Башкы прокуратура Конгантиевдин ишинин кыскарышын иликтей баштады
“Молдомуса Конгантиевге Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери ("Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык") менен 2010-жылы козголгон кылмыш иши учурда изилденип жатат. Иш боюнча кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө изилдөөдөн кийин тиешелүү баа берилет”,-деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.
Президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишин иликтеп, анын жыйынтыгына укуктук баа берүүнү 12-июлда тапшырган. Анын алдында Конгантиевге козголгон иш “кылмыш аракети жок” деген жүйө менен кыскарып кеткени ачыкка чыккан. Кийинчерээк муну УКМК да ырастаган.
2010-жылдагы апрель окуяларындагы аракеттерине байланыштуу Конгантиевге козголгон кылмыш ишинин кыскарышын экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров менен экс-президент Роза Отунбаева айыптап чыгышкан.
Башкы прокуратура ал кезде Конгантиевге 2010-жылы “6-апрелдеги басма сөз жыйынында сүйлөгөн сөзү менен 7-апрелде Таласта элге курал колдонулушуна себепчи болгон" деген айып таккан. (ErN)