Орусия Казакстанга атомдук электр станциясын (АЭС) курууну сунуш кылды. Бул тууралуу президент Владимир Путин казак лидери Касым-Жомарт Токаев менен Москвада жолукканда айтты. Анын бул сөзүн улай Казакстанда АЭС куруу үчүн эки жер дайындалганы маалым болду.