Өзбекстан кыргызстандык айдоочуларга бул өлкөдөгү айрым талаптар тууралуу эскертти.
Кыргызстандын Чек ара кызматы билдиргендей, Өзбекстандын аймагына өзүнүн автомашинасы менен өтө турган кыргызстандык айдоочулар айрым талаптарды эске алышы керек.
Анын негизгиси – терезелери караңгылатылган машиналар чек ара бекетинен өткөрүлбөйт.
Мындай талап Өзбекстандын жол коопсуздугун тескеген мыйзамдарында жазылган.
Автоунаанын алдыңкы, капталындагы жана арткы айнектеринин жарык өткөрүүсү 70 пайыздан аз болуусуна тыюу салынат.
Бул талаптар аткарылбаса өзбек чек арачылары автомашинаны камап коюуга укуктуу.
Эки тарапка каттам татаалдашкан жети жылдай убакыттан кийин былтыр күзүндө кыргыз-өзбек чек арасындагы көзөмол-өткөрмө бекеттери толук ачылган. (RK)