Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Лондон аэропорту "дрондордун чабуулунан" кийин кайра ачылууда

Лондондун "Гэтвик" аэропортунда дрондор каптап учуп келген окуядан кийин аба каттамдары кайра жандана баштады. Британ баш калаасындагы экинчи ири аэропорт 21-декабрдагы билдирүүсүндө азыр учуу тилкелери чектелүү сандагы каттамдар үчүн кайра ачылганын маалымдады. 


Бирок аба майданынын жетекчилиги айрым каттамдар кечигип же токтотулуп калышы мүмкүн экенин эскертип, жүргүнчүлөрдү аэропортко келерден мурда каттамдардын статусун текшерип алууга чакырды. 


19-декабрдын кечинен тартып 50дөн ашык чакан дрондор "Гэтвик" аэропортуна учуп келип, учак каттамдарын үзгүлтүккө учураткан. Натыйжада жетекчилик учуу тилкелерин жабууга аргасыз болгон. 


Британ полициясы жана бийлик өкүлдөрү "Рождество" майрамынын алдында эл эки жакка көп каттап жаткан учурда кимдир-бирөөлөр атайылап эле аэропорттун ишине кедергисин тийгизүүнү көздөгөнүн билдиришкен. 


20-декабрда британ өкмөтү жооптуу адамдарды издеш үчүн армияны полицияга жардам берүүгө чакырган. Британ полициясы аэропорттун аймагына учуп келген дрондорду атып түшүрүүнү көздөп жатканы кабарланган.


Гэтвик кышкы майрамдар маалында күнүнө 115 миң жүргүнчүнү тейлейт. 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus