Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Oxfam: дүйнөдө экономикалык теңсиздик кеңейүүдө

Oxfam эл аралык каржы уюму дүйнөдө байлыктын бөлүнүүсүндөгү теңсиздик “көзөмөлдөн чыгып”, ажырым кеңейип бара жатканын эскерткен баяндамасын Швейцариянын Давос шаарында Дүйнөлүк экономикалык форумдун ачылышын утурлай жарыялады.


Дүйнөнүн бизнес жана саясий элитасы жыйналуучу быйылкы форум 22-январда башталганы турат.


Уюм баяндамасында келтирген маалыматка караганда, азыр дүйнөнүн эң бай 26 адамынын колундагы мүлк дүйнө калкынын жарымынын же 3,8 миллиард кишинин байлыгына барабар.


Бир жыл мурда эле дүйнө калкынын жарымынын байлыгына 43 миллиардердин байлыгы туура келчи.


Oxfam уюмунун эсебинде, акыркы бир жыл ичинде миллиардерлердин кирешеси 900 миллиардга долларга көбөйгөн. Ал эми миллирдердер саны 12%га өсүп, 2208ге жеткен. Ошол эле учурда дүйнөнүн эң жакыр катмарынын кирешеси тескерисинче 11%га азайган.


Oxfam кырдаалдын чыгуунун жолу катары салык төлөмдөрүн адилеттүү кылууну сунуштоодо.


Уюмдун көз карашында, эгер дүйнөнүн эң бай бир пайыз калкы байлыгынан 0,5% кошумча салык төлөсө эле бул каражат 262 миллион баланын мектепте билим алуусуна жетмек.


Дүйнөлүк банк былтыр жыл соңунда жарыялаган баяндамага караганда, 2015-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөдө өтө жакырлардын же күнүнө эки доллардан аз каражатка жашагандардын жалпы саны 2013-жылдагыга караганда 68 миллион кишиге азайып, 736 миллионго түшкөн.


Ал эми швейцариялык “Credit Suisse Research” институту былтыр 2018-жылга карата байлыгы бир миллион доллардан ашкан адамдардын саны дүйнөдө 42 миллион 155 миңге жеткенин эсептеген. Булардын 16 миллион 472 миңи АКШда, 3 миллион 294 миңи Кытайда жашайт.


Ошол эле учурда дүйнө калкынын ылдыйкы 50% байлыктын 1 пайыздан азына ээлик кылса, жогорку он пайызы 85% көзөмөлдөйт.


Пирамиданын эң башындагы бир пайызга жетпеген адам же 42 миллион киши 2018-жылы акчалай көлөмү 317 триллион долларды түзгөн байлыктын 45% жакынына же 142 триллион доллардык дүйнө-мүлккө ээлик кылат. (UE)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus