Другие новости Терека и Кабардино-Балкарии на этот час

Иштамберди кенин иштетүүгө каршы чыккандар өкмөт менен жолугат

Ала-Букада Иштамберди кенин иштетүүгө каршы чыккан Кызыл-Токой, Терек-Сай айылынын тургундары бүгүн Бишкекте премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугат. Бул тууралуу нааразы болгондордун өкүлү Мирлан Мырзаев “Азаттыкка” билдирди.


Активисттин айтымында, райондон келген беш адам арыз-муңун жана талаптарын өкмөткө бетме-бет олтуруп жеткирет:  


- Биринчиден, Ала-Букада болуп жаткан нааразылыктардын, окуялардын чын-төгүнүн өкмөткө ачык айтабыз. Анткени ал жакта болгон нерселерди ар кандай бурмалап жатышат. Экинчиден, өкмөт башчыга Ала-Букадагы элдин талаптарын жеткиребиз. Биз негизинен алтын өндүрүүдө завод цианид колдонбосун жана калдык сактоочу жайын жаңыдан жасалуусун талап кылабыз. Үчүнчү талап, ошол жерде иштегендерге компаниянын мамилеси боюнча. Биз мындан сырткары премьер-министрге митингге чыккандарга балдарга карата милиция катаал мамиле кылбасын, кыйнабасын деген маселени коёбуз, - деди Мирлан Мырзаев.


Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Чаткал жолундагы Иштамберди кенин иштетүүгө каршы жергиликтүү тургундар 12-июнда митингге чыккан. 200-300дөй адам ишкана мыйзамсыз иштеп жатканын белгилеп, экологиялык зыяндарын текшерүүнү жана элге компенсация төлөп берүүнү, зыяндуу заттарды колдонууга тыюу салууну, калдыктарды башка жакка чыгарууну талап кылышкан. Эртеси, 13-июнда алар менен өкмөт өкүлдөрү жолуккан.


Буга байланыштуу митингге чыккан 18 адамды 15-июнда милиция Жалал-Абад шаарына облустук ички иштер башкармалыгына алып кеткен. Кечээ, 17-июнда болсо аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, кайра кое берилген.


Иштамберди алтын кенин кытайлык инвесторлорго таандык “Фулд Голд Майнинг” фирмасы иштетет жана анда 600дөй адам иштейт. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Тереке

Ria.city
Музыкальные новости
Новости Кабардино-Балкарии
Экология в Кабардино-Балкарии
Спорт в Кабардино-Балкарии
Moscow.media



{seg_news123?
|
}




Топ новостей на этот час в Тереке и Кабардино-Балкарии

Rss.plus