Другие новости Терека и Кабардино-Балкарии на этот час

Чаткалдагы нааразылык акциясында үч киши жабыркады

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Терек-Сай айылында кенге байланыштуу жаралган нааразылыкта үч киши жабыркаганы айтылууда. Алардын бирөө жергиликтүү тургун, экөө атайын даярдыктагы отряддын өкүлү. Бул тууралуу “Азаттыкка” жарандык активист Абдыжапар Нурдинов билдирди:


- Уу калдыктарын сактоочу жайлардын курулушуна нааразылык көп жылдан бери эле келатат. Окуя өөрчүп кетпесин деп бул жакка Жалал-Абаддан атайын даярдыктагы отряддын балдарын алып келип көзөмөлдөтүп коюшкан. Эки күн мурда жергиликтүү бир тургундун бирөө жылкысын айдап келейин деп ошол жакка өтөйүн десе, ал жакка өткөрбөй койгон. Ал жер өзү жайыт, жайытка шлагбаум коюп алышкан. Ошол жерде чыр чыгып, жергиликтүү тургунду уруп коюшкан. Ага нааразы болгон тургундар, көбүнчө жаштар көтөрүлгөн. Ал жерде элден качып баратканда бир аскер бутун сындырып, бирөө башынан жараат алыптыр.


Чаткалда кен иштетүүчү компаниялардын ишине нааразылык бир топ жылдан бери көтөрүлүп келет. Буга чейин алар мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго, парламентке, өкмөткө кайрылуу жиберип, Ала-Бука, Чаткал аймагындагы алтын казуучу компаниялардын ишин мамлекеттик деңгээлде текшерүү боюнча демилге көтөрүлгөн. Анда Чаткалдын Терек-Сай аймагына түркиялык "Эти Бакыр" жана "Голден Винге" компаниялары цианид колдонуу менен алтын чайкоочу фабрикаларды кура баштаганы көрсөтүлгөн. Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев эки фабрика курула турганын ырастап, бирок алар экологиялык эрежелерди сактоого кепилдик бергенин айткан болчу.


Аким учурда абал туруктуу экенин “Азаттыкка” кабарлады. Милиция азырынча жооп бере элек. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Тереке

Ria.city
Музыкальные новости
Новости Кабардино-Балкарии
Экология в Кабардино-Балкарии
Спорт в Кабардино-Балкарии
Moscow.media



{seg_news123?
|
}




Топ новостей на этот час в Тереке и Кабардино-Балкарии

Rss.plus