциясы парламенттин жалпы жыйынында каралат. Кодекстерге өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 7-майда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлган. Аларды 1-апрелде президенттин жарлыгы менен түзүлгөн Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча эксперттик жумушчу топ иштеп чыккан. Читать дальше...
Чехия беларус оппозициясынын өкүлчүлүгүн ачууга макулдук берди. Бул тууралуу беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановскаянын Прагага сапарынан бир нече күн өткөн соң Чехиянын тышкы иштер министри Якуб Кулганек "Твиттердеги" баракчасына жазды. Ал "Чехия беларус оппозициясын айныксыз түрдө колдоп келген жана колдойт", - деп жазды. Буга чейин Александр Лукашенконун диктатуралык режими менен күрөшүп жаткан оппозициянын өкүлчүлүгү Литва жана Польшада ачылган эле. Беларуста былтыр август айындагы... Читать дальше...
Министрлер кабинети Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) караштуу Антикоррупциялык кызматтын (АКС) жоюлганын байланыштуу тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Министрлер кабинетинин маалымат менен камсыздоо бөлүмүн башчысы Эркин Сазыков билдирди. “Тактап айтканда, жоюлган Антикоррупциялык кызмат караган маселелерге байланыштуу УКМКнын мындан аркы ишмердиги тууралуу Министрлер кабинетинин чечиминин долбоору даярдалып жатат”. Өткөн аптада президент Садыр Жапаров Антикоррупциялык... Читать дальше...