Ысык-Көлдө сегиз пансионат жабык турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын өкүлү Жаркынай Амантурова билдирди.
Анын айтымында, инспекция Ысык-Көлдүн жээгиндеги 193 пансионатты май айынын башында текшерип, алардын 60 пайызына ар түрдүү эскертүүлөрдү берген.
- Текшерүүнүн жыйынтыгында "Казак тукуму", "Береке", "Кооператор", "Белек", "Билимдер академиясы", "Телтору", “Соц-Олимп", "Сосновая роща" пансионаттары жабылды. Ал эми булардан тышкары жыл башында даярдыгы начар болуп эскертүү алган эс алуу жайлары азыр кемчиликтерди жоюп, иштеп жатышат, - деди Амантурова.
Ысык-Көлдүн жээгинде жайкы туристтик сезон май айында ачылып, сентябрга чейин уланат. (BCh)