Мэй: Брексит туюкка кептелди
Британиянын премьер-министри Тереза Мэй "Брексит" сүйлөшүүсү туюкка кептелгенин билдирди. Брюссель анын сунуштарынын негизги бөлүктөрүн четке какканын ырастады. Мэйдин планынын өзөгү келечекте Евробиримдик менен жалпы соода эрежесин сактап калуу. Бул «жумшак брексит» катары бааланып, соода алакалары мурдагыдан көп өзгөрбөшү керек дегенди билдирет. Бирок 20-сентябрда Сальцбургдагы саммитте Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск ал план европалык базардын биримдигине доо кетирет деп баалаган.... Читать дальше...