Кыргызстанда майыптыгы бар адамдарды коргоо, башка атуулдар менен бирдей экономикалык, жарандык, саясий, эркиндикке болгон укугун камсыздоо – мамлекеттик саясаттын бирден-бир маанилүү багыты болуп саналат. Бул үчүн Баш мыйзамда атайын беренелер каралып, Кыргызстан адам укуктары жаатына байланыштуу эл аралык келишимдерге кол койгон. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган майыптыгы бар адамдардын укугу боюнча конвенцияга ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелүү кишилер... Читать дальше...
Кыргызстанда бирдиктүү салык декларациясы 1-мартка чейин толук тапшырылышы керек. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады. Күндүз салык декларациясын тапшырууга убакыт таппагандар үчүн салык кызматында кабыл алуулар дем алыш күндөрү түнкү саат 24:00го чейин уланат. 1-мартка чейин өлкөдөгү бардык юридикалык уюмдар, дыйкан чарбалар, эл аралык уюмдар, Кыргызстанда иш алып барган чет элдик фирмалар салык декларациясын тапшырууга милдеттүү. Ал эми 1-апрелге чейин мамлекеттик, муниципиалдык кызматкерлер... Читать дальше...
Адатта көркөм гимнастика дегенде тасма менен шарикти ыргытып, ийилип-чоюлган сулуу кыздарды элестетишет. Эл аралык класстагы спорт чебери болгон Агата Быковская гимнастикада дагы дене-баш көгөрүп ооруп, сөөктөргө күч келерин айтып берди.
Ысык-Атада өгөй баласын сабоого шек саналган жаран кармалды. Беш жаштагы баласын өгөй атасы сабаганы тууралуу арыз менен милицияга баланын апасы кайрылган. Окуя 22-февралда, саат 21:00 чамасында болгон. Аялдын айтымында, ал күйөөсү менен телефон аркылуу уруша кеткен. Мындан кийин анын телефонуна уулунун таяк жегени тартылган видео тасма келген. Милиция арыздын негизинде 33 жаштагы тургунду кармаган. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, сабалган бала аялдын мурдагы никесинен. Читать дальше...
Ысык-Көлдө туристтерди тосуп иштеген беш студент кыз пандемияда жумушсуз калганда бош отурбаш үчүн ишкерлик кылууга өтүшкөн. Кыздар алдыдагы майрамдарга карата таттуу белектерди жасап, айылда жаңылык киргизишкен.
«Слово Кыргызстана» гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу Кифаят Аскерова бүгүн, 23-февралда сабалган. Бул тууралуу анын кесиптештери маалымдашты. Маалыматка ылайык, Аскерованы гезиттин коммерциялык директору Уматкүл Бралкеева сабаган. Кесиптештеринин айтуусунда экөөнүн мурдатан мамилеси начар болгон. Кифаят Аскерова №4 шаардык ооруканага жеткирилгени кабарланды. Чатакташуу учурунда Бралкеева да жабыркаганы кабарланууда. Кифаят Аскерованын сабалганы тууралуу маалыматты шаардык милиция да ырастады. Читать дальше...
Оппозициячыл партиялардын миңдеген тарапташтары, жарандык активисттер 23-февралда Грузия парламентинин алдында нааразылык акциясына чыгышты. Алар оппозициянын лидери Ники Мелианын бошотулушун талап кылууда. 4 миллион калкы бар Грузияда саясий кырдаал былтыр ноябрда өткөн шайлоодон бери курчуп турат. Анда бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы алдыга озуп чыккан. Оппозициячыл партиялар добуш берүүнүн жыйынтыгын таануудан баш тарткан. Грузин полициясы 23-февралда таңга маал оппозициячыл саясатчынын кеңсесине кирип... Читать дальше...
Кыргызстандагы “FactCheck.kg” cайтынын башкы редактору Болот Темиров АКШнын Мамлекеттик департаментинин Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгачкы сыйлыгына татыды. Темиров бүткүл дүйнө жүзү боюнча ачык-айкындуулук үчүн күрөшкөн 12 адам менен катар Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгачкы сыйлыктын ээси деп жарыяланды. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашкандай, бир топ талапкерлердин арасында Темиров коррупция жана уюшкан кылмыштуулукка көңүл бурган иликтөөчү журналист катары сыйлыкка ээ болду. Читать дальше...
Кыргыз элинин көрүнүктүү жазуучусу Мукай Элебаев (1906—1944) жана анын чыгармачылыкка өзгөчө жоопкерчиликтүү мамилеси тууралуу адабиятчы Бекташ Шамшиевдин блогу.
Жергиликтүү “FactCheck.kg” порталы «Кыргыз бажысынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө таандык “хан сарай”» деген видео жарыялады. Анда Бишкектин тоо тарабындагы бир гектар жерди ээлеген заңгыраган үч үйдүн тарыхы баяндалат. “FactCheck.kg” порталынын жети жарым мүнөттүк иликтөөсүндө Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына канаатташ жайгашкан, эл арасында «VIP шаарча» деп аталган конушта бир гектардай жерге салынган үйлөр жөнүндө көрсөтүлөт. Журналисттер... Читать дальше...
«Азаттык» радиосунун өзбек кызматы мамлекеттик компаниялар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев үчүн көз жоосун алган жашыруун эс алуу жайын курушканын өз иликтөөсүндө аныктады. Ал комплекстин ичинде суу сактагыч да бар экени маалым болду. «Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын иликтөөсү жергиликтүү жашоочулар, комплексти салган курулушчулар жана ал жайга тиешеси бар адамдар менен маектерге негизделген. Комплекс Угам-Чаткал улуттук паркынын аймагында жайгашкан. Бул аймактын бир бөлүгү ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Читать дальше...
Грузин полициясы оппозиция лидери Ника Мелианы 23-февралда таңга маал камакка алган. Кеңсеге кирген полиция күч колдонуп, көздөн жаш агызуучу газ чачкан. Оппозиционердин айрым тарапташтары да камакка алынганы кабарланды.
Кыргызстандык спортчунун тепкен тобу бразилиялык Роналдиньонун 2002-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын чейрек финалындагы легендарлуу гол киргизгенин эске салды.
Ооганстанда кандуу чабуулдар күч алган маалда коронавируска каршы эмдөө башталды. Алгачкылардан болуп коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрүнө, медкызматкерлерге жана журналисттерге вакцина сайылат. Ай башында согуштан башын көтөрө албай келаткан мамлекет "AstraZeneca" компаниясынын 500 миң доза вакцинасын алган. «Мен ооган элин коронавируска каршы эмдөө өнөктүгүнүн башталышы менен куттуктайм. Бул ооганстандыктар үчүн чоң мүмкүнчүлүк», - деди Ооганстандын президенти Ашраф Гани. Расмий маалыматтарга караганда... Читать дальше...
Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов 23-февралда Орусияга иш сапар менен барды. Анын алкагында Шыкмаматов Москвадагы "Кыргызстан" павильонунун иши менен таанышты. Мындан тышкары павильон жайгашкан "Москва" жармаңке-көргөзмө комплексинин башчысы Омар Муртузалиев менен жолугушуп, Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды Орусиянын базарларына кеңири чыгаруу маселесин талкуулады. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдагандай, Омар Муртузалиев жармаңке-көргөзмө... Читать дальше...
Ош шаарында дотацияда отурган муниципалдык ишканаларды жоюу же жеке менчикке өткөрүү сунушталууда. Ош шаардык кеңеши 18-февралда 2021-жылга карата Ош шаарынын казынасын 1 млрд. 357 млн. 700 миң сом деп бекитти. Каражаттын басымдуу бөлүгү турак жай жана коммуналдык чарбага бөлүнгөн — 404 млн. 251 миң сом. Билим берүү тармагына 396 млн. 393 миң сом, жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга 302 млн. 258 миң сом каралган. Каржалган казынадан карызга кеткен каражаттар Мамлекеттик кызмат көрсөтүү... Читать дальше...
Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская жарандарды 25-мартта бийликке каршы нааразылык чараларын улантууга чакырды. «Телеграм» тиркемесинде 22-февралда жарыялаган билдирүүсүндө Тихановская соңку бир нече айдан бери Александр Лукашенко «Беларуста болуп көрбөгөндөй кризис гана жаратпастан, көз карандысыз мамлекеттин башкы коркунучуна айланды», - деп жазды. «Лукашенко Беларусту алган насыяларга жана колдоого айырбаштап, бөлүп-бөлүп сатууга даяр», - деди Тихановская. Ошол эле дүйшөмбү... Читать дальше...
Америка Кошмо Штаттары Бирма (Мьянма) аскердик хунтасынын эки мүчөсүнө каршы 1-февралдагы төңкөрүшкө байланыштуу чектөөлөр киргизип, мындан кийин да кошумча жазалоо чаралары көрүлөт деп эскертти. АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы жарыялаган маалыматка караганда, Бирманын Аскер аба күчтөрүнүн башкы командачысы, генерал Маун Маун Чжо жана Башкы штабдын мурдагы башчысы, генерал-лейтенант Моу Мин Тун санкцияларга кабылышты. Генерал Моу Мин Тун ордо шаар Нейпидодогу... Читать дальше...
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары комитети Кыргызстандагы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында табышмактуу себептер менен каза тапкан бажы кызматкери Фирусхан Физиевдин өлүмү боюнча чечим чыгарды. 19-февралда чыккан чечимде Кыргызстанда Физиевдин өлүмүнө байланыштуу иш тиешелүү деңгээлде каралбаганы жазылган. Бул тууралуу Кыйноолорго каршы коалиция маалымдады. Коалициянын мүчөсү, "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулованын "Азаттык"... Читать дальше...
Кыргызстанда 23-февраль - Мекенди коргоочулардын күнү катары белгиленип келет. Буга байланыштуу аймактарда, күч түзүмдөрүндө ар кандай иш-чаралар өттү. Мекенди коргоочулар күнүн утурлай Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров куттуктоо жолдоду. Анда президент мекенди коргоочулардын күнүн жалпы мамлекеттик масштабда белгилөө - жаш муунду атуулдук сезимге тарбиялоонун өрнөгү болорун белгилеген. «Аскер кызматчыларынын азыркы мууну кыргыз армиясынын мыкты салттарын татыктуу улантып келет. Жоокердик милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып... Читать дальше...
Канаданын парламентинин Өкүлдөр үйү расмий Бээжин уйгурларга карата ыдык көрсөтүп жаткан саясатты “геноцид” деп баалоо тууралуу чечимди добушка салып жактырды. Расмий Бээжин болсо өз өлкөсүндөгү этностук азчылыктарга карата мамилени адамзат өрүшүнүн жаркын бир өрнөгү катары шардана кылды. КЭРдин Борбордук Азиядагы коңшулары бул маселени дээрлик билмексенге салышууда. Кытайдагы уйгурлар “геноцидге кабылып жүргөн жана азыр да кабылууда” деген тыянак камтылган токтом Канада парламентинин Өкүлдөр үйүндө дүйшөмбү күнү... Читать дальше...
Интернетте Россиянын президенти Владимир Путин менен Беларусь башчысы Александр Лукашенконун зуулдатып лыжа тепкен видеосу пайда болду. Мамлекет башчылардын эс алып жаткан учуру RT басылмасынын Youtube каналына жарыяланды.
22-февралда Баткен облусунун Лейлек районундагы Борбордук-Арка (Хожент-Канибадам) жолунун боюна жайгашкан ресторанда эки тараптын өкүлдөрү жолугушту. Жолугушууга Кыргызстандын Лейлек, Тажикстандын Гафуров райондорунун акимдери, прокурорлору, милиция, коопсуздук жана чек ара кызматтарынын аймактык жетекчилери катышты. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев "Азаттык" радиосуна чек араны мыйзамсыз бузуп кармалган кыргызстандык тогуз жаранды, Кыргызстанда да ушундай себеп менен кармалып... Читать дальше...
Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, ондогон поэтикалык китептердин автору жана У.Шекспирдин, Ф.Шиллердин драмалык чыгармаларын которгон акын Бактыгүл Чотурова менен чыгармачылыктагы чыйыры, соңку жаңылыктары тууралуу маек.
Ирак бийликтери Багдад шаарындагы «Жашыл аймак» 22-февралда ракета соккусуна кабылганын билдирди. Багдадга карай атылган үч ракетанын экөө өзгөчө коопсуздук режимдеги аймакка, бирөө – борбор шаардын башка жагына түшкөнүн ирак аскер жетекчилиги маалымдады. АКШ өкүлдөрү ракеталардын бири Багдаддагы америкалык элчиликтин жанына түшкөнүн, андан эч ким жабыр тартпагандыгын билдиришти. АКШнын аскер өкүлдөрүнүн айтымында, алгачкы маалыматтарга караганда, «Катюша» ракеталары АКШнын Багдаддагы элчилигинин жанына түшкөн... Читать дальше...