Другие новости Соль-Илецка и Оренбургской области на этот час

Нурматов: Москвада миграция кызматкерлерине вирус жуккан

Мамлекеттик миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгүндө айдоочусунан башка бардык кызматкерлерине оору жукканы тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты, «Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Нурматов бүгүн, 14-майда парламентте айтып чыкты:


«Мамлекеттик миграция кызматынын айдоочусунан башка бардык кызматкерлерине оору жугуптур. Алар күнү-түнү мигранттар менен иштеп жатышат. Коронавирус Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө да жуккан деген маалымат бар. Муну мага Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчилиги кабарлады». 


Депутат мигранттар менен иштеп жаткан элчиликтин, миграция кызматынын кызматкерлерине да медиктер менен тең катар акчалай кенемте төлөнүп берилүүгө тийиш деп эсептейт.


Кубанычбек Нурматов сырттагы кыргызстандыктарды колдоо максатында бөлүнгөн 15 млн. сомду кайра карап чыгууну сунуш кылды. Депутат Аалы Карашев да ушундай сунуш киргизди. 


Чет өлкөлөрдөн келе албай калган кыргызстандыктарды алып келүү маселеси коронавирус пандемиясы жарыялангандан бери көтөрүлүп келет. Февраль айынан бери чет өлкөлөрдө мекенине кайта албай калган сегиз миңдей киши Кыргызстанга кайтарылган.


Учурда мекенине кайтууну көздөп, элчиликтерге кайрылган кыргызстандыктардын саны эки миңден ашканы кабарланууда.


Орусиядан, Бириккен Араб Эмираттарынан жана Түркиядан кыргызстандыктарды алып келиш үчүн чартердик каттамдар жалданган.


Орусиянын Соль-Илецк шаарынан мигранттар автобустар менен алынып келген. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Соль-Илецке

Ria.city
Музыкальные новости
Новости Оренбургской области
Экология в Оренбургской области
Спорт в Оренбургской области
Moscow.media










Топ новостей на этот час в Соль-Илецке и Оренбургской области

Rss.plus