Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 4-июлда президент Владимир Путинге суу алдындагы кемедеги 14 деңизчинин өмүрүн алган өрт аккумулятордук жерпайда чыкканын айтты: - Кырсыктын негизги себеби аныкталды – өрт аккумулятордук жерпайда чыгып, андан ары жайылып кеткен. Шойгу өрт чыккан кеме калыбына келтириле турганын кошумчалады: - Суу алдындагы кемени калыбына келтирүү мөөнөтүн, бул жумуштардын көлөмүн баалаш үчүн конструкторлор тартылды. Баштапкы баалоо боюнча ремонт жасаса болот. Биздин учурда ... Читать дальше...
Грузиянын баш калаасы Тбилисиде демонстранттар ички иштер министри Георгий Гахариянын кызматтан кетишин талап кылышууда. Демонстранттар 20-июндагы митингде күч колдонулганын катуу айыптап жатышат. Ошол күнү Орусиянын саясий таасирине нааразы болуп чыккандарды полиция желим ок менен аткан. Митингге чыккандар парламенттин имаратына чабуул койгондо полиция күч колдонуп, 240 адам жабыркаган. Митингдер эки жумадан бери күндө уланып жатат. Уюштуруучулар митингдин тактикасын өзгөртөрүн билдиришти. Оппозициянын... Читать дальше...
5-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Баткен облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33, Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 30...35, Нарын аймагында түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9..14... Читать дальше...
Швейцария бийлиги Гүлнара Каримованын эсебиндеги миллиондогон долларды Өзбекстанга кайтарууну токтотту. Маркум президент Ислам Каримовдун кызынын банк эсептери 2015-жылы АКШ жана Европада ага каршы коррупция боюнча кылмыш иштери козголгондон кийин камакка алынган. Тергөөчүлөр Каримова Өзбекстанда иштегиси келген телекоммуникациялык компаниялардан 1 миллиард доллар пара алган дешет. Ал акча офшордук фирмалар аркылуу чет өлкөлөргө чыгарылган. 555 миллион долларга жакын акча Швейцарияда табылган.... Читать дальше...
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын мүчөсү Алга Кылычов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматына (Финансы полициясы) суракка чакырылды. Партиянын расмий өкүлү, Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаеванын билдиришинче, чакыруу бүгүн саат 15:00гө берилген. Финполиция партиянын мүчөсүн быйыл апрелде да суракка чакырган. Анда бул иш боюнча Кылычовдун юристи, орун басары болуп төрт киши сурак берип чыгышкан. Өзү муну “саясий буюртма” деп атап, “Дан” мамлекеттик... Читать дальше...
Минскиде эгемендик күнүнө арналган майрамдагы салют маалында бир аял каза болду, сегиз киши жабыркады. Күбөлөр шаардын борборунда кеминде эки жарылуунун добушу угулганын айтып беришкен. Тергөө комитетинин маалыматы боюнча Свислочь дарыясынын боюнда салютту карап турган 65 жаштагы аял жарадар болуп, көп узабай көз жумду. Бир нече киши медициналык жардам сурап кайрылышты. Коргоо министрлиги менен Тергөө комитетинин биргелешкен комиссиясы окуянын себеби аныкталганын, кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатканын билдирди. Читать дальше...
АКШнын Кентукки штатында «Jim Beam» компаниясынын эки кампасында чыккан өрттө бери дегенде 45 миң бочка (9 миллион литр) виски жок болду. Компаниянын өкүлүнүн айтымында, өрткө чагылган себеп болушу мүмкүн. Өрт 3-июлга караган түнү башталган. Өрт өчүргүчтөрдүн бир нече сааттык аракетине карабастан эртең менен кампалардын бири толугу менен жок болгон. Өрттө эч ким жабыркаган жок. Баштапкы маалыматтар боюнча, келтирилген зыяндын суммасы 90 миллион доллардан 300 миллион долларга чейин жетиши мүмкүн. Читать дальше...
Ирандын тышкы иштер министри Американын Ирандын жүргүнчү учагына кол салуусунун 31 жылдыгына байланыштуу Твиттердеги баракчасына билдирүү жасап, АКШнын Иранга каршы агрессиясы Трамп менен башталган жок деп жазды.
Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Руслан Бекназаров президенттик аппаратка кызматка барды. Өзү бул маалыматты «Азаттыкка» ырастап, аппараттын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүндө эксперт катары иштей баштаганын билдирди. Бөлүмдүн башчысы Саякбай Субановдун айтымында, Бекназаровдун кызматтык милдетине аймактардагы жарандардан келген кайрылууларды талдоо жана аппараттын мындан аркы иш жүргүзүшү үчүн эксперттик сунуштарды берүү кирет. ... Читать дальше...
Кыргызстанда калктын 54,4% жашоо-шартына канааттанат. Нааразы болгондор 43% көп. «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» эл арасында жүргүзгөн сурамжылоодон ушундай тыянак чыгарды. Жашоого канаат кылгандардын эң көбү Баткенде, андан соң Ош шаарында жашашат. Бишкек шаарында нааразы пикирдегилер басымдуураак. 22-апрелден 2-майга чейин жүргүзүлгөн сурамжылоодогу жоопторго ылайык, жарандардын 6,1% өлкөсүнөн кетүүнү пландайт. Алар 39 жашка чейинкилер. Эркектерге караганда аялдар көп. Башка... Читать дальше...
Кыргызстандагы саясатчылар жана жарандык активисттер түзгөн «Адилеттүүлүк үчүн» комитети президент Сооронбай Жээнбековго, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаевге кайрылып, конституциялык укуктарды жана жарандардын эркиндигин бекем сактоо талабын коюшту. Буга Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан УКМКга суракка чакырылышы себеп болгон. Аталган комитет муну анын оппозициялык ишмердүүлүгү... Читать дальше...
Орусиянын «Газпром» компаниясы «Түркмөнгаз» менен 2024-жылга чейин газ сатып алуу боюнча келишимге кол коюлганын билдирди. Расмий кабарга ылайык, Орусия Түркмөнстандан жылына 5,5 миллиард куб метр газ сатып алмакчы. Келишимге кол коюлганга чейин эки мамлекет 2,5 ай бою 1 миллиард 200 миллион кубометр газ сатып алуу жөнүндө убактылуу макулдашкан эле. Орусия мурда түркмөн газынын негизги кардарды болгон. Кытай Орусияны газ базарынан сүрүп чыгарып, 2015-жылы «Газпром» жыл сайын сатып алына турган... Читать дальше...
Ош облусуна караштуу Араван районунун Нурабад айылынын жети тургуну кутурмага байланыштуу шек менен ооруканага жаткырылды. Алардын бардыгын 2-июлда саат 19дарда кутурган болушу мүмкүн деген ит капкан. Манжасын ит капкан аялга операция жасалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы, атайын түзүлгөн штабдын жетекчиси Санабар Турудкулова билдирди. Иттин башы экспертизага жөнөтүлгөн, жыйынтыгы келе элек. Бул Араванда кутурмага байланыштуу катталган экинчи учур.... Читать дальше...
АКШдагы Американын эң атактуу автоунаасы - «Ford Mustang» машинесин ойлоп табуучуларынын бири, «Ford» жана «Chrysler» компанияларынын мурдагы топ-менежери Лидо Энтони Якокка 94 жашында дүйнөдөн өттү. «Washington Post» гезитинин маалыматына караганда ал Паркинсон дартынан жабыркап жүргөн. Пенсилванияда төрөлгөн Якокка ишмердигин «Ford» компаниясында инженер болуп баштаган. 1960-жылдардын башында инженер Дональд Фри жана дизайнер Филипп Кларк менен бирге «Mustang» автоунаасын жасашкан. 1970-жылдары «Pinto» автоунаасын ойлоп тапкан. Читать дальше...
Кыргызстандагы соңку окуяларга чет өлкөлүк талдоочулар да көз салууда.
Мен окуучу кезимде, андан кийин Бишкекте университетте окуп жүргөндө АКШнын коллеждерин кинолордон көрүп алып суктана берчүмүн.
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек ара аймагында кырдаал туруктуу экендигин билдирди. Маалыматка караганда, Ак-Сай айылынын жашоочулары 3-июлда кечке жуук бууп алган Исфара-Ворух жолу 4-июлда түнкү саат экилерде ачылды. Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү кабарлагандай, эки өлкөнүн чек ара кызматынын жооптуулары жолугуп, кырдаалды курчутпоо маселесин талкуулашты. Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча өкүлү Адхам Мадумаров менен чек арачылар, жергиликтүү жашоочулар сүйлөшүштү. Читать дальше...
Кремль суу алдындагы кемеде тутанган өрт боюнча кеңири маалымат берүүдөн баш тартты. 1-июлда болгон кырсыкта 14 моряк, анын ичинде жогорку даражалуу офицерлер, Орусия Баатырлары да каза табышкан.
Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Баткен облусуна барды. Сапарынын алкагында мамлекет башчы Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушуп, социалдык-экономикалык тармактын объектилерине барат. Сооронбай Жээнбеков Баткенге февраль айында барып, Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолуккан. Мындан сырткары Кадамжайдагы «Факел» чек ара тозотунун жаңы курулган имаратынын ачылышына катышып, Ош-Баткен-Исфана автожолун реконструкциялоо жумуштарынын жүрүшү менен таанышкан. Читать дальше...
Актөбөнүн тургуну Акгүл учурда Айша жана Асия аттуу неберелерин кучактап, кубанычы койнуна батпай отурган кези.
Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Пакистанга 6 миллиард доллар насыя бермей болду. Насыя үч жылга берилмекчи. Буга чейин Пакистандын премьер-министри Имран Хан өлкөнүн оор абалда турган экономикасын көтөрүш үчүн карыз сурап, ЭВФке кайрылган. Каражаттын 1 миллиард доллар өлчөмүндөгү биринчи траншы 3-июлда бөлүндү. Эми Пакистан экономикалык реформаларды жүргүзүүгө тийиш. Исламабад өткөн айда насыянын шарттарына көнүп, чыгымдарды жана аскердик тармакка кеткен акчаны кыскартуу планын жарыялаган.
Орусиянын Екатеринбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын башчысы, ишкер Камчыбек Каримовдун өлүмү «Киши өлтүрүү» беренеси менен иликтенип жатат. Шектүүлөр кармала элек. Екатеринбург шаардык полициясынын маалыматына караганда, 2-июлда окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Азыр күбөлөр суралып, кылмышка шектүүлөр изделип жатканы айтылды. Маркумдун сөөгүнө медициналык экспертиза да жүргүзүлүүдө. 54 жаштагы Каримовду 2-июлда Екатеринбургдагы үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Анын ичине... Читать дальше...
Төрага Дастанбек Жумабеков VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин V сессиясында эл өкүлдөрү жакшы иштеп, маанилүү мыйзамдар кабыл алынды деп эсептейт. Мындай пикирин төрага сессияны жыйынтыктаган басма сөз жыйынында билдирди.
Ирандын президенти Хасан Роухани 3-июлда өз өлкөсү уранды байытууга киргизилген чектөөлөрдү сактабай турганын, 7-июлдан тартып анын көлөмүн белгиленген лимиттен өзү каалагандай көбөйтөөрүн айтты. Ал АКШны өзөктүк келишимди кайра таанууга чакырды. Роухан Вашингтон менен макулдашууга жетишилсе, чечим “бир сааттын ичинде” жокко чыгарыларын белгилеп, эл аралык коомчулукту тынчсызданбоого чакырды. Анын билдирүүсүндө, АКШ Иранга карата санкцияларды жеңилдетпесе, Арак шаарындагы реактордун иши калыбына келтирилет. Читать дальше...
Бишкек мэриясына караштуу Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун мурдагы жетекчиси Алексей Петрушевский үй камагына чыгарылды. 3-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту ушундай чечим чыгарды. Буга чейин ден соолугуна байланыштуу аны тергөө абагынан үй камагына чыгарууну жакындары, тарапкерлери, Акыйкатчы институту суранган. Быйыл 6-июнда «кызмат абалынан кыянат пайдаланган» деген негизде кармалган Алексей Петрушевский Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки күндөн кийин үй камагына бошотулган. Читать дальше...