Өзгөчө балдарга көмөк көрсөткөн “Колдон колго” коомдук уюму Каракол шаарына өз филиалын ачууда. Уюмдан окуган энелердин демилгесин Караколдун мэриясы колдоп, бала бакчадан бир нече бөлмө берди.
Бакчанын имаратын оңдоп-түзөө зарыл болгондуктан коомдун мүчөлөрү жардамга муктаж экенин Бишкектеги “Колдон колго” уюмунан Чолпон Узакбаева “Азаттыкка” билдирди.
Бул уюм аутист балдарды коомго аралаштыруу жаатында көп жылдан бери иш алып барат.
Кыргызстанда аутизм менен жабыркаган балдардын расмий саны жок. (BCh)