Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ноокатта милиция жаш баланы сүзүп кеткен окуя териштирилүүдө (видео)

Ноокат шаарында жаш баланы сүзүп кеткени айтылган милиция кызматкерлеринин үстүнөн кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев “Азаттыкка” билдирди:


- Окуя 20-февралда болгон. Ноокат райондук ички иштер башкармалыгынын ошол күнү кезекте турган кызматкерлери атайын автоунаа менен жолдун четиндеги машинелерди алдырып жүргөн. Алардын айтуусу боюнча көчөнүн жээгиндеги турган тосмодон бир бала секирип өтүп, жолго жүгүрүп чыгыптыр. Ал жерде жөө өтмөк болгон эмес. Бирок бала өтө оор жаракат алган эмес, "ооруканага алып баралы" дешсе, ошол жерден качып кетиптир. Кийин биздин кызматкерлер ал баланын үйүн таап, ата-энеси менен чогуу бейтапканага алып барган. Дарыгерлер текшерсе тизеси сыйрылыптыр, дарылангандан кийин ата-энеси ооруканадан алып кеткен. Азырынча Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери окуя болгон күнү ичимдик ичпегени аныкталды. Бул факты боюнча калган жагдайларды ИИМдин өздүк иликтөө бөлүмү тергеп жатат.


Аширбаевдин айтымында, окуя боюнча көз каранды эмес техникалык экспертиза дайындалган. Ошол экспертизанын жана өздүк иликтөө бөлүмүнүн тергөөсүнүн жыйынтыгына жараша кызматкерлердин жоопкерчилиги каралат. Ал сөз болуп жаткан окуя учурунда кызматтык машинеде канча кызматкер болгонун айткан жок.


20-февралда активист Болот Ибрагимов "YouTube" баракчасына “Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Ноокат райондук башкармалыгынын кызматкерлери баланы сүзүп кетти” деген видео жарыялаган. Анда “MVD 194 B” мамлекеттик номерлүү кызматтык автоунаа бир топ адамдын жанында турганын, кызматкерлер менен жергиликтүү тургундар бир нерсени талашып жатканын көрүүгө болот. Видеого ортодо ыйлап турган бала да түшкөн. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus