Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-декабрда УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Дүйшөнбек Чоткараевдин бөгөт чарасын карап, аны тергөө аяктаганча камакта калтырууну чечим кылды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлагандай, Чоткараев сот чечимине ылайык, тергөө аяктаганча атайын кызматтын тергөө абагында кармалат. УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Дүйшөн Чоткараев өлкөгө аткезчилик жол менен ташылып келген 22... Читать дальше...
Эртең, 13-декабрда Кыргызстандын айрым аймактарында кар жаайт. Жолдор тайгалак болот. Ойдуң жерлерди туман каптайт. Абанын температурасы: Талас, Чүй облустарында түнкүсүн -9...-15, күндүз -2...-7, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4...-9, күндүз -2...+3, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...+5, Нарын облусунда түнкүсүн -21...-16, күндүз -1...-6, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -31, күндүз -8...-13. Борбор калаа Бишкек шаарында түнкүсүн -10...-12, күндүз -4...-6 градус суук болот.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 12-декабрдагы жыйынында 18 адамды президенттик шайлоого талапкер кылып каттады. Расмий маалыматка ылайык, төмөнкү жарандар Кыргызстандын мамлекет башчылыгына ат салышат: Мадумаров Адахан Кимсанбаевич; Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич; Исаев Канатбек Кедейканович; Тагаев Рашид Бакирович; Байгуттиев Женишбек Сейтбекович; Сооронкулова Клара Сыргакбековна; Касенов Аймен Абдыталипович; Арстанбек Мыктыбек; Калмаматов Бактыбек Орозалиевич; Ташов Имамидин Асамидинович;... Читать дальше...
Николай Рерих атындагы үй музейинде 5-декабрда “Кыргыз Ата, кыргыз Эненин келиши” аттуу күү кечеси болду. Аталган кечеде күү атасы аталган Кенжебек Алдаяр жаңы чыгарган жети күүсүн жана Кара Молдонун “Камбаркан (Сынган Бугу)”күүсүн чертти.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын демилгеси менен Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун эстелиги коюлду.
Учурда жарым финалдык беттештердин алдында тыныгуу жарыяланды. Кыргызстандык эки балбан тең финалга чыгуу үчүн россиялык спортчулар менен кармашат.
Конституцияны эмес, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү туура болмок. Бул тууралуу президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин бири, мурдагы эмгек жана социалдык коргоо министри Улукбек Кочкоров 11-декабрда “Азаттыкка” курган маегинди билдирди. Ал октябрдагы элдик толкундоолор, “Биримдик” партиясы, азыркы саясий жана экономикалык кырдаал, Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаров тууралуу суроолорго жооп берди.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК)12-декабрдагы отурумунда 10-январга дайындалган мөөнөтүнөн мурда болуучу президенттик шайлоого ЕККУнун 21, Орусия Боршайкомунун бир, "Аденауэр" фондунун бир өкүлүн эл аралык байкоочу катары каттады. БШКнын маалыматына караганда, 12-декабрга карата 19 өлкөдөн жана тогуз эл аралык уюмдан жалпы 78 байкоочу катталды. Боршайком президенттикке талапкер болуш үчүн БШКга арыз жазган 18 жарандын топтогон колун жарактуу деп тапкан. БШКга баш-аягы 21 жаран кол тамгаларды өткөргөн. Читать дальше...
Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан менен АКШнын мамилесине байланыштуу бир аптада карама-каршы маанидеги эки башка билдирүү жасады. Бул калыптана элек дипломатия катары мүнөздөлүүдө.
АКШнын Жогорку соту Техас штатынын 3-ноябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын кайра кароо тууралуу доо арызын кароодон баш тартты. Бул доо арызды өлкөдө республикачылар үстөмдүк кылган 17 штат жана президент Доналд Трамп өзү да колдоого алышкан эле. Жогорку сот башка штаттарда добуш берүү амалдарын кайра карап чыгуу тууралуу Техас штаты жетишерлик негизге ээ эместигин белгиледи. Бул чечимди соттогу 9 мүчөнүн 7си колдоп чыкты, алардын ичинен Трамп өзү дайындаган үч мүчө тең сот чечимине макул болушту. Читать дальше...
Жылдын мыкты футболчусун тандоо боюнча добуш берүү 9-декабрда аяктаган. Сыйлыктарды тапшыруу салтанаты 17-декабрда онлайн форматта өтөт.
Иран бийлиги Рухолла Зам ысымдуу оппозициячыл маанайдагы журналистти өлүм жазасына тартты. Анын онлайн ишмердиги калайыкты 2017-жылы жалпы өлкөдө экономикалык суроо-талаптар менен нааразылык чараларын уюштурууга шыктандырган болчу. Жарым-жартылай өкмөттүк ИСНА кабар агенттигинин 12-декабрдагы маалыматына караганда, Тегерандын Ыңкылапчыл прокурорунун кеңсеси Замды өлүм жазасына тартуу дарга асуу жолу менен ишке ашырылгандыгын жарыя кылган. Бул кабардан соң, укук коргоочулар ирандык бийликтерди терең айыпташты. Читать дальше...
Бир катар эл аралык уюмдар Өзбекстанда кумсаларды куугунтуктоону жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууну токтотууга бийликти чакырышты. Азыркы мыйзамдар боюнча кумсалык кылгандар үч жылга чейин эркинен ажыратылат. Мындай мазмундагы петицияны Amnesty International, Freedom House, "Борбор Азиядагы адам укугу" ассоциациясы жана башка уюмдар демилгелешти. Анда быйыл январда жана майда БУУнун кыйноолорго каршы комитети жана адам укугу комитети өзбек бийлигине кумсалык үчүн кылмыш жоопкерчилигин алып салуу сунушу берилгени жазылган. Читать дальше...
"Бишкектеги феминисттик демилгелер" коомдук уюму бүгүн, 12-декабрда гендердик теңсиздик, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы "Жетишет" деп аталган жөө жүрүшкө чыкты. Колдоруна "Зордук-зомбулукка көз жумууну токтот!", "Зомбулукту жоюуга салымыңды кош" деген чакырыктар жазылган плакаттарды кармаган активисттер темир жол бекетинен Курманжан датканын Эркиндик бульварындагы эстелигине чейин басып барышты. Эстеликтин жанында бир сааттай митинг болду. Иш-чарага катышкандардын басымдуу бөлүгү - кыз-келиндер. Алар хор менен... Читать дальше...
Бүлүнгөн турмуш, ажырашкандардын кайра жарашуусу кыйын. Келме кезек, ошол эки башка өмүр жолундагы адамдар деле бир кездеги жаздым кадамын ойлоп, өткөндүн сабагын өкүт менен эскеришет. Замирбек Үсөновдун “Нөшөрлүү түн” аңгемесинде ажырашып кеткендердин өкүтү, арыз-арманы көркөм изилдөөгө алынган. Күтүү Замирбек Үсөнов Алайдын Корул деген айылында төрөлүп, эр жеткенде Дүйшөмбү шаарынан билим алып ошол жерде иштеп, кийин Орусияга кетип ал жакта тууган жерге сагынычы ыр болуп төгүлүп, соңунда кара сөзгө бурулган экен. Читать дальше...
"Настоящее время" телеканалынын кабарчысы Роман Васюкович 11-декабрда Минскидеги аэропортто кармалды. Бул тууралуу "Азаттыктын" беларус кызматына журналист өзү маалымдады. Анын айтымында, Киевден жумушчу сапардан кайтып келе жаткан кабарчыны Минск аэропортунан кармаган күч кызматкерлери жарым сааттан кийин ноутбугун алып калып, өзүн кое беришкен. Ноутбукту алар "экстремизмге текшерүү" үчүн алып кала турганын айтышкан. Роман Васюкович Беларустагы массалык нааразылык акцияларын тынымсыз чагылдырып келген. Читать дальше...
Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун 20 жаштагы кызы Хадижат Кадырова Грозныйдагы мектепке чейинки билим берүү департаментинин башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу 11-декабрда парламенттин төрагасы Магомед Даудов "Инстаграмдагы" баракчасына жазганын "Кавказ.Реалии" сайты маалымдады. Хадижат Кадырова 20 жашта. Мурдараак анын эжеси Айшат маданият министринин орун басарлыгына дайындалган. Чеченстанда жетекчилик кызматтарга Кадыровдун жакындары арбын дайындалат. Ноябрь айында президенттин... Читать дальше...
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 341 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды. Каза тапкандар катталган жок. Бул тууралуу 12-декабрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады. Илдет жаңы катталгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарына(112), Чүй облусуна (93) жана Ысык-Көл облусуна (68) туура келет. Ош шаарында 4, Жалал-Абад облусунда 35, Баткенде 17, Ош облусунда 14, Таласта 6, Нарында эки адам коронавирус жуктурган. 12-декабрга карата соңку бир күн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар... Читать дальше...
АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармекке көзөмөл жүргүзүү мекемеси америкалык «Pfizer» жана германиялык «BioNTech» компаниялары биргелешип COVID-19 илдетине каршы даярдаган вакцинаны чукул кырдаалда колдонууга уруксат берген чечим чыгарды. Президент Дональд Трамп коронавируска каршы эмдөө сутка ичинде башталарын жарыялады. Маалыматка ылайык, жыл аягына чейин 2,9 млн. кишиге вакцина сайылат. Вакцинанын натыйжалуулугу 95 пайыз деп бааланууда. "Америка абазы" радиосу маалымдашынча, биринчилерден болуп медицина кызматкерлери... Читать дальше...
Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) колдоосу менен жергиликтүү төрт уюм Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жаткан президенттик шайлоонун уюштурулуусуна байкоо жүргүзөт. "Медиа өнүктүрүү борборунун" өкүлү Айжамал Жаңыбаеванын журналисттерге билдиргени боюнча, учурда маалымат каражаттары, интернет айдыңында президенттик шайлоого даярдыктын жүрүшүн чагылдыруу талданып жатат. Анда маалымат каражаттары тарабынан бардык талапкерлерге бирдей мамиле, журналисттик этиканын жана шайлоо... Читать дальше...
Эки мушкердин беттеши UFC 256 мелдешинин жогорку кардына коюлган. Кармаш жекшембиде АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт.
Кыргызстанда 12-декабрь - жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн урматына Адабият күнү катары белгиленет. Бул датага байланыштуу Бишкектеги Илимдер академиясынын алдында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылат. Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театрында салтанаттуу иш-чара болот. Ал Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романы боюнча сахналаштырылган спектакль менен коштолот. Улуттук адабият күнүн белгилөөнү 2011-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты, маркум Эгемберди Эрматов сунуш кылган. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мекеменин төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыялады.
Тоң районундагы Кара-Талаа айылынын "Арал" участогунда 11-декабрь күнү кечинде эки балыкчы чөгүп кеткен. Окуя болгон жерге Тоң районунан куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү эл барган. Издөө иштеринин жыйынтыгында Кара-Талаа айылынын 43 жана 50 жаштагы тургундарынын сөөгү 3 метр тереңдиктен, жээктен 20 метр алыс жерден табылды. Балыкчылардын кайыгы суунун астында калган. Куткаруучулар сөөктү Тоң райондук милиция кызматкерлерине тапшырып берди. Укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын... Читать дальше...