Кытайдын бийлиги жекшембиге карата 57 адам коронавирусту жуктурганы аныкталганын, бул акыркы эки айга жакын убактан берки суткалык эң чоң көрсөткүч экенин билдирди. Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын маалыматына караганда жаңы катталгандардын 36сы - Бээжинде. Бул ирет вирус өлкө ичинде жуккан деп таанылды. Инфекциянын кескин таралуусун башкалаадагы «Синьфади» азык-түлүк базарынын иштешине байланыштырышууда. 13-июнда базар жабылып, айланасындагы 11 маалеге обочолонуу режими киргизилди. ... Читать дальше...
Мурдагы муфтий, дин аалымы Чубак ажы Жалилов "Марал" радиосунда аялга жасалган Сузактагы зомбулукту сындап, коомчулукту үй-бүлөдөгү зомбулукка маани берүүгө чакырды. “Коом тирүү болушу керек. Мындай адамдарга маани берип, токтото турган болсок бардыгы ордуна келет. Бул бир адамды ургандык эмес, падышабыз баш болуп, акыркы кишиге чейин дөңгөлөк илип, ага ташты салып, үстүбүзгө арыктын кир суусун куйганга тете болду. Эгерде ушундай окуяга маани бербей атсак демек баарыбыз кордолуп отурабыз дегенди билдирет”, - деди Жалилов. Читать дальше...
Акция «Инстаграм» аркылуу @tajadym деп аталган баракчада 14-июнь күнү саат 21:00дө башталды. Интернетте уюштурулган митингге модератор Алия Суранова алып баруучу Назира Айтбекова, ырчы жана активист Зере Асылбек кызы жана башка спикерлерге сөз берип, аялдар зомбулугун, аны токтотуу маселелерин талкуулашты. Спикерлер бул жалпы коомчулуктун көйгөйү экенин белгилеп, бийлик, жарандык коом ага каршы батыл чараларды көрүүсү зарыл экенин айтышты. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аялына зомбулук... Читать дальше...
Мухайё Абдураупова Ош шаарында адам укугун коргоо боюнча адвокат болуп иштейт. "Позитивдүү диалог" коомдук фондун уюштуруп, коомдогу аяр катмарга укуктук жардам берүүдө. Абдураупова көбүнчө үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын сотто коргойт. Сузактагы окуя тууралуу пикирин айтты.
13-июнда Кочкорлук чабандардын Кара-Кужур аймагына киришине каршы болгон Нарын районунун тургундары жайлоодо жыйын курду. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Кара-Кужур аймагына 60тай киши чогулган. Кырдаалга милиция көз салып турду. Чогулгандарга өкмөттүн Нарындагы өкүлү Эмилбек Алымкулов жолукту. Кара-Кужур аймагынын тургуну Нурлан Кашкалиевдин айтымында Кочкор районунун чабандары Кара-Кужур кыштоосуна мыйзамсыз көчүп келишкен. "Кара-Кужур - бул кыштоо. Читать дальше...
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова өкмөткө караштуу Аялдар иши жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басмө сөз кызматы маалымдады. Кезексиз жыйын Жалал-Абад облусунун Сузак районунда катталган үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу болду. Видео конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик жана мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Вице-премьер-министр Аида Исмаилова аялдардын зомбулукка кабылган учурлар токтобой жатканын белгиледи. Читать дальше...
Беларуста алдыдагы президенттик шайлоодо Александр Лукашенконун башкы атаандашы болору күтүлүп жаткан оппозициядагы саясатчы Виктор Бабарико экономикалык кылмыштарга айыптала баштады. 11-июнда оппозициячыга байланышы бар банк менен компанияларга рейд жүргүзүлгөн. 12-июнда тергөөчүлөр Бабарико салыктан качканы жана арам акчаны адалдаганы тууралуу «ынанымдуу далилдери» бар экенин билдиришти. Президенттин басма сөз кызматы «Белгазпромбанктын» 15 азыркы жана мурдагы кызматкери кармалганын билдирди. Читать дальше...
“Эже-сиңдилер” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында жардамга муктаж жалгыз бой энелердин жагдайы тууралуу баарлаштык. Карантин маалында иштеген ыктыярчылар, укук коргоочулар айрыкча күнүмдүк жумушту жасап, акча таап, балдарын баккан жалгыз бой энелер оор абалга кептелгенин айтып чыгышкан.
Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөсү коронавирус эпидемиясынан "ишенимдүү жана аз жоготуу менен" чыгып баратканын билдирди. Президенттин "Россия" телеканалына берген маегинин айрым бөлүктөрүн журналист Павел Зарубин 14-июнда жарыялап, пандемия учурундагы Путиндин алгачкы маеги экенин белгиледи. Анда орус президенти Кошмо Штаттарынын коронавируска каршы күрөшүнө да токтолду. АКШда «партиялардын кызыкчылыгы эл кызыкчылыгынан жогору» коюлуп калганын, ошондой эле президенттин сөзүнө штат губернаторлору кулак салбай жатканын... Читать дальше...
Британия полициясы ишембидеги Лондондогу каршылык акциясы учурунда тартип сакчыларына кол көтөргөн жүздөн ашык адам кармалганын билдирди. Буга коомдук тартипти бузган бейбаштык, полицияга кол салуу жана курал алып жүрүү себеп болгону белгиленди. Премьер-министр Борис Жонсон бул көрүнүштү “биздин көчөлөрдө расисттик бандитизмге орун жок” деп айыптады. Ишембиде расизмге каршы чыккандардын жүрүшү өткөн. Ошондой эле ашкере оңчул активисттер да расизмге каршылардан эстеликтерди коргоо үчүн көчөгө чыкканын билдиришкен. Читать дальше...
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы «Өзгөчө абал учурунда иштеген күч кызматкерлерине кошумча төлөм берилбегендиктен Бишкектин төрт районунун милиция кызматкерлери иш таштаганы жатат» деген маалыматты четке какты. Шаардык милиция күч кызматкерлерине кенемте төлөө боюнча маселе Ички иштер министрлигинин (ИИМ) көзөмөлүндө экенин, тиешелүү документтер Финансы министрлигине жөнөтүлгөнүн кабарлады. Kaktus.media интернет-басылмасы милициядагы жеке булактарына таянып, 15-июндан тартып Бишкектин төрт... Читать дальше...
Коронавирус пандемиясынан улам киргизилген карантин маалында Мадрид шаарында “Реал Мадрид” футбол клубуна таандык “Сантьяго Бернабеу” стадиону реконструкцияланып жатат.
Бир жыл илгери Касым-Жомарт Токаев президенттик антын берген. Анын бир жылдык өлкө башкаруусу кандай өттү?
Орусиянын Буденновск шаарындагы барымта окуясына 25 жыл болду. Беш күн бою талаа командири Шамил Басаев баштаган согушкерлер бир жарым миңдей кишини жергиликтүү ооруканада туткунда кармап турушту.
Месси ишембидеги беттеште Испания-2019/20 сезонундагы 20-голун киргизип, жеке рекордун каттоого жетишти.
Бул маселе партиянын аймактык жана райондук жетекчилеринин жолугушуусунда талкууланып, партиянын активи учурдагы бийликтин саясатына карата оппозициялык багытын белгилегени кабарланды. Жыйындан тартылган тасманы «Ата Мекен» партиясы «Фейсбуктагы» расмий баракчасына жарыялады. 5-июнда Кыргызстанда «Жаңы дем» деген ураан алдында жаңы саясий альянс түзүлгөнү «Ата Мекен» партиясынын кеңсесинде жарыяланган. Биригүү тууралуу меморандумга «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Ак Шумкар» партиясынын төрагасы Темир Сариев... Читать дальше...
Англиянын Ньюкасл университетинин саясий география боюнча профессору Ник Мегоран 2017-жылы «Борбор Азиядагы улутчулдук» аттуу китебин чыгарган. Ал июнь коогасынын тамырын Кыргызстандагы улутчулдук менен түшүндүрүп, ага тил, геосаясий жагдай жана биримдиктин жоктугу шыкак болуп жатканын жазган.
14-16-июнь күндөрү өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34; Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33; Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25; Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10 градус болот. 15-июнда Бишкекте жаан жаабайт. Читать дальше...
Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртановго коронавирус жугуп ооруканага жатты. Бул тууралуу ал 14-июнда «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, «Достор, тилекке каршы коронавируска тапшырган акыркы тестим оң натыйжа көрсөттү. Ошондуктан инфекциялык ооруканага жаттым» деди. Министр бардык санитардык талаптарды сактаганына карабай илдетти жуктуруп алганын айтып, элди карантин эрежелерин сактоого жана беткап тагынып, коомдук жайларда социалдык аралыкка көңүл бурууга чакырды. Казакстандын... Читать дальше...
Англиянын Ньюкасл университетинин саясий география боюнча профессору Ник Мегоран 2017-жылы «Борбор Азиядагы улутчулдук» аттуу китебин чыгарган. Ал июнь коогасынын тамырын Кыргызстандагы улутчулдук менен түшүндүрүп, ага тил, геосаясий жагдай жана биримдиктин жоктугу шыкак болуп жатканын жазган.
Ушуну менен кыргызстандык спортчу Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) алкагында үчүнчү ирет октагонго чыгып жатат.
Акция «Инстаграм» аркылуу @tajadymm деп аталган баракчада 14-июнь күнү саат 21:00дө өтөт. Уюштуруучулардын бири Чолпон Абдрахманова митингде алып баруучу Назира Айтбекова, ырчы жана активист Зере Асылбек кызы жана башка спикерлер сөз сүйлөй турганын айтты. «Үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча акыркы окуялар биздин жүрөгүбүзгө тийди. Ошондуктан бул маселени талкуулап, ушуга окшогон жаман көрүнүштөрдү айыптоо максатында онлайн митинг өткөргөнү жатабыз», - деди Абдрахманова. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда... Читать дальше...
Кыргызстанда юридикалык билими бар сурдокотормочулардын базасы жаңыртылып, анын катары окуу курсунун 14 бүтүрүүчүсү менен толукталды. Окуу «ZOOM» онлайн программасы аркылуу 2020-жылдын 11-майынан 8-июнуна чейин өткөрүлдү. Ушул тапта базада жалпысынан юридикалык билими бар 59 сурдокотормочу бар, анын 42си - Бишкек, 14ү - Ош, экөө Талас жана бирөө Нарын шаарынан. Базанын жардамы менен майыптыгы бар адамдар жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү юридикалык билими бар сурдокотормочуларды сот отурумдарына... Читать дальше...
13-июнда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Анжиян шаарынын ички иштер бөлүмүнүн үч кызматкери кармалганын маалымдады. 11-июнда шаардын 32 жаштагы тургуну А.Абдукаримов комадан чыкпай каза болгон. Ал 30-майда шаардагы 4-ички иштер бөлүмүнө суракка барып, денесинде кыйноонун тактары менен ооруканага эс учун билбей жеткирилген. Маркумдун карындашы социалдык тармактарга: «Шаардагы 4-ички иштер бөлүмүнө агам сопсоо кеткен, эми карагылачы, комада, өлүм алдында жатат», - деген видео тасма тараткан. Абдукаримов 11-июнда каза болгон. Читать дальше...
Өнөкөт бөйрөк кемтиги менен жабыркап, өз каражатына гемодиализ алып келаткан 174 бейтап бюджеттин эсебинен диализ алууга которулду. Бул үчүн өкмөттүн буйругу менен 75 млн. сом бөлүнгөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеме тараткан маалыматка караганда, алар дээрлик жарым жыл гемодиализди өз акчасына алып келишкен. Бейтаптарды мамлекеттик, бекер диализге которуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясынын жыйынтыгы менен эми 174 киши 15-июндан баштап бекер дарылана баштайт. Читать дальше...