Кыргызстандык спортчу Абдурахманхажи Муртазалиев Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү болду. Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Муртазалиев бүгүн, 23-сентябрда грэпплингдин Gi түрүнөн 84 килограммга чейинки салмакта таймашка чыгып, үч беттеш өткөрдү. Алгач америкалыкты, андан соң жарым финалда италиялык спортчуну жеңип, финалга чыкты. Алтын байге үчүн таймашта польшалык Павел Недзини жеңип, дүйнө чемпиону аталды. Читать дальше...
Грэпплинг боюнча дүйнө чемпионаты Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өттү. Эки күнгө созулган мелдеш 23-сентябрда аяктады.
UFC уюмунун тарыхында америкалык спортчу каршылашын "бэкфист" ыкмасы менен нокаутка кетирген жетинчи мушкер болуп калды.
22-сентябрь күнү кечке маал Кара-Суу районунун Фуркат айылында атышуу болгону кабарланды. Анда Төлөгөн Рахманберди уулу аттуу жаран оор жаракат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн. Милиция атайын иликтөө ишин баштады.
Кой-Таш окуясына байланыштуу күч органдарынын жетекчилерин жоопко тартууну талап кылып арыздангандар Аскер прокуратурасында сурак беришти.
Улутчулдардын кезектеги чабуулу – Орусияда өзбек жаранына кол салган деген шек менен эки киши кармалды. Казакстанда көп балалуу энелер кайрадан нааразылык акциясына чыгышты. Үмүттү ээрчиген аракет – Орусияда Даун синдромуна чалдыккан адам мугалимдик кесипти аркалай баштады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 23-сентябрда "Украинанын президентин кызматтан алуунун (импичмент) өзгөчө жол-жобосу тууралуу" мыйзамга кол койду. Жогорку Рада бул мыйзамды 10-сентябрда кабыл алган эле. Документке ылайык, президент мамлекетке чыккынчылык кылды, же дагы башка кылмыш жасады деп айыпталса украин парламенти ага импичмент жарыялай алат. Ал үчүн Жогорку Рада убактылуу тергөө комиссиясын түзөт. Парламент президентти күнөөлүү деп тапса, депутаттар Конституциялык жана Жогорку сотторго кайрылышы керек. Читать дальше...
Кой-Таш окуясына байланыштуу күч органдарынын жетекчилерин жоопко тартууну талап кылып арыздангандар Аскер прокуратурасында сурак беришти. Алар 22-сентябрь, дем алыш күнгө карабай бир нече сааттан суралышканын, тергөөчүлөр басым-кысым кылып жатканын айтып арызданышты. Ал эми Аскер прокуратурасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын дооматын четке кагып жатат. Аталган мекеменин жетекчиси арыз жазгандардын укугун коргоо үчүн алар суралып жатканын жүйө кылды.
Кыргызстанда "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын 30 жылдыгы белгиленди. Бишкекте өткөн салтанаттуу иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик тилди бекемдеп, өнүктүрүү үчүн жакынкы жылдары ишке ашырууга зарыл болгон милдеттерди санап өттү.
Лия Абдыжапарова Кыргызстандагы якут келиндердин "Олонхо" диаспорасынын мүчөсү. 36 жыл мурда нарындык жигитке турмушка чыккан келин кыргыз тилин айылда апалардан үйрөнүп, азыр кыргызча түш жооруйт. Абдыжапарова Нарындагы лицейлердин биринде 20 жыл мугалим болуп иштеген.
Баткен облусундагы Лейлек районуна караштуу Максат айылына жакын кыргыз-тажик чек арасында талаштуу делген спорт аянтчасында эки тараптан чогулган жаштар үчүн футбол таймашы уюштурулду. 23-сентябрда өткөн оюнга Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов менен Тажикстандын чектеш Гафуров районунун жетекчиси Зариф Назири да катышты. Алардын айтымында, эми мындан ары эки тарап бул аянтчаны биргелешип пайдаланмай болушту. Бүгүнкү оюнга катышкан командалар эки тараптан аралашып түзүлдү. 16-сентябрда... Читать дальше...
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео дүйнө өлкөлөрүн Бээжиндин уйгурларды Кытайга кайтаруу талабына каршы турууга үндөдү. Казакстанда 21-сентябрда кармалган 100дөй адам бошотулду, 15 адамга айып салынды. «Чернобыль» сериалы «Эмми» телевизиондук сыйлыгына татыды.
Быйыл Кыргызстанда «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгы белгиленүүдө. Бишкекте өткөн салтанаттуу иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик тилди бекемдеп, өнүктүрүү үчүн жакынкы жылдары ишке ашырууга зарыл болгон милдеттерди санап өттү.
Фаляк-оль-Афлак - Ирандын түндүгүндө Лурестан провинциясындагы байыркы Хоррамабад шаарынын борборундагы дөбөнүн чокусуна курулган сепил.
Sputnik Кыргызстан өткөн жумада дүйнөдө болгон маанилүү жана кызыктуу иш-чаралардын, окуялардын сүрөт топтомун тартуулайт.
АКШ кытай бийлигинин Шинжаңдагы мусулмандарга карата саясатын «өз элин тыптыйпыл жок кылуу аракети» деп баалады.
Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттик (ВАДА) Орусиянын Кызытмага каршы агенттигине (РУСАДА) кылмыш ишин козгогонун билдирди. Ага ылайык, ВАДА Орусияны ушул жылдын башында "допингге байланыштуу бурмаланган жалган маалымат берген" деп күнөөлөп жатат. Бул тууралуу Токиодо 23-сентябрда ВАДАнын аткаруу комитетинин жыйынында айтылды. Анда РУСАДАнын Москвадагы лабораториясында кызытмага каршы эрежелер бузулган деген 47 учур иликтенип жатканы, буга байланыштуу Орусия үч жуманын ичинде түшүндүрмө бериши керектиги белгилүү болду. Читать дальше...
7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын иштөө мөөнөтү 15-октябрга чейин узартылды. Мындай сунушту комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгү колдоду. Комиссиянын мөөнөтүнүн узартылышына Кой-Таш окуясына катышкандар, ага күбө болгондордун баарын сурап чыгууга жана комиссиянын бүтүмүн даярдоого жетиштүү убакыт болбой калганы негиз болду. Комиссия ушул аптада Кой-Таштагы окуя болгон жерге барып, тургундар менен жолукмай болушту. Кийинки отуруму Жогорку Кеңештин депутаттары... Читать дальше...
«Биз жана дин» түрмөгүн диний ишмер, агартуучу жана ойчул Молдо Нияздын таржымалына арнайбыз.
Аскер прокурору Нуркамал Набиев 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылындагы үйүндө жүргөн жеринен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясына катышкан күч органдарынын жетекчилерине, анын ичинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасына, Ички иштер министрине (ИИМ) юридикалык баа берилерин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын кезектеги жыйынында айтты. -Укук короо органдарынын жетекчилерине сөзсүз юридикалык баа берилет.... Читать дальше...
Ички иштер министрлигинин мурдагы орун басары Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Али Асанов Оштон «Достук» чек ара посту аркылуу Өзбекстанга чыгып кеткен. Бул тууралуу аскер прокурору Нуркамал Набиев Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын кезектеги жыйынында билдирди: - Ал качып кеткенге чейин шектүү эмес болчу. Бирок ага каршы көрсөтмөлөр, тийиштүү далилдер бар болчу. Аны суракка аларда ал ушундай шартка барып, качып кетип атат. Комиссия мүчөсү Исмаил Исаков «Ал окууга чыгып кетиши мүмкүнбү?» деген суроого кызыкты. Читать дальше...
Ош шаарында Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракесине карата VII ART-ORDO эл аралык театр фестивалы башталды. Фестивалга Азербайжандын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Түркиянын, Орусиянын жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм департаментинин басма сөз кызматы кабарлады. Фестиваль беш күнгө созулуп, ага өлкөдөгү бардык театрлар катышат. Эскерте кетсек, КРдин эл артисти, II даражадагы «Манас» орденинин ээси, кыргыз маданиятынын өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошуп... Читать дальше...
Британияда жайгашкан, дүйнөдөгү эң байыркы деп эсептелген «Thomas Cook» туристтик фирмасы өз ишин токтотконун жарыялады. Ушул тапта анын 600 миңдей кардары ар кайсы мамлекеттерде эс алып жүрөт. Компания каржы кризисине кептелгенине көп болгон. Кийинки жылдары акционерлери менен бул маселени чечүүнүн жолдорун сүйлөшүп келгени менен оң натыйжа чыккан эмес. Компаниянын башчысы Питер Фанкхаузер өкүнүчүн билдирип, кардарларынан кечирим сурады. Учурда эс алууда жүргөндөрдүн 150 миңге жакыны британ жарандары. Читать дальше...
Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын кезектеги отуруму болуп жатат. Анда аскер прокурору Нуркамал Набиев буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбевдин Башкы прокуратурага кайрылган тарапкерлеринин суракка чакырылышы боюнча суроого жооп берип, алардын укугу бузулбаганын айтты: - Арызда «7-8-август күндөрү УКМКнын ИИМдин кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттер болгон» деп көрсөтүлүп жатат. Жазык-процесуалдык кодекстин алкагында... Читать дальше...
Өзбекстандын парламентинин Илим, билим берүү жана саламаттык сактоо боюнча комитети тиешелүү мекеме-уюмдарга «Баатыр эне» наамын ыйгарууга байланышкан маселелерди иликтеп, сунуштарды даярдап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу «Kun.uz» маалымат агенттиги кабарлады. Мындай наам Советтер Союзунун тушунда Өзбекстанда 10 же андан ашык баласы бар аялдарга, эң кенжеси бир жашка толгондо жана уул-кыздарынын баары түгөл болгондо берилип келген жана аларга бир топ жеңилдиктер, мамлекеттен жардам каралган. ... Читать дальше...