Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Евробиримдик Орусиянын ГРУсунун башчыларына санкция салды

Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери 21-январда Брюсселдеги жыйында жактырган санкцияга ылайык, төрт орусиялыктын активдери тоңдурулуп, алардын биримдик аймагына кирүүсүнө тыюу салынат.


Алар Британия орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипалды жана анын кызын бул өлкөнүн аймагында ууландырууга тиешеси бар деп шек санагандар.


Натыйжада Евробиримдик санкциясы Орусиянын аскерий чалгын кызматы - ГРУнун башчысы Игорь Костюковго, анын биринчи орун басары Владимир Алексеевге, ошондой эле Британия Скрипалдарды ууландырууга тикелей катышы бар деп санаган эки агентке каршы киргизилди.


Ал эки агент Британияга Александр Петров жана Руслан Бошировдун ысымына жазылган паспорт менен барышкан.


Бирок Bellingcat иликтөө уюму аларды Александр Мишкин жана Анатолий Чепига деп аныктап, ГРУга байланышы бардыгын көргөзгөн далилдерди жарыялаган. 


Алар Солсбери шаарында болгонун моюнга алышканы менен ГРУда иштешерин жана Скрипалдарды ууландырууга тиешеси бардыгын четке кагышкан.


Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Евробиримдик киргизген жаңы санкциялар анчалык маанилүү эместигин жана Британия Мишкин менен Чепиганын кол салууга тиешеси бардыгын көргөзгөн далилдерди бербегенин белгиледи.


Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлия былтыр март айында Британиянын Солсбери шаарында Советтер Союзунун убагында чыгарылган "Новичок" химиялык заты менен ууландырылганы аныкталган.


Скрипалдар ууландырылгандан кийин ооруканада бир нече апта жатып чыгышкан.


Алар ууландырылган "Новичок" затына былтыр июнь айында башка эки британ жараны да кабылып, бири ооруканада көз жумган.


Скрипалдардын окуясынан кийин Британия химиялык курал боюнча эл аралык чектөөлөрдү күчөтүү багытында аракет көрүп, Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун ыйгарым укуктары кеңейтилишине жетишкен.


Британия жана анын өнөктөштөрү ууландыруунун артында турганы үчүн Орусия бийлигин күнөөлөгөн, Москва айыптоолорду четке каккан. Ууландыруу окуясына байланыштуу АКШ былтыр Орусияга каршы экономикалык санкцияларды киргизген. (UE)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus