Ошто өзбек жаранын барымтага алгандар кармалды
Алгачкы иликтөөнүн маалыматтарына караганда, кылмышка шектүүлөр жабырлануучу И.Тны муунтуп, сабап, кылмышка шектүүлөрдүн биринин үйүндө кармап отурушкан. Алар бул адамды 4-5 жыл мурда кытай жараны менен соода-сатык мамилелери боюнча өнбөгөн карызы үчүн кармап, өзүм билемдик кадамдарга барышканын тергөөдө билдиришкен. Учурда тергөө иштери уланып жатат.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 125-беренесинин 2-бөлүгү ("Кызматтык кылмыштын белгилерин көрсөтпөй, адамды зордоп кармап туруу менен басып жүрүү эркиндигин чектөө") боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. (MdN)