АКШнын Мамлекеттик департаменти 2019-жылдагы дүйнө өлкөлөрүндөгү дин тутуу эркиндигинин абалы тууралуу жаңы баяндамасын жарыялады. Анда Кыргызстанда азчылыкты түзгөн диний топтор кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканы, маркумду жерге берүүдө жана расмий каттоодон өтүүдө дале маселелер бар экени белгиленген. Баяндамада өзгөчө өлкөнүн чакар шаарлары менен айылдарындагы диний азчылыктарга ыдык көрсөткөн көрүнүштөр тууралуу сөз болгон. Маселен былтыр январь айында Ысык-Көлдүн Ананьево айылында православ... Читать дальше...
Евразия экономикалык комиссиясы (ЕАЭК) Казакстан кыргыз-казак чек арасында көрүп жаткан чараларды "тоскоолдук" деп тааныды. Бул тууралуу 10-июнда “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Экономика министрлиги кабарлады. Ал эми Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги 10-июнда билдирүү таратып, Кыргызстан ортодогу чек арадан товар алып өтүүдөгү мыйзам бузуулар тууралуу “уккусу келбей жатат” деп айыптады.
Кыргызстан менен Казакстандын «соода согушу» тереңдеди. Расмий Бишкек бул маселени Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынына алып чыгып, маселе чечилбесе, аталган уюмдун ишин блоктоого барарын жарыялады.
Кыргызстанда 2010-жылдагы июнь коогалаңында набыт болгондорду эскерүү иш-чаралары өтүп жатат. 10-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаарындагы "Энелердин көз жашы" мемориалдык комплексине гүл коюп, набыт болгондорго куран түшүрдү. 2010-жылдагы июнь окуясында 400дөн ашык адам каза болуп, 2000ге чукул жаран ар кандай жаракат алган. "Human Right Watch" укук коргоо уюму атайын кайрылуу таратып, Кыргызстанда июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш иштеринин көбү акырына чыкпай калганын сындады.
Кыргыз-казак чек арасындагы бардык өткөрмө бекеттер ачылат. Мындай макулдашууга Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев менен Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин 10-июнда телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө келишти. Өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү “Азаттык” радиосуна кабарлагандай, өткөрмө бекеттерди ачуу сунушу казак өкмөт башчысынан түшкөн. “Сүйлөшүүдө кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаал талкууланды. Казак тараптын сунушу боюнча мамлекеттик чек... Читать дальше...
Австрия 16-июндан тартып Италия менен чек арасындагы текшерүүлөрдү токтоторун, ошондой эле Европанын 30дай өлкөсүнөн келген жарандар карантинге алынбай турганын жарыялады. Өлкөнүн тышкы иштер министри Александр Шалленберг 10-июнда билдиргендей, Швеция, Улуу Британия, Испания жана Португалиянын жарандары үчүн гана чектөө кала берет. Министр Британия менен Швецияда коронавируска чалдыккандар көп болуп жатканын, Испания болсо чек арасын июль айында гана ачаарын жүйө келтирди. Ал арада Венгрия менен... Читать дальше...
Эпидемиологиялык абалга карабай Москвада карантинди алуу чечимин айрым эксперттер июлдагы референдум менен байланыштырышат. Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда эки күндөн бери нааразылык билдирип, аянтта түнөп жаткан көп балалуу аялдар күчтөп карантинге жаткырылды. "Пандемиядан кудай коргойт" деген Бурундинин президенти 55 жашында жүрөгү кармап каза болду.
Евразия экономикалык комиссиясы (ЕАЭК) Казакстан кыргыз-казак чек арасында көрүп жаткан чараларды тоскоолдук деп тааныды. Бул тууралуу 10-июнда “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Экономика министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 9-июнда комиссиянын коллегиясы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө-көзөмөл пункттары боюнча маселени карап, казак өкмөтүнөн төмөнкүдөй ыкчам чараларды көрүүнү суранды: Кыргызстандан ташылып кирүүчү ЕАЭБ товарларын ашкере текшерүүнү токтотуу; Кыргыз-казак... Читать дальше...
АКШнын Миннеаполис шаарында полиция кармагандан көп өтпөй каза тапкан афроамерикалык Жорж Флойддун иниси Филониз 10-июнда Конгресстин Өкүлдөр палатасынын Юридикалык комитетинде көрсөтмө бергени жатат. Аны менен кошо Флойддун үй-бүлөсүнүн адвокаты Бен Крамп жана дагы он киши полициянын зомбулугу тууралуу ойлору менен бөлүшөт. Демократтар көзөмөлдөгөн палатанын бул комитети полициянын зомбулугу жана расалык теңсиздикке байланыштуу мыйзамдардын долбоорун даярдап жатат. Документ 4-июлда же АКШнын... Читать дальше...
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү театр жана кино актеру Марат Жантелиев 9-июнда 59 жашында катуу оорудан каза болду. Жантелиев чыгармачылык жолунда “Бопуш” деген каймана аты менен кеңири белгилүү болуп, театр жана кино тармагында, телекөрсөтүүлөрдө, концерттик программаларда сатиралык жанрдагы бир нече образды жогорку деңгээлде аткара алган.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” “АКИпресс-Турмуш” агенттигинде “кыргыз-өзбек чек арасындагы чырда таш тийген Айтбай Ахунов ооруканадан каза болду” деп жазылган маалымат чындыкка дал келбесин кабарлады. Маалыматта "Ахунов оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 31-майда чек арадагы чырда таш жеп, жараат алганы үчүн эмес, “Баш мээдеги кан айлануунун курч бузулушу, геморрагиялык инсульт” деген диагноз менен жаткырылган. 9-июнда саат 22:10 чамасында өз ажалы менен каза болгону аныкталды” деп жазылган. Читать дальше...
Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) директорлор кеңеши Украинага 5 миллиард доллар бөлүүнү караштырган 18 айлык программаны жактырды. Ага ылайык, Киев фонддон 2 миллиард долларды дароо алат. Калган каражат алдыдагы 1,5 жылдын ичиндеги төрт текшерүүдөн кийин берилет. Украин президенти Владимир Зеленский ЭВФ алдын-ала пландалгандан 200 миллион доллар көбүрөөк бермей болгонун, бул каражат өлкөдөгү COVID-19 илдети себеп болгон каатчылыктан жеңил өтүүгө жардам берерин "Твиттерге" жазды. Быйыл Украинанын... Читать дальше...
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинде шек саналган дагы 13 кишинин иши сотко өткөнү белгилүү болду. Тергөө менен кызматташканы үчүн алардын иши өзүнчө иликтенди.
Швециянын прокуратурасы мурдагы премьер-министр Улоф Палменин өлүмү боюнча тергөөнү токтотууну чечти. Палмени 1986-жылдын 28-февралында Стокгольмдун борборунда жубайы менен кинодон кайтып келатканда атып кетишкен. Бул ишти караган баш прокурор Кристер Петерссон кылмышка шектүү Стиг Энгстром 2000-жылы өз жанын кыйгандыктан, иш токтогонун билдирди. Энгстром мурдагы премьер Палменин солчул көз караштарына каршы чыгып келгени менен белгилүү болчу. "Кылмышты бир нече киши алдын-ала сүйлөшүп алып... Читать дальше...
Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги 10-июнда билдирүү таратып, Кыргызстан ортодогу чек арадан товар алып өтүүдөгү мыйзам бузуулар тууралуу “уккусу келбей жатат” деп айыптады. Министрлик казак тарап эч убакта тоскоолдук жаратпаганын белгилеп, Евразия экономикалык комиссиясы да ушундай бүтүмгө келгенин маалымдады: “Былтыркы жылдын башынан быйылкы жылдын июнь айына чейин казак-кыргыз чек арасынан Казакстан жана Орусияны көздөй дээрлик 80 миң жүк ташуучу автоунаа өткөн. Алардын арасынан... Читать дальше...
Түркиянын президентинин кеңешчиси Ялчын Топчу, Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш жана айрым мамлекеттик мекемелер залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун каза болгон күнүнө байланыштуу социалдык тармакта эскерүүлөрүн таратышты. Түрк жетекчилер Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү, жазуучуну даңктаган сөздөрдү жазышкан. Айтматовдун түрк тилине которулган «Ак кеме» жана «Кызыл жоолук жалжалым» повесттерин Түркиянын Билим берүү министрлиги орто мектептердин программасы үчүн «100 классикалык чыгарманын» тизмесине киргизген. Читать дальше...
Кыргызстанда 2010-жылдагы июнь коогалаңында набыт болгондорду эскерүү иш-чаралары өтүп жатат.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Аскар Шадиевди Жазык кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгү (“Мыйзамсыз баюу”) боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул берене менен Шадиев эки жылга чейинки мөөнөткө мамлекеттик кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылып, 60 миң сом айып салуу менен беш жылга кесилди. Мурдагы Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин 4-бөлүгүнүн (“Бир нече кылмыш жасаганы үчүн жаза белгилөө”) негизинде, Аскар Шадиевдин жалпы абакта жаза өтөө мөөнөтү 13 жыл болуп, мүлкү конфискацияланмакчы. Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ушу тапта кылмыш дүйнөсүндө «Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун иши боюнча кезектеги отурум өтүп жатат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна соттун басма сөз кызматы кабарлады. 39 жаштагы Жумагулов Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүү үчүн шектүү катары былтыр 11-апрелде кармалып, №1 тергөө абагына отургузулган. Аны менен кошо дагы эки адам кармалганы айтылган. Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган. Читать дальше...
Мындан 10 жыл мурун Кыргызстандын түштүгүндө улут аралык жаңжал тутанган. Коогада 400дөн ашуун адамдын каны төгүлүп, миңдеген турак-жай, имараттар өрттөнгөн. 10 жыл мурунку кайгылуу окуяга Жазгүл Эгембердиева сереп салат. ("Настоящее время" телеканалы даярдаган видео түшүндүрмө)
Жогорку Кеңеш 10-июндагы сессиясында КТРКнын Байкоочу кеңешинин 2019-жылдагы иш жөнүндө отчетун угуп жатат. Жыйында КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев телеканалда көп материалдар бурмаланып же эфирден такыр көрсөтүлбөй жатканын билдирди. Дагы бир депутат Рыскелди Момбеков 5-июнда "Ата Мекен" жана "Ак шумкар" партияларынын бириккени тууралуу иш-чара ободон кетпей калды деп сын айтты. КТРК жетекчилигин, байкоочу кеңешти калыс болууга чакырды. "Азамат Таалайбекович, (Ред: КТРКнын Байкоочу... Читать дальше...
Кыргызстандагы саясий күчтөрдүн парламентке шайлоонун камын көрүп, биригип жатышы ар кандай талкууларга жем таштоодо.
Аял 16 ирет химиялык, 33 ирет нур терапиясын алган. Мындан тышкары, рак клеткалары пайда болгон сүт бездерин алдырып, кийин кайра төшүнүн формасын калыбына келтирүүчү операция жасаткан.
АКШда полициянын колунан каза тапкан афроамерикалык Жорж Флойддун сөөгү 9-июнда Хьюстон шаарында жерге берилди.
Кыргызстандын телерадио тармагы боюнча мамлекеттик расмий органы Таластагы “3-канал” туш болгон окуяга байланыштуу билдирүү таратып, “кол салууну кескин айыптай турганын” белгиледи. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маалымат жана массалык коммуникация департаменти 10-июнда тараткан билдирүүдө “көз каранды эмес телеканалга кол салуу тууралуу кабар өтө чоң өкүнүү жана капалык менен кабыл алынганы, анткени Кыргызстан көптөгөн жылдардан бери сөз эркиндиги сакталып, корголуп келаткан демократиялык өлкө экени” айтылды. Читать дальше...