Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ленин райондук милициянын тергөөчүсү пара алууга шектелип кармалды

Бишкек шаарынын Ленин райондук Ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү О.А.Ж. ири каражатты опузалап талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы 20-апрелде билдирди. Маалыматка караганда, шектүү алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин токтотуу жана издөөдөн чыгаруу үчүн Кыргызстандын жаранынан 25 миң доллар талап кылган.

УКМК бул факты боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 17-апрелинде анын бөгөт чарасын карап, бир айга камакка алуу чечимин чыгарды.

17-апрелде эле УКМК Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары К.К.И. жана Тергөө кызматынын тергөөчүсү Т.А.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалганын кабарлаган. Тергөө маалыматына ылайык, алар текшерүүнү токтотуу жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу үчүн 2000 доллар талап кылышкан. Шектүүлөр Ички иштер башкармалыгынын имаратында 170 миң сом алып жаткан учурда кармалганы маалымдалган.

Өткөн аптада Бишкек шаарында шектүүнү кармоо учурундагы каршылык көрсөтпөй эле турган кишини жарандык кийимчен кызматкерлер башка-көзгө чаап, тээп кармаганы тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Укук тартибин коргоо органынын кызматкерлеринин бул мамилеси коомчулукта сынга кабылып, чара көрүү талаптары жазылууда.

Ушундан кийин Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкек шаарында шектүүнү кармоо учурунда күч колдонуп, уруп-сабаган милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси ("Бийликтен аша чабуу") боюнча кылмыш иши козголгонун 17-апрелде кабарлаган.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков милиция кызматкерлеринин кармалышы боюнча жергиликтүү маалымат каражаттарына комментарий берип, мындай жагдайларда эң катаал жана принципиалдуу чара көрүлөрүн, кызматы, алган наамы жана мурда жасаган иштери жоопкерчиликтен качууга негиз боло албай турганын айткан.
Кармалгандардын өкүлдөрү комментарий бере элек. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus