Кыргызстанда Ысык-Көл шеринеси ишин баштады. Иш-чара анын демилгечиси, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулууда.
Индия Орусиядан 5 млрд. долларга С-400 үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык комплексинен бешти сатып алат. Контракт түзүлгөнү Орусиянын президенти Владимир Путин менен Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Делидеги жолугушуусунда белгилүү болду. Орусиядан курал алганы үчүн Индияга Кошмо Штаттар санкция салышы ыктымал. Сентябрда АКШ Кытайдын Коргоо министрлигинин департаментине санкция салган. Аны Кытай Орусиядан Су-35 үлгүсүндөгү аскер учактарын сатып алганына байланыштырган. Вашингтон Москвага... Читать дальше...
Кыргызстандык Исломидин Умурзаков ушул күндөрү Орусиянын Пермь шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду. "Биргелешкен күрөш дүйнөсү" (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 5-октябрда Умурзаков 41 жаштан 45 жашка чейинкилер арасында 70 килограмм салмакта килемге чыкты. Ал алгач орусиялык Алексей Архангельскийди жеңип (4:4), чейрек финалда дагы бир орус балбаны Александр Борисовго жеңилди ( А.Борисов... Читать дальше...
Адамдын керектөөлөрү көбөйүп, ага жараша таштандынын көлөмү да артып баратканы маалым. Кыргызстанда жаштар экологияны коргоо үчүн кандай салым кошууда? Табият үчүн күйгөн замандаштарыбыз тууралуу "Азаттык плюстун" ушул чыгарылышында айтып беребиз.
Орус абагындагы украин режиссеру Олег Сенцов 6-октябрдан тартып ачкачылык акциясын аргасыздан токтотот. Анын адвокаты аркылуу берип жиберген каты "Новая газета" басылмасына жарыяланды. "Саламаттыгымдын опурталдуу абалда турганына, ички органдарымдагы патологиялык өзгөрүүлөргө байланыштуу жакынкы убактарда мага күчтөп тамак бергени жатышат. Бирок менин оюмду эске алышкан жок. Мен өз саламаттыгымдын абалын жана ага карата коркунучту адекваттуу талдай албаган абалда имишмин", - деп жазат Сенцов. Андан ары ал 145 күн ачкачылык кармап... Читать дальше...
Кыргызстанда Ысык-Көл форуму ишин баштады. Шерине жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулууда. Анын жүрүшүндө Айтматовдун чыгармачылыгы, экологиялык чөйрө жана коопсуздук, азыркы дүйнөдөгү маданий өзгөчөлүктөр тууралуу талкуулар өтмөкчү. Өткөн кылым соңунда дүйнөгө төбөсү көрүнгөн интеллектуалдардын башын кошкон Ысык-Көл форуму өз деңгээлин сактап кала алдыбы?
Мамлекеттик сатып алуу департаментинде даттануулар боюнча түзүлгөн комиссия "долбоорду ишке ашыруучу катары тандалып алынган “Вега” концернинин иш тажрыйбасы жок" деп жыйынтык чыгарды.
Францияда дүйнөгө белгилүү ырчы, композитор, жазуучу жана актер Шарль Азнавур менен коштошуу зыйнаты өттү. Улуттук деңгээлдеги иш-чара "Les Invalides" сарайында уюштурулуп, ага Франциянын азыркы жана мурдагы президенттери, Армениянын президенти менен премьер-министри катышты. Француз желеги жабылган табытты жана армян желегинин элеси түшүрүлгөн гүлчамбарды армян улуттук музыкасынын коштоосунда көтөрүп киришти. Улуту боюнча армян Шарль Азнавур 1-октябрда дүйнөдөн өткөн. Ал 1922-жылы Парижде армян эмигранттарынын үй-бүлөсүндө туулган. Читать дальше...
Батыштын хакерлик чабуулдар жөнүндөгү соңку айыптоосун Москва “өзөктүк державалар ортосундагы чыңалууну күчөтүүгө багытталган коркунучтуу жол”, - деп баалады. Ингушетияда Чеченстан менен административдик чек араны аныктаган карама-каршылыктуу келишимге нааразы болгондор акциясын улантышууда. Нобель тынчтык сыйлыгы жыныстык зомбулукту согуш куралы катары колдонуу аракеттерин токтотууга кошкон салымдары үчүн конголук Денис Муквеге менен ирактык Надия Мурадга ыйгарылды. Коннор Макгрегор жана Хабиб Нурмагомедов... Читать дальше...
“Вега” компаниясы арыздарды караган комиссиянын чечимине макул эмес экенин, мыйзам чегинде чечимге каршы даттанаарын “Азаттыкка” маалымдады. “Вега” компаниясынын башкы директорунун орун басары Сергей Калмыковдун атынан таратылган кайрылууда "“Маалыматтык системалардын коопсуздугу” ишканасы берген арызда негизсиз маалыматтар камтылган жана чечим “Вега” компаниясынын өкүлдөрүн чакырбай туруп, бир жактуу чыгарылганы туура эмес болгон” деп жазылат. 5-октябрда Мамлекеттик сатып алуу департаментинде... Читать дальше...
Интерполдун президенти Мэн Хунвэйден кабар болбой жатканына байланыштуу Франциянын полициясы иликтөө баштады. Ал 29-сентябрдан бери байланышка чыкпай жатканын "Reuters" агенттигине полициядагы маалымат булагы кабарлаган. Маалыматка караганда, полицияга Хунвэйдин аялы кайрылып, күйөөсү Кытайга кеткенден бери байланыш үзүлгөнүн айткан. Интерпол - күч түзүмдөрүнүн аракеттерин бириктирип, эл аралык издөө жүргүзгөн орган. Анын курамына 190 өлкө кирет. Баш кеңсеси Франциянын Лион шаарында. ... Читать дальше...
Казан шаарында 71 жаштагы Ираида Шафигуллинага буркиничен бассейнге түшүүгө уруксат бербей коюшту. Бул тууралуу "Азаттыктын" татар кызматы кабарлады. Дарыгерлер "көбүрөөк сууда сүзүү керек" дегендиктен ал аял акыркы эки жылдан бери шаардагы бассейндердин бирине такай барып, буркиничен түшүп турган. Сентябрдын аягында бир ай акысын алдын-ала төлөп, сууга түшүп жатканда бассейн тейлөөчүлөр сыртка чыгарып салышкан. "Мен "түшүндүрүп бергиле" дедим. Мен кимдир-бирөөгө ыңгайсыздык жаратып атамбы?... Читать дальше...
Ошто майыптар үчүн курулган үйдөгү батирлерди бөлүштүрүүдө мыйзам бузган деп шектелген эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, быйыл 2-октябрда алар атайын кызматтын Оштогу тергөө абагына камалды. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу” жана “кызматтык жасалмачылык” деген беренелеринин негизинде айып тагылды.... Читать дальше...
5-октябрь - Мугалимдер күнү. Расмий маалыматка караганда, өлкөдө 114 миңден ашуун мугалим жана окутуучу эмгектенет. Алардын абалы, деңгээли кандай экенин кабарчыбыз шаар тургундарынан сурап көрдү.
Хакерлик боюнча Батыш өлкөлөрү менен Орусиянын ортосунда жаңы пикир келишпестик келип чыкты.
Мэриянын маалымат кызматы атка минерлердин таймашы алдын ала пландалбаганын айтты.
Ушул жуманын аягында Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Синоптиктер бүгүн буга байланыштуу шашылыш билдирүү таратышты. Анда 7-октябрда күндүн экинчи жарымында Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаай турганы айтылат. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 18-23 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай аба ырайы автоунаалардын каттамын... Читать дальше...
Казакстандын Актөбө шаарында өзбекстандык 52 адамдын өмүрүн алган өрт боюнча сот уланууда. Сот отурумунда жабыркагандар моралдык зыян катары ар бир маркум үчүн 150 миллион теңге жана жазанын эң катаалын талап кылышты. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматына алардын адвокаттарынын бири Акжан Акылова билдирди. Автобустун өрттөнүшү боюнча беш адам соттолууда. Үчөө айдоочулар. Аларга "өрт коопсуздугу боюнча талаптарды, транспортту колдонуу эрежелерин аткарган эмес" деген айып тагылууда. Ал эми "Азия... Читать дальше...
“Балага сүйүнчү” төлөө ыкмасы автоматташтырылат. Бул тууралуу бүгүн “Түндүк” аттуу өкмөттүк системанын иши боюнча жыйында Электрондук байланыш борборунун директору Нурия Кутнаева билдирди. Анын айтымында, аял кош бойлуу кезинде эле анын жеке эсеби ачылат. Бул процесс Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору менен байланыштырылат. Бала төрөлгөндөн кийин сүйүнчү акча дароо ошол эсепке түшөт. Андыктан жаңы ыкма кош бойлуу аялдардын эртерээк дарыгерлердин каттоосуна алынышына да шарт түзөт. Кыргызстанда быйылтан... Читать дальше...
Орусиянын ИИМинин Миграция башкармалыгына январь-июнь айларында 132 миңден ашуун кыргызстандык Орусиянын аймагында расмий ишке орношкону тууралуу маалымдама жөнөтүлгөн. Ошол эле маалда 161 миңдей жаран чек арада Орусияга келишинин максатын "иш" деп белгилеген. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз элчилигинин биринчи катчысы Алмаш Алтымышева билдирди. Орусиянын миграциялык мыйзамдарынын талаптары боюнча эмгек мигранттары жумушка орношкон соң жумуш берүүчү же жеке өзү Миграция башкармалыгынын бөлүмдөрүнө түзүлгөн эмгек келишиминин көчүрмөсүн жөнөтүп... Читать дальше...
Ингушетияда Чеченстан менен жер алмашууга каршы акция уланууда. Бейшембидеги митингден кийин ондогон адам парламенттин алдында түнөдү. Эл аларга тамак-аш, жылуу кийим берип жатканын "Кавказ түйүнү" сайты кабарлоодо. 5-октябрга оогон түнү митингчилер жер алмашууга каршы болгон 15 депутаттын тизмеси деп сөз болгон, фамилиялардын тушуна колдор коюлган кагазды жарыялашты. Бийлик келишимге "үч гана депутат каршы чыккан" деп билдирип келатат. 26-сентябрда Евкуров менен Чеченстандын башчысы Рамзан... Читать дальше...
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Парламенттик ассамблеясынын президенти Георгий Церетели "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, Ооганстанды изилдөө боюнча аналитикалык борборду ачууну кубаттай турганын айтты.
Нобелдин 2018-жылкы тынчтык сыйлыгы ээлерин тапканын 5-октябрда комитеттин төрайымы Берит Рейсс-Андерсен жарыялады. - Норвегиялык Нобел комитети 2018-жылдагы тынчтык сыйлыгын жыныстык зомбулукту согуш куралы катары колдонуу аракеттерин жана куралдуу жаңжалдарды токтотууга кошкон салымдары үчүн Денис Муквеге менен Надия Мурадга ыйгарууну чечти. Эки лауреат тең ушундай согуш кылмыштарына көңүл буруп, ага каршы күрөшүүгө чечкиндүү салым кошушту, - деди ал. Доктор-гинеколог Муквеге Конгодогу козголоңчулар зордуктаган аялдарды дарылап келет. Читать дальше...
АКШнын вице-президенти Майк Пенс "ички саясатыбызга кийлигишип, Трамптын аброюн кетирүүгө далатат кылууда" деп Кытайды кескин сынга алды. 4-октябрда Хадсон институтундагы сөзүндө Пенс муну менен Кытай соода саясатына байланыштуу өч алып жатканын белгиледи. - Июнда Бээжинде "Үгүт жана цензура тууралуу билдирүү" деген жашыруун документ тарады. Анда Кытай, алардын сөзү менен айтканда "Кошмо Штаттардагы ички топторду кылдат жана чебердик менен бөлүп-жарышы" керек экендиги белгиленет. АКШнын Кытай... Читать дальше...
6-октябрда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 8...13, күндүз 24...29, Таласта түнкүсүн 3...8, күндүз 23...28, Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30, Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23, Нарында түнкүсүн 2...7, күндүз 18...23 градуска жетет. Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 26…28 градус болот.