Другие новости Терека и Кабардино-Балкарии на этот час

Чаткал: Кен компаниялары куруп берген суу түтүктөрү керектен чыкты

Чаткал районунун Башкы-Терек жана Коргон-Сай айылдарына эки жыл мурда кен казуучу компаниялардын эсебинен курулуп, пайдаланууга берилген таза суу түтүктөрү жараксыз болуп калды. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Шекербек Муратбеков бүгүн “Азаттыкка” билдирди.


Анын айтымында, Коргон-Сай айылына 2016-жылы таза суу чыгаруу үчүн элдин суранычы менен “Чанач” кен казган компаниясы 1,8 млн. сом каражат берген. Кийин ал сумма жетпей калгандыктан былтыркы жылы райондун өнүктүрүү фондунан дагы кошумча 2 млн. сом бөлүнгөн.


- Айыл ичине чыгарылган таза суунун түтүктөрү жарылып, колонкалары сынып калды. Райондун акими эл менен жолугушканда "өз көзөмөлүмө алып бүтүрөм" деп убада берген, - деди Муратбеков.


Ушундай эле абал Башкы-Терек айылында. Былтыр 16,7 млн. сомдук курулуш аяктаганы менен таза суу айылга жетпей калды.


Жергиликтүү тургундар буга эч ким жоопкерчилик албай жатканын айтууда.


Чаткал районунун акиминин орун басары Жуманалы Накетаев таза суу долбоору чарбалык эсеп боюнча ашар жолу менен курулгандыктан сметалык долбоорлору түзүлбөгөнүн айтты. Анын сөзүнө караганда, кемчиликтерди жоюу боюнча курулуш жүргүзгөн фирмаларга тапшырма берилди.


Коргон-Сай жана Башкы-Терек айылдарында биригип 210дон ашык түтүн эл жашайт. (RsK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Тереке

Ria.city
Музыкальные новости
Новости Кабардино-Балкарии
Экология в Кабардино-Балкарии
Спорт в Кабардино-Балкарии
Moscow.media



{seg_news123?
|
}




Топ новостей на этот час в Тереке и Кабардино-Балкарии

Rss.plus