Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Куртулмуш: журналисттин өлүмү боюнча “бардык чындыкты” айтабыз

Түркиянын башкаруучу партиясынын төрагасынын орун басары Нуман Куртулмуш Жамал Хашоггинин өлүмү боюнча “бардык чындыкты” ачууга убада берди. Өлкөнүн мурдагы вице-премьер-министри Куртулмуш “Түркия муну жашырууга жол бербейт”, – деп айтканын "Associated Press" агенттиги жазды. Куртулмуш Хашоггинин өлүмү толугу менен иликтене турганын айтты.


Куртулмуш муну Сауд Арабия бийлиги оппозициялык журналист бул өлкөнүн Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөнүн моюнуна алгандан кийин айтты.  


Ишембинин түнүндө Сауд Арабиянын мамлекеттик прокурору бийликти сындап жүргөн журналист Жамал Хашогги бул өлкөнүн Стамбулдагы консулдугунун ичинде өлтүрүлгөн маалымдаган.


"Ал-Жазира" телеканалы журналист жан берген маалда Сауд Арабиянын башкы консулу окуя орун алган жерде болгонун кабарлады. Сауд Арабиянын мамлекеттик прокурорунун билдирүүсүндө Хашогги аны консулдукта тосуп алган кишилер менен жаңжалдашып, мушташып кеткени айтылат. Сауд Арабия падышалыгы кылмышка 18 киши шектелип жатканын билдирди. Буга байланыштуу министрлер кабинетин жетектеген ханзаада Мухаммад бин Салмандын эки кеңешчиси кызматтан алынды. Алардын бири - чалгын кызматынын төрага орун басары, генерал-майор Ахмед ал-Ассири.


Падышалыктын мамлекеттик маалымат каражаты падыша Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу Хашоггинин окуясын талкуулаганын да билдирди. Түркиянын тергөөчүлөрүндө Сауд Арабиянын консулдугунда Хашоггини кыйнап суракка алып жатканы жазылган аудио бар экени белгилүү болду. Стамбулга атайын учуп келген адамдар Хашоггини суракка алып, кыйнап, өлгөнчө сабап, андан соң анын денесин жиликтеп салган деп болжолдонууда.


Евробиримдиктин өлкөлөрү жана АКШ Сауд Арабияга каршы санкция киргизүүнү талкуулоодо. АКШнын президенти Дональд Трамп эгер журналистти өлтүрүүнүн артында падышалык турганы ачыкталса, Эр-Риядды жазалоого убада берди. (TSh)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus