Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кабулда чабуулда өлгөндөрдүн саны 55ке жетти

Ооган бийлиги Кабулдагы кол салуунун артында тургандарды аныктоо аракетин көрүп жатат. Кеминде 55 кишинин өмүрү кыйылган жардыруу диниятчылардын жыйыны өтүп жаткан чакта болгон.


Шейшемби күнү Уламалар кеңеши Мухамед пайгамбардын туулган күнүн белгилөө үчүн Ооганстандын булуң-бурчунан суннилердин диний аалымдарын Кабулга чакырган.


Бүгүнкү күнгө карай айтылган маалыматка ылайык, бери дегенде 55 киши каза таап, дагы бир топ киши жарадар болду. Коопсуздук органдары бул кандуу терактты ким уюштурганын аныктоо менен алек.


"Талибан" кыймылы жана "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун согушкерлери суннилерди бутага алган учурлар Ооганстанда көп кездешет. Бул ирет талибдер Кабулдагы кол салууга тиешеси жоктугун дароо билдиришти.




Кыймылдын маалымат катчысы Забихулла Мужахид 20-ноябрдын кечинде "Талибан" карапайым кишилерге же диниятчыларга каршы "чабуулдарды айыптайт" деп билдирди.


Ооган президенти Ашраф Гани 21-ноябрда өлкө боюнча аза күтүү  жарыялады.


АКШнын Кабулдагы элчиси Жон Басс “теракт аны кайгыга батырганын” "Твиттерге" жазды.


Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясы “өлкөдөгү жамааттар ушундай маанилүү диний майрамды белгилеп жатканда жардыруу уюштуруу абдан өкүнүчтүү" деп билдирди.


НАТО согуштук операцияларды расмий аяктаган 2014-жылдан бери ооган жергесиндеги коопсуздук начарлап жатат.


 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus