Чек арадагы чырдан жабыр тарткандардын 13ү Баткен облусунун Лейлек районунун ооруканасына келип түшкөн. Алардын бешөө Лейлек райондук ооруканасында калтырылып, калганы Бишкекке жөнөтүлгөн. Ооруканадагы бейтаптардын үчөө жандандыруу бөлүмүнө жатат. Алардын экөөнүн абалы туруктуу оор. Бул тууралуу Лейлек райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Анвар Калымов билдирди.
Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал, анын себептери, кесепеттери жана маселени чечүүнүн жолдору коомчулуктун көңүл борборунда турат.
17-сентябрда Ооганстанда эки жерде болгон жардыруудан кеминде 46 киши набыт болду. Парван провинциясында президент Ашраф Гани катышып жаткан жыйын маалында бомба жарылып, 24 киши мүрт кетти.
Шейшемби күнү Түркиянын маалымат каражаттары Сауд Аравиясы Стамбулдагы консулдугунун имаратын сатып жибергенин маалымдашты.
Америка Сенатынын тышкы байланыштар комитетинин мүчөсү Арабстанга эскертүү жасады.
Мелдеш 16-28-сентябрь күндөрү Паттайя шаарында өтөт. Спортчуларды машыктыруучулар Камбар Токтоналиев жана Өмүржан Молдодосов коштоп барары айтылды.