Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 297 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды. Илдеттен көз жумгандар катталган жок. Бул тууралуу 13-декабрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады. Илдет жаңы катталгандардын басымдуу бөлүгү дагы деле Бишкек шаарына (93), Чүй облусуна (66) жана Ысык-Көл облусуна (57) туура келет. Ош шаарында 9, Жалал-Абад облусунда 25, Баткенде 17, Ош облусунда 14, Таласта 9, Нарында беш адам коронавирус жуктурган. 12-декабрга карата... Читать дальше...
Мушкерлердин кармашы промоушендин бүгүн, 13-декабрда, Лас-Вегаста өткөн мелдешинин башкы беттештеринин бири болду.
Бийликтин сот бутагынын көз карандысыздыгына жетишмейинче, эч кандай демократиялаштыруу далаалаттары майнап бербейт. Жаш илимпоз Медер Айтмырзаевдин кезектеги блогу.
Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC 256 мелдешинде бразилиялык Ринато Мойкананы биринчи раундда эле нокаут менен утуп, UFC уюмунда үчүнчү ирет жеңишке жетти. UFC 256 деген аталыштагы мелдеш 13-декабрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өттү. Мында Физиев 70 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. Рафаэл Физиев 19-июлда Абу-Даби шаарында өткөн мелдеште британиялык мушкер Марк Диакиез жеңип алган. "Атаман" деген каймана ат менен белгилүү Рафаэл Физиев 2019-жылдан бери UFC уюмунда мелдештерге катышып келет. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 12-декабрдагы отурумунда Садыр Жапаровду президенттик жарыштан четтетүү тууралуу арызды четке какты. Арыз менен башка талапкерлер Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев жана Бектур Асанов 9-декабрда БШКга кайрылышкан. Алар Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу катары шайлоого катышууга укугу жоктугун белгилеп, ошол эле учурда Жапаров өкмөт башчылык кызматтан толук кетпегени да “Шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамды бузат деп билдиришкен. БШКнын маалыматына караганда... Читать дальше...
Экономика министрлигинин коомдук кеңеши бюджетти толтуруу деген негиз менен салык органдарынын ишкерлерге карата кысымы күчөгөнүн жарыялады.
Рафаэль Физиев алгачкы раундда колу менен бир нече күчтүү сокку уруп, атаандашы Ренато Мойканону нокаутка түшүрдү.
Быйыл 9-ноябрдагы үч тараптуу билдирүүгө ылайык эртеси башталган Тоолуу Карабактагы ок атышууларды токтотуу тартиби алгачкы ирет бузулгандыгы кабардалды. 12-декабрда Азербайжандын Коргоо министрлиги Тоолуу Карабактагы майдан тилкесинде ок атышууну токтотуу эрежеси аз убакытка бузулгандыгы жөнүндө билдирүү жарыялады. «Армян тарабы Азербайжандын бошотулуп алынган аймактарында ок атышууну токтотуу тартибин бузууга багытталган провокациялык иш-аракет жасады. Азербайжандын Куралдуу күчтөрү тиешелүү түрдө жооп берүү чараларын жүзөгө ашырды»... Читать дальше...
АКШнын ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун кеңеш берүү комиссиясы 12-декабрдагы чечими менен коронавируска каршы алгачкы вакцинаны кеңири колдонуу үчүн сунуштады. Эмдөө тажрыйбасы боюнча кеңеш берүү комитети (The Advisory Committee on Immunization Practices; ACIP) америкалык Pfizer компаниясы менен германдык BioNTech компаниясы биргелешип чыгарган вакцинаны 16 жаштан жогорку америкалыктарга эмдөө үчүн колдонууга уруксат берди. 11 адистин бардыгы бир ооздон бул сунушту колдошту. Эми... Читать дальше...
Австриялык таанымал кино өнөрпозу Кристоф Вальц (Christoph Waltz) «Paramount» студиясы тарткан жаткан чакан сериалда Советтер Биримдигиндеги реформачыл "Кайра куруулар" доорунун демилгечиси болгон КПСС Борбордук Комитетинин акыркы Башкы катчысы Михаил Сергеевич Горбачёвдун ролун аткармакчы. Бул тасмада анын атаандашы болгон кейипкер – АКШнын 40-президенти Роналд Рейгандын ролун америкалык белгилүү кино өнөрпозу Майкл Дуглас аткарат. Бул чакан сериалдын окуялары президент Рейгандын мурдагы... Читать дальше...