4-апрелде Федералдык сотко Орусиянын "Сбербанк", "ВТБ банк" жана "Western Union", "MoneyGram International", "MoneyGram" каржылык кызматтарына каршы доо арыз берилди.
Арызды учак атып түшүрүлгөндө 2014-жылы каза тапкан 18 жаштагы жүргүнчү Куинн Лукас Схансмандын ата-энеси берген. Доогер тарап орусиялык банкты жана акча которуу менен алектенген америкалык фирмаларды "Украинанын чыгышындагы сепаратисттерге акча жиберүүгө уруксат берип жатат" деп айыптоодо. Алардын белгилөөсү боюнча, бул - жикчилдерге курал сатып алууга мүмкүнчүлүк берип жатат.
Доо арыз АКШнын 1992-жылы кабыл алынган мыйзамына ылайык берилди. Бул мыйзам боюнча терроризмден запкы көргөндөр аны каржылап жатат деп шек санаган тараптарды сотко бере алат.