Израил ХАМАСтын топ башчыларынын бири жок кылынганын билдирди
Израил армиясы (ЦАХАЛ) ХАМАС тобунун (АКШ жана Европа Биримдиги террордук деп жарыялаган) барымтасында каза болгон израилдик келиндин жана анын эки кичинекей баласынын өлүмүнө айыпталган киши жок кылынганын билдирди. 7-июнда жарыяланган маалыматка караганда, ХАМАСтын командирлеринин бири Асад Абу Шарайя 2023-жылдагы кол салуу учурунда согушкерлердин Нир-Оз конушундагы операциясын башкарып турган, 32 жаштагы Шири Бибас аттуу келин жана анын бири төрт жаштагы, экинчиси 9 айлык уулдары ошол учурда уурдалып, кийин үчөө тең өлтүрүлгөн. Читать дальше...