Советтик армия Чехословакияга басып киргенине 50 жыл толду
Операциянын максаты “Прага жазы” деп аталган реформачыл кыймылдын жана аны ишке ашырууга белсенген чехословак бийлигинин мизин кайтаруу болгон.
Чет элдик аскерлер Чехословакиянын бийлигинин макулдугусуз эле киргизилген. Өлкөнүн армиясына каршылык көрсөтпөөгө буйрук берилген. Советтик армиянын баскынчылыгына каршы жүздөгөн карапайым киши аянтка чыккан. Жүздөн ашуун адам курман болгон. Советтик армия Чехословакияда 1991-жылга чейин калган.
Чехия жана Словакияда бул тарыхый дата кеңири белгиленип жатат. Праганын борборунда эскерүү концерти өтөт. Чех президенти Милош Земан ага катышуудан баш тартты. Чех телевидениеси Словакиянын президенти Андрей Кисканын Братиславада эл алдына чыгып сүйлөгөнүн түз алып көрсөтөт.