АКШ менен ЭВФ Украинанын коррупцияга каршы аракеттерин колдоду
Шаршембиде Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Хизер Нойерт 11-июнда кол коюлган мыйзам - “украин эли ыңкылапта талап кылган Европа менен жаркын келечекке жетишине карай маанилүү кадам” экенин айтты.
Ал мындан кийин Жогорку Рада “мыйзамга толуктоо киргизип, ушул тапта каралып жаткан сот иштерин жана жалпы эле мыйзамдык базага таасир эткидей оңдоону тез арада кабыл алышы” зарыл экенин белгиледи.
Мындай чаралар тууралуу ЭВФтин башкаруучу директору Кристин Лагард жуманын башында эскерткен эле. ЭВФ Украинада коррупцияга каршы реформалар ишке ашса 17 жарым миллиард доллар насыя берүүнү караштырат.