Нью-Йорктун мэри Зохран Мамдани Куран кармап ант берип, кызматка расмий киришти
Жаңы жыл түнүндө Нью-Йорктун шайланган мэри Зохран Мамдани расмий түрдө кызматка киришти. Ант берүү аземи 2026-жылдын алгачкы мүнөттөрүндө Манхэттендеги эксплуатациядан чыгарылган City Hall метро станциясында өттү. Бул шаардагы эң эски станциялардын бири экенин ABC News маалымдады. Ант берүү аземинде Мамданинин жанында жубайы Рама Дуважи болду. Нью-Йорк шаарынын тарыхында алгачкы жолу мэр Куранга кол коюп ант берди. Мамдани бул үчүн чоң атасына таандык Куранды жана Афроамерикалык маданиятты изилдөө... Читать дальше...