Бүгүн, 8-ноябрдан тарта Кыргызстан менен Сербиянын ортосундагы визасыз каттоо боюнча өкмөт аралык келишим күчүнө кирет.
Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, мындан ары эки өлкөнүн жарандары бири бирине 90 күндүк мөөнөттө визасыз каттай алат.
Учурда Кыргызстан менен 27 мамлекеттин ортосунда визасыз каттам режими бар. Жарандар 39 өлкөдөн визаны барганда ала алат, ал эми 132 мамлекетке баруу үчүн алдын-ала виза алуу талап кылынат.