Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Имамдар кайрадан аттестациядан өткөрүлөт

Кыргызстанда имамдар кайрадан аттестациядан өткөрүлөт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов билдирди.


Эргешовдун айтымында, буга чейин мындай аракет 2016-жылы жасалган, бирок имамдардын билим деңгээли өтө эле төмөн болгондуктан аларды адегенде окутуу керек деген чечим кабыл алынган. Үч жылдан бери “Ыйман” фонду менен биргеликте окуу өткөрүлдү.


Эми аттестацияны октябрь айында баштоо пландалып жатат:


- Имамдардын көпчүлүгү аттестациядан өтпөй калат эле. Биз алардын ордуна каяктан алмак элек? Үч жыл аралыгында окутуп даярдадык. Менимче, эми 10-20% гана жооп бере албай калышы мүмкүн.


Эргешовдун айтымында, мыйзам боюнча имамдардын диний жана байистүү (светтик) билими болушу керек. Бирок 2016-жылы аттестация башталганда алардын 80-90% байистүү билими жок экени анык болгон.


“Кээ бирлеринин мектеп деңгээлиндеги да билими жок болчу. Үч жылдан бери биз аларды “Ыйман” фонду менен бирге окуттук.Курандан тышкары мамлекеттик саясат, риторика, “Манас”, каада-салттар деген темаларда окушту” деп кошумчалады Дин комиссиясынын башчысы.


Эргешов окутуу улана берерин, учурда аялдар үчүн тренингдер уюштурулуп жатканын, келечекте башка конфессиялардын өкүлдөрү да окутулуп, диний толеранттуулукту бекемдөө жаатында иш уланарын кошумчалады.


Дин комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2647 мечит, 107 медресе, 10 ислам институту бар. Имамдардын саны 2800дүн тегерегинде.


Жалпысынан өлкөдө 3257 диний уюм каттоодон өткөн. Христиан багытындагылардын саны 399, калгандары башка диндердин өкүлдөрү. (RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus