Ташкент: Ислам академиясынын студенттери хижабдын айынан окуудан айдалды
1999-жылдагы Ташкенттеги бир катар жардыруулардан кийин коомдук жайларда хижаб кийип, сакал коюп жүрүүгө тыюу салынган. Өзбек бийлиги хижаб кийүүгө каршы күрөштү бир нече жылдан бери жүргүзүп келет.
Жакында эле Казакстандын Түркстан облусунун Фирдауси айылындагы орто мектепте да жоолукка байланыштуу чуу чыгып, акыры 203 кыздын 169у жоолугун чечүүгө макул болушту. Алар менен атайын психологдор жана теологдор кирген топ иштеп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.