9-ноябрдын аба ырайы: Түнкүсүн суук болот
9-ноябрда жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13 Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10 Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14 Ысык-Көл облусунда -4…+1, күндүз 6…11 Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 2…7 градус болот. Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2° суук, күндүз 11…13° жылуу болот.