Аксыда сел жүрүп, үйлөрдү суу каптады
Бүгүн, 21-майда Аксы районунун Кара-Башат айылында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, айрым үйлөрдү, короолорду суу каптаган. Окуя болгон жерге ӨКМдин райондук бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. 19-майдын кечинде Лейлек районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам бир катар айылдарда сел жүрүп, мал жандыктарды агызып, жолдун бир бөлүгүн бузуп кеткен. 18-майда Ош, Баткен, Жалал-Абад... Читать дальше...