Другие новости Терека и Кабардино-Балкарии на этот час

Терек-Сайда камалгандардын жакындары министрге жардам сурап кайрылышты

Чаткал районундагы Терек-Сай айылындагы кенге байланыштуу камакка алынгандардын жакындары ички иштер министри Кашкар Жунушалиевден абактагылардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууга жардамдашуусун өтүнүштү. Мындай өтүнүчүн алар 17-декабрда аталган айылда министр менен жолугушуу учурунда билдиришти. 


Тургундар кармалгандар жаштык кылып, билбестиктен улам мыйзам бузууга барышканын белгилешти. Алар учурда абакта отургандардын арасында мурда инвесторлорду колдогондор жана жергиликтүү элге жумуш орундарын түзүп берген ишкерлер да бар экенин айтышты.


Кашкар Жунушалиев баары мыйзам чегинде болушу керек экенин, бөгөт чарасын сот чечерин айтты. Министр ошентсе да тургундардын өтүнүчүн мыйзам чегинде кароого аракет кыларын билдирди.


Жолугушууга Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошов, Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты.


Буга чейин Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 15 тургуну “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деген айып менен камакка алынган. Кармалгандар өткөн айда алтын кенин иштеткен аймакта милициянын “Шумкар” атайын багытындагы кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине залал келтиргени кабарланган.


4-декабрда Жалал-Абад облустук соту кармалгандардын бөгөт чарасын карап, алтоону эки айга, тогузун бир айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.


3-декабрда Терек-Сай айылынын 200дөй тургуну айылдын борборуна чогулуп, кармалгандарды бошотууну, аталган ишкананын иштешине уруксат бербөөнү талап кылган. Мындан кийин, 5-декабрда Чаткал районундагы “Эти Бакыр Терексай” алтын ишканасы убактылуу өз ишин токтоткон. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Тереке

Ria.city
Музыкальные новости
Новости Кабардино-Балкарии
Экология в Кабардино-Балкарии
Спорт в Кабардино-Балкарии
Moscow.media



{seg_news123?
|
}




Топ новостей на этот час в Тереке и Кабардино-Балкарии

Rss.plus