Кыргызстанда Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңеши өтөт
Ага ылайык, саммит быйыл 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтөт. Уюштуруу комитетин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетектейт. Анын курамына өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Чолпон-Ата шаарынын мэри, тиешелүү мекемелердин жетекчилери кирген.
2015-жылы Бишкекте өтчү Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүү буга чейин улам кийинкиге жылдырылып келген. Анын себептерин расмий Бишкек так түшүндүргөн эмес. Серепчилер аны кыргыз-түрк жетекчилеринин мамилесинин сууп кетиши менен байланыштырып келишкен. (КЕ)