НАТО Кара деңизде аскер кемелерин жандантып, Украина менен Грузияда аскердик машыгууларын көбөйтөт. Бул тууралуу альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг Вашингтондо билдирди:
- Биз Кара деңиздеги коопсуздугубузду сактоо үчүн дагы кандай чара көрө алабыз деп талкууладык. Өзүбүздүн кырдаал боюнча маалымдоону жогорулатууда комплекстүү чараларды көрүүнү макулдаштык. Ошондой эле Грузия, Украина менен аскер-деңиз күчтөрүн машыктыруу, окутуу жана маалымат алмашууну да арбытабыз.
Бир күн мурун АКШнын НАТОдогу өкүлү Кей Бейли Хатчисон альянс Кара деңизде украин кемелери Керчен куймасынан өтүүдөгү коопсуздукту сактоо үчүн аскер кемелерин көбөйтүүнү максат кылып жатканын билдирген.
Былтыр ноябрда аннексияланган Крымдын жээктеринен орусиялык чек арачылар Украинага караштуу үч кемени кармап, андагы 25 морякты туткундашкан. Аларды Орусия чек арасына мыйзамсыз кирди деп айыптаган.
Киев бул окуяны баскынчылык деп баалаган. Орусияны АКШ жана Батыш өлкөлөрү сынга алышкан.