Бишкек шаарында аялды күч менен машинеге салып, алып кетүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу 5-июнда шаардык милициянын Ленин райондук бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, окуя 4-июнь, саат 17:40 чамасында Бишкек шаарынын "Жал" кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө болгон. Ж.У. аттуу жаран өзү тааныш кызды күч менен Honda Fit үлгүсүндөгү унаага салып алып кетүүгө аракет кылган. Унаа жүрүп бара жаткан учурда жабырлануучу секирип түшүп кеткен, жигит ага карабай кызды кайра унаага отурууга мажбурлаган. Читать дальше...