Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири Касем Сулеймани АКШ президенти Дональд Трамптын эскертүүсүнө жооп кайтарды. Ал өзү жетектеген "Кудс" элиталык аскердик бөлүгү Трамп айткан "кесепеттерге" каршы турууга даярдыгын билдирди.
"Трамп мырза, бизди коркутканга кантип батынып жатасыңар? Силер согушту баштайсыңар, бирок биз ал согушту аягына чыгарабыз",-деп белгиледи Сулеймани 26-июлда Хамадан шаарындагы кайрылуусунда.
Өткөн жекшемби күнү Ирандын президенти Хасан Роухани Трампты Иранга каршы саясат жүргүзбөөгө чакырып, "от менен ойногон болбойт, өкүнүп каласыңар" деп билдирген. Трамп жооп катары Роуханиге "Твиттер" аркылуу катуу эскертүү берген.
"Эч качан АКШны дагы коркутам дебегиле, антпесе анын кесепетин тартасыңар", - деп жазган Трамп.
Бирок 24-июлда Трамп кайра АКШ "чыныгы келишимди иштеп чыгууга даяр экенин" ишара кылган.
Вашингтон Иран менен дүйнөнүн алты державасы кол койгон өзөктүк келишимден май айында чыгып кеткен. Ал келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын ооздуктап, ал үчүн эл аралык коомчулук бул өлкөгө киргизилген санкцияларды жеңилдетмей болгон.